Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:13

WP: Киев чектөөдөн улам орусиялык аэродромдорго чабуул коё албай жатат


Харьков облусунун аткылоодон кийинки абалы.
Харьков облусунун аткылоодон кийинки абалы.

АКШ украин куралдуу күчтөрүнө америкалык курал менен Орусиянын территориясынын чек арадан ары 100 чакырымга чейин гана колдонууга уруксат берди. Бул демек, бомба таштоочу учактар конгон орусиялык негизги аэродромдор атууга болбой турган аймактарда калат дегенди билдирет.

Washington Post бул маалыматты украиналык эки чиновникке таянып билдирди.

АКШнын расмий өкүлдөрү басылма менен сүйлөшүүдө чектөө тууралуу маалыматты тактоодон баш тартты, бирок украин тараптын "100 километрге чейин гана атууга уруксат" деген маалыматы туура эмес экенин айтышты.

"Пентагондун өкүлү АКШ Украинага Орусия тарапка америкалык курал менен атууга уруксат бергенин, бирок аны украин аймактарын ээлеп алуу үчүн келген орусиялык күчтөргө каршы колдонуу керектигин билдирди", - деп жазды Washington Post.

Өз кезегинде Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан PBS менен маегинде "кеп география тууралуу эмес, акыл менен иш кылууда" экенин белгилеп, Украинага өзүн карай чек аранын ары жагынан атып жаткандарга жооп кайтарууга уруксат берилгенин айткан. Мунун өзүндө украин аскерлери аларда "Ак үй жана Пентагон айткан мындай эркиндик" барынан күмөн санап жатканы Washington Post басылмасынын макаласында баяндалат.

Украинанын Коргоо министрлигиндеги маектешине шилтеме берген басылма Орусиянын аймагына америкалык курал менен сокку уруу фронттогу гана абалды өзгөрткөнүн белгиледи. Булактын айтымында, "алыска мээлөө да, куралдын түрлөрү да сокку уруу үчүн жетиштүү эмес".

Буга чейин Bloomberg агенттиги Орусиянын президенти Путиндин чек арада "санитардык зонасын" түзүү опузасына карабай, орусиялык күчтөр Украинадагы курал тартыштыгын колдонуп, Харьков облусунда жаңы фронтту түзө албаганын билдирген. Путин Кремлдин азырынча Харьковду алуу планы жоктугун айткан.

Майдын соңунда Вашингтон Киевге Украинага чабуул койгон орусиялык күчтөргө америкалык курал менен сокку урууга уруксат берген. Киевге Орусиянын аймагындагы объекттерге өз куралдары менен сокку урууга Польша, Дания, Нидерланд баштаган Батыш өлкөлөрү дагы макул болгон.

Жергиликтүү чиновниктер Washington Post басылмасына америкалык куралды колдонуу боюнча өзгөрүлгөн саясат Харьковго орусиялык күчтөрдүн бир нече айга созулган аткылоосунан тыныгуу алганга жардам бергенин айтышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG