Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:35

Франция Арменияга гаубицаларды жеткирүү боюнча келишим түздү


Армениянын коргоо министри Сурен Папикян (солдо) жана Франциянын коргоо министри Себастьян Лекорню (оңдо). 18-июнь.
Армениянын коргоо министри Сурен Папикян (солдо) жана Франциянын коргоо министри Себастьян Лекорню (оңдо). 18-июнь.

Франциянын коргоо министри Себастьян Лекорню Арменияга ЦЕЗАРЬ (CAESAR) гаубицаларын жеткирүү тууралуу келишимге кол койгонун билдирди. Лекорню 18-июнда Парижде Армениянын коргоо министри Сурен Папикян менен болгон жолугушуудан кийин келишимди жарыялап, аны “жаңы маанилүү этап” деп сыпаттады. Бул тууралуу ал Х социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

"Франция Армения менен коргонуу мамилелерин чыңдоону улантууда, Сурен Папикян менен натыйжалуу жолугушуу өткөрдүм: ЦЕЗАРды алуу боюнча келишимге кол коюлду", - деп жазган француз коргоо министри.

ЦЕЗАРЬ — 155 мм 52 калибрдеги өзү жүрүүчү замбирек. Анын снаряддары 50 километрден ашуун жерге жетет. Ал Украинада баскынчы орус күчтөрүнө каршы жүрүп жаткан согушта кеңири колдонулуп, НАТОнун стандарттуу ок-дарыларына шайкеш келет.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян алты жыл мурда бийликке келгенден бери Ереван Орусиядан акырындык менен алыстап, дипломатиялык жана аскерий алакаларын көздөй Батышты көздөй бура берген.

12-июнда Орусия үстөмдүк кылган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) Армения аймактык бирикмеден чыгарын жарыялаган Пашинян Азербайжан Тоолуу Карабакты көзөмөлүнө алган кезде бул уюмга таяна албай койгонун бир нече жолу айткан. Бирикмеде үстөмдүк кылган Москва, өз кезегинде, Арменияны батышчыл позициясы үчүн айыптаган.

Андан мурдараак Армения ЖККУдагы каржылык катышуусун токтотуп жатканын жарыялаган жана бул аскердик бирикмедеги мүчөлүгүн токтоткон.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.

2022-жылы күзүндө Тоолуу Карабакта абал курчуп турганда Ереван Москвадан жана ЖККУдагы башка да өнөктөштөрдөн жардам сураган, бирок эч кимисинен колдоо тапкан эмес. Ошол окуялардан кийин Тоолуу Карабак Азербайжандын карамагына өткөн. (AiA)

XS
SM
MD
LG