28-июнь күнү саат 15:18те Бишкектен 30 чакырым, Кант шаарынан 10 чакырым аралыкта жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, силкинүүнүн күчү Кантта - 3,5 балл, Бишкекте - 3 балл болду.
22-июнда очогундагы магнитудасы 4,4 баллга жеткен жер титирөө Ысык-Ата районунан 8 чакырым алыс аймакта болгону кабарланган.
Сейсмология институту 21-июнда Ысык-Көл облусунун аймагында 3,5 баллга жеткен жер титирөө болгонун маалымдаган.
19-июнда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда очогундагы күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болгон.
23-январга оогон түнү саат 00:09да Кытайдын аймагында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталып, силкинүүнүн толкуну Казакстанда жана Кыргызстанда да катуу сезилген.(ZKo)
Дагы караңыз