Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:23

"Өзүмдү өрттөйүн дедим". Кемпир-Абад иши үчүн камалган Асанбеков


Нурлан Асанбеков сот залында.
Нурлан Асанбеков сот залында.

Өмүрүн адилеттик үчүн күрөшкө арнаган Азиза Абдирасулова “Азаттык” радиосунун адам укуктарына арналган "Адилеттик издейм" подкастын сунуштайт. Укугу бузулган, чындык издеген жарандарга микрофон сунабыз.

"Адилеттик издейм" подкастына Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, кийин саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыккан Нурлан Асанбеков кайрылган. Ал 8-июнга караган түнү өзүн өрттөөгө аракет кылганын жана башка көйгөйлөрү тууралуу айтып, өлкө жетекчилигинен соттун адилеттүү чечимин күтүп жатканын айткан.

Азиза Абдирасулова: Бүгүн бизде конокто Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулардын бири Нурлан Асанбеков болмокчу.

Нурлан Асанбеков: Адилеттик издеп кайрылдым. Кечээки окуялардан кийин айлам кетти. Күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенимди далилдей алган жокмун. Колуман келишинче укук коргоочуларга, акыйкатчыга кайрылып, ооруп, кыйналып жатканыма байланыштуу Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук кызматкерлерине кайрылып жатам.

Подкастты бул жерден угуңуз:
"Өзүмдү өрттөйүн дедим". Кемпир-Абад иши үчүн камалган Асанбеков
please wait

No media source currently available

0:00 0:26:32 0:00

Азиза Абдирасулова: Кемпир-Абад боюнча кылмыш ишине кандай аралашып, жоопко тартылып жатасыз? Сиздин ошол жердеги ордуңуз, ролуңуз кандай?

Нурлан Асанбеков: Социалдык тармактарда түшүнгөндөрү, түшүнбөгөндөрү дагы бар. Ар кандай сөздөрдү айтып жатышат. Кемпир-Абад ишине чейин курулуш тармагында иштегем. Равшан Жээнбеков менен бир жерден таанышып, сүйлөшүп калдык. Өзүнүн сунушу менен анын объектисинде курулуш иштерин бүтүргөм.

Азиза Абдирасулова: Бул канчанчы жылы болгон окуя?

Нурлан Асанбеков: 2019-жылы башталган. Курулуш иштери жүрүп жатканда Р.Жээнбековду түрмөгө камап салышты. Ал жактан чыккандан кийин дарыланды. Ошол учурда көп эле жолуктук, мен акымды сурап жүрдүм.

Азиза Абдирасулова: Бүтүргөн иштин акчасын бериш керек болгон да?

Нурлан Асанбеков: Ооба. Ал киши мага карыз болуп калды. Ошол себептүү бат-бат жолугууга туура келди. "Ана берем, мына берем" деп баш-аягын жыйганча, дагы камалып кетти. Кайра чыкканча дагы күтүүгө туура келди. Түрмөдөн чыкканда кайра жолуктук. Карызын кайсы бир мүлктөрү менен жапты. Кээде азыраак акча берип жатты. Ошентип, мүлктү мага жаздырууну чечкенде, анысы камакка коюлуп калды. Бизди аңдыгандар жолугушуубузду сүрөткө тартып жүрүшкөн экен.

Азиза Абдирасулова: Равшан менен кандай мамиледе экениңерди иликтеп, кызыкпай эле тартып жүрүшкөнбү?

Нурлан Асанбеков: Ооба, “ушул адам менен жолугуп жатат” деп тарта беришкен. Ал кишини Кемпир-Абад окуясы боюнча кармаганда, мени кошо кармашты. 2022-жылы 23-октябрь болчу. Мен саясатчы, блогер же активист эмесмин. Эч бир саясий күчтөргө, саясий партияларга мүчө эмесмин. Президентти, башка бийлик өкүлдөрүн сындаган эмесмин. Пост дагы жазган жок элем. Аккаунтумда дагы эчтеке жок.

Азиза Абдирасулова: Ошондо кандай айып коюлуп жатат?

Нурлан Асанбеков: “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Массалык башаламандыкка чакыруу” беренелери боюнча.

Азиза Абдирасулова: 2022-жылы октябрь айында камаганда үй-бүлөлүк абалыңыз кандай эле? Жалгыз бой атамын дедиңиз. Балдарыңыз менен ким калды?

Нурлан Асанбеков: Үйгө көп кызматкер менен келип, тинтүүгө алышкан. Үйдө жашы жете элек кызым бар болчу. 2022-жылы 22-октябрда жанагы Casa Italia кафесинде жолугушуу болгондо, “ошол жерге сен бардың” деп жатышат.

Азиза Абдирасулова: Бардыңыз беле?

Нурлан Асанбеков: Барган эмесмин. Ал убакта мен дарыланууга келген апамды автобекеттен тосуп алгам. Үйдөн саат үчтөрдө чыккам. Жыйналыш саат ондордо башталыптыр. Апамды тосуп, кайра үйгө келгем. Башка иштер менен жүрүп кечинде келип жатып алгам. Апам 72 жашта болчу. Ооруп жаткан. Жашы жете элек кыздарымдын көзүнчө эртең менен саат сегизде келип, тинтүү жүргүзүп, алып кетишти. Башында түшүнбөй дендароо болдум. Кайра бир сыйра түшүндүрүштү. Адвокат чакырдым. Камап салышты. Биринчи күндөрү аябай кыйналдым. Эң кызыгы, мен тергөө абагында отурганда адвокатым келип: “Кыздарыңдын акчасы жок. Окуусуна төлөй албай жатышыптыр. Банктык картаң ачылбай жатыптыр, чектөө коюшуптур”, - деди. Ошондо “күнөөм жок болсо, эч нерсе кылбасам, камап салганы эмнеси!” деп ызаланып, ачкачылык жарыялдым. Салмагым 90 килограммга жакын болчу, тергөө абагына кирерде тараза 86ны көрсөткөн. 2022-жылы 11-ноябрда шаардык соттун чечими менен үй камагына 62 килограмм болуп чыктым. Суу ичип, жөнү жок бир нерсе кылган жокмун. Ичим ачышканынан, ызаланганымдан ачкачылык жарыяладым.

Азиза Абдирасулова: Үй камагынын дагы шарттары бар да. Белгилүү бир убакытта үйдө болуш керек, сотко, тергөөгө чакырганда барып туруш керек. Сиз тараптан ошол талаптарды бузуу болгон жокпу?

Нурлан Асанбеков: Тергөө убагында ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынан (ГСУ) 200 метр аралыкта жашачумун. Телефон чалар замат барчумун. Сотко эң биринчилерден болуп, жарым саат, кээде бир саат эрте барып, ошол жерде жүрчүмүн. Бир дагы жолу сотко кечиккен жокмун.

Азиза Абдирасулова: Азыр ден соолугуңуз кандай?

Нурлан Асанбеков: Ачкачылык жарыялагандын кесепети ички органдарга тийди. Операция болуп, Мамакеев атындагы ооруканада жаттым. Жеке клиникаларга көрүнүп жүрдүм. Андан кийин денеме ар нерсе чыга баштады. Анын баары нервден экенин айтышты. Толук кандуу иштей албай калдым. Курулуш тармагы бир гана Бишкекте болбойт экен. Аймактан чакыргандарга бара албай жаттым. Кыздарым менен маселе болгондо, кез-кезде сот уруксат берип жатты. Акыркы алты айда башым катуу ооруп, кан басымым көтөрүлдү. Буга чейин неврологиялык клиникада жаткам. Жакын арадан бери документтерди, кагаздарды чогултуп, ооруканага жатууга туура келди.

Жеке ооруканаларга деле жатса болот. Бирок сотко байланыштуу нерселер такталышы үчүн же кагаздар ишке тиркелиши үчүн мамлекеттик ооруканаларга гана жатыш керек экен. Мамлекеттик ооруканага жатыш үчүн өзүнүн шарттары, процедуралары бар. Жергиликтүү бейтапканага көрүнүп, кагаз алыш керек.

7-июнь жума күнү болуп калат. Бейшемби сот болорун билген жокмун. Сотко ооруканага жатышым керектигин айткам. “Чыдап туруңуз” дешти. Бейшемби күнү түшкө маал оорукананын кагаздарын бүтүрүп койгом. Жума күнү ооруканага жатууга туура келди. Жума күнү сот болбойт го дегем. Бирок бир жумада төрт жолу сот коюп койгону үчүн жараян башталып калды... Аябай башым ооруп, жолдон кусуп жаттым. Ооруканага барып, документтеримди тапшырсам, сотко чакырып калышты. Дароо эле сотко келдим. “Кыйналып жатам. Жаным кейип жатат. Дарыланышым керек эле”, - деп сотко айтсам, бошотту. Бардык дары-дармектеримди алып, №6 оорукананын неврология бөлүмүнө жатып, дарылана баштадым.

Азиза Абдирасулова: Демек, алар кабыл алыптыр. Оорунун тарыхын толтуруп, керектүү дарыларды жазып беришти... Толук кандуу эле ооруканага кабыл алындыңыз, ээ?

Нурлан Асанбеков: Ооба. Адвокаттан биринчи күнү дагы сот болорун уктум. Бешинчи, алтынчы, базар күнү дарылансам, биринчи күнү сот болсо, эртең менен дары-дармегимди алып, саат ондо сотко келип, он экиге чейин отуруп, түшкү тамактануу учурунда кайра ооруканага барып дары-дармегимди алып, саат экиде сотко келип калмакмын.

Азиза Абдирасулова: Сотту дагы үзгүлтүккө учуратпай, дарыланууну дагы үзбөй...

Нурлан Асанбеков: Ооба. Баарына ошентип эле түшүндүргөм. Сот жетиде бүтсө, кечки дарыланууга жетишмекмин. Ушундай планга таянгам. Тилекке каршы, саат кечки 10:30да медайым телефонду берип, башкы дарыгерби же орун басарыбы: “Сиз тергөөдө экенсиз. Мага чалып коркутуп жатышат. Ал кылмышкер, тергөөдө жүрөт, силер дагы камалышыңар мүмкүн деп айтышты”, - деди. Дароо кетишим керектигин айтты. “Мен ооруп жатам. Силер өзүңөр дагы көрдүңөр” десем, “билбейм, мага тынччылык керек” деди. Улуу кызым менен жездемди чакырып, саат он бирлерге чукул кийимдеримди, төшөнчүлөрдү алып, үйгө кеттим. Капа кылганы ооруканадан кууп чыкканы аз келгенсип, үйгө келсем, участкалык милиционер чалып: “Сизге бирөөлөр келип акт түзүп кетти”,- деди. “Мен ооруканадамын дебедим беле” десем, “Түшүндүрө алган жокпуз. Сиз саат ондон кийин эшикке чыкпашыңыз керек болчу” дейт.

Азиза Абдирасулова: Үй камагынын саат ондон кийин үйдө болуу шарты боюнча акт түзүлгөн турбайбы?

Нурлан Асанбеков: Ооба. Мен бардыгына “ооруканадамын” деп айттым. Алтынчы күнү кагаз түрүндө адвокат аркылуу бермекмин. Ачуум келип, ыза болдум. Башым чыдатпай ооруп жаткан. Кемпир-Абад иши боюнча эч кандай чогулушка барбаганымды, Вотсап тайпалары болобу, саясатчылардан эч кандай таанышым жоктугун далилдей албадым. Мага каршы далил да жок. “Эми эмне кылышым керек? Мага зомбулук көрсөтө тургандай мамлекетке, бийликке эмне кылдым?” деп, 10 литр бензинди алып, үйүмдүн алдында турганда, участкалык милиционер келип калды. Өзүмдү өрттөйм дедим. Эл ызы-чуу түшүп, кошуналар, журналисттер, милициялар, өрт өчүрүү кызматы - баары келди. Тааныштарым, укук коргоочулар, адвокатым бул жолго барбоого чакырышты. “Баары жакшы болот. Ооруканага жаткызабыз” дешти. Бир саат сүйлөшүүдөн кийин өзүмө өрт коюу оюман кайттым.

Азыр дагы аябай кыйналып жатам. Кечээ, алтынчы күнү, ооруканаларга барсам, дарыгердин жолдомосун сурап туруп алышты. Мендеги дарыгердин жолдомосу №6 ооруканада калган. №4 шаардык ооруканага жөнөтүштү. Республикалык ооруканага дагы бардым. Жатпай эле койдум, мага дарыгердин дайындоосу (назначение) керек болчу. №6 ооруканадан кайсы дарыларды кантип алышым керек экендигин көрсөткөн тизмени дагы бербей коюшту. Эч кандай жардам алган жокмун.

Азиза Абдирасулова: Сиз ичкен дарылар атайын рецепти жок дарыканаларда сатылбайт. Туура түшүндүмбү?

Нурлан Асанбеков: Ооба, рецепт менен сатылат. Ал дарылардын анча-мынчасын №6 ооруканада жатканда сатып алгам. Бирок аны кантип колдонууну билбейбиз. Дарыгердин көрсөтмөсү жок. Анысы жок колдонсок, кандай болот, эч ким кепилдик бере албайт. Биз менен чогуу барган ИИМдин кызматкерлери дагы эчтеке кыла алышпай койду.

Азиза Абдирасулова: Урматтуу окурмандар, ошол күн чын эле Нурлан мырза айткандай, биз түн ичинде келгенбиз. Психологиялык, моралдык жактан абдан жабыр тартканы көрүнүп турган. Биз ошол №6 клиникага кайра алып бардык. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, адвокат болуп, чогуу бардык. Барсак, түнкү ондон өткөндө Нурлан мырза кеткен экен. Анан түнкү саат экиде барганыбызда, кандайдыр бир себептер менен Нурлан мырза жаткан керебет бош эмес болуп чыкты. “Башка бирөө жатат” деп жооп беришти.

Түнкү 23:00дон 02:00го чейин ал жакка ким келип жатты? Эмне себептен кайра кабыл алышкан жок? Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан эки кызматкер биз менен чогуу барды. Өз көздөрү менен көрдү. Өздөрү дагы “жаткызабыз” деп убада бергени менен, эч нерсе кыла албай калышты. Бул нерсе дагы тиешелүү органдар тарабынан иликтениши керек. Себеби медициналык жардам алганга ар бир жаран укуктуу. Медицина кызматкерлери ант беришкен. Ким гана болбосун медициналык жардамга муктаж болгондорго сөзсүз түрдө колдон келген жардамын бериши керек болчу. Бул жагдайга Саламаттык сактоо министрлиги, Башкы прокуратура, Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы тарабынан кандайдыр бир баа берилет деген ойдомун.

Нурлан Асанбеков: Мындайча айтканда, мени кордошту. Же мен иштеп акча таба албайм. Карызым чачтан көп. Кызымдын окуу акысын төлөй албай жатам. Кичүү кызымды дарылата албайм. Мойнума алган жоопкерчиликтерим бар болчу. Бир жерди куруп бере турган аманат бар болчу. Сот процесстеринин жана үй камагынын айынан ишти бүтүрө албайм. Базарлардан, кампалардан карызга курулуш шаймандарын алып иштетчүмүн. Алардын дагы акчасынын кайсы бир бөлүгүн берип, кайсы бир бөлүгүн бере албай жүрөм. Алар мага чалат. Эми көп кыйнашкан жок. Кыйнабаса дагы чалып, сурап жатышат. Камакта отурган маалда насыяларым бар болчу. Камактын айынан мөөнөтүнөн өтүп кетти. Мага азыр эч ким кредит да бербейт. Оорукана мени кабыл албайт. Эч кандай маалымкат беришпейт. Мындайча айтканда, коом өгөйлөгөн кишимин. Кыргызстандын жараны болгонум менен, өлкөмө эч кандай керегим жок.

Азиза Абдирасулова: Үй-бүлөңүз жөнүндө кыскача айта кетсеңиз.

Нурлан Асанбков: Жалгыз бой атамын, эки кызымды жалгыз багып келем. Кичүүсү өзгөчө кыз. Бирок ага майыптуулук алып берген эмеспиз. Майыптыгы бар деп дагы эсептебейм. Басып, сүйлөп кетеринен үмүтүм чоң. Дарыгерлер ДЦП деген диагноз коюшкан. Бирок мен ишенбейм. Тун кызым болсо жакында он алтыга чыгат. 9-классты бүтүп окууга тапшырууда.

Азиза Абдирасулова: Соттон эркиңизден ажыратуу чечими чыгып калса, кыздарыңыздын, апаңыздын тагдыры кандай болот? Аларды кимдерге табыштай аласыз?

Нурлан Асанбеков: Үйгө тинтүүгө келишкенден кийин апамды ооруканага жеткизишим керек болчу. Мени камап салгандан кийин, тилекке каршы, апам өтүп кетти. Кичүү кызымды Ысык-Көлгө, дагы башка жактарга дарыланууга алып барышым керек эле. Аны алып бара алган жокмун - акчамды толук бере албай жатам. Улуу кызымдын окуусуна, кичүү кызымдын дарылануусуна эч пайдам тийбей жатат. Өкүнүчтүүсү ошол болууда.

Мен бир нерсени туура эмес кылсам, кечирим сурайт элем. Бирок эмне кылганым үчүн кечирим сураш керектигин билбейм. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Нургожоевичке жана Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Камчыбек Кыдыршаевичке, ички иштер министри Уланбек Ниязбековго жана Башкы прокуратуранын прокуроруна кайрылат элем. Эгерде мен туура эмес нерсе кылсам, жоопко тартылууга даярмын. Бирок мен эч нерсе кылган жокмун да. Эки жылдан бери кыйнап жатышат. Азыр эмне кыларымды, бул жагдайдан кантип чыгарымды билбей калдым. Эртең мени камап салса, жашы жете элек кыздарым ким менен калат? Карыздарымды кантип берем? Ошого мээм жетпей, башым ооруп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG