Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:31

Харьковдо авиабомба эл жашаган үйгө түштү, каза тапкандар бар


Харьков, Украина. 22-июнь, 2024-жыл
Харьков, Украина. 22-июнь, 2024-жыл

Ишембиде орусиялык күчтөрдүн Харьковду аткылоосунан үч адам каза таап, 30дан ашууну жараат алды.

Шаар мэри Игорь Терехов орусиялык аткылоодон кийин төрт жарылуу болгонун, бир сокку эл жашаган имаратка урулганын кабарлады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский талкаланган үйдүн видеосун жарыялап, Харьковго кол менен башкарылган авиабомбалар ташталганын билдирди.

Соккудан үйдүн жанындагы аялдамага зыян келтирилип, троллейбустан түшүп келе жаткан бир адам каза тапкан.

Орусия менен чектеш Украинанын Харьков облусу акыркы жумаларда тынымсыз соккуга кабылууда. Орусиялык аскерлер кол башкарылуучу авиабомбаларды колдонууда.

АКШ жана бир катар Батыш өлкөлөрү украин аскерлерине Харьковго чектеш орусиялык аймактарды өздөрү берген куралдар менен атууга макул болушкан. Украин президенти Владимир Зеленский акыркы кайрылуусунда өнөктөштөрүнөн орусиялык аэродромдорго сокку урууга уруксат сурады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG