Пакистанда белгисиз куралчан адамдардын кол салуусунан каза тапкан журналисттин кесиптештери үч күндүк аза күтүү жарыялап, нааразылык акциясына чыгышканын «Машаал» радиосу жазды. Алар бийликтен кабарчылардын ишинин коопсуздугун камсыз кылууну талап кылышты.
Окуя өлкөнүн түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында 18-июнда болгон. Полициянын маалыматына караганда, Khyber TV пуштун каналында иштеген журналист Халил Афридини белгисиз бирөөлөр машинада кетип бараткан жеринен токтотуп, атып кетишкен. Ал ошол жерден каза болгон, жанында отурган кишилердин бири жараат алган.
Журналисттик ишмердүүлүктөн тышкары жарандык активист катары да таанымал болгон Африди суу каптаган аймактарды кыдырып, репортаж даярдап, үйүнө кайтып келаткан учурда бутага алынган. Азырынча бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө эч ким ала элек.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына 1 миңге чугул киши катышты.
Хайбер-Пахтунхванын Журналисттер ассоциациясынын башчысы Шамс Моманд нааразылык акциясы 21-июнда да өткөрүлөрүн, кабарчылардын коопсуздугу боюнча маселе кайрадан көтөрүлөрүн айтты.
Афридинин жакындары соңку күндөрү ал куралчан топтордун түрдүү коркутуп-үркүтүүлөрүнө кабылып келгенин, 2017-жылы машинасына бомба коюлганын, үй-бүлөсүнө кол салуу болгон окуялар да катталганын билдиришти.
Жергиликтүү жана эл аралык байкоочулар Пакистан журналисттик ишмердүүлүк үчүн эң кооптуу өлкөлөрдүн бири экенин айтып келишет.
Freedom Network эл аралык уюму быйыл 3-майда дүйнөдөгү сөз эркиндигинин абалы боюнча баяндамасында Пакистанды журналисттер жана жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн коркунуч улам көбөйүп келаткан өлкө деп мүнөздөгөн. Уюмдун эсептөөсүнө караганда, 2023-жылдын майы айынан 2024-жылдын апрелине чейинки аралыкта бул өлкөдө кабарчылар түрдүү зомбулукка кабылган 104 окуя катталган, төрт журналист каза болгон.(RK)