Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:32

Маалымат саясаты жана Вотсаптан келген кооптуу коңгуроо


Атай Бейшенбек жана Дайырбек Орунбеков. Коллаж
Атай Бейшенбек жана Дайырбек Орунбеков. Коллаж

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков менен жарандык активист Атай Бейшенбектин WhatsАpp аркылуу жазышкан каты тарап, кызуу талкуу жаратты.

12-октябрдын кечинде Орунбеков Бейшенбекке WhatsАpp аркылуу билдирүү жөнөткөн.

Экөөнүн катынын сүрөтүн жарандык активист Фейсбукка жарыялаган. Анда Орунбековдун "Каматыш керек муну. Астына комментарий жазып. Мисалы кыргыз-өзбек мамилесин буза турган. Анан улут аралык кастыкты козутту деп камап салалы" деп билдирүү жөнөткөнүн көрүүгө болот.

Орунбеков да Фейсбукка түшүндүрмө жазып, активист менен катынын уландысын чыгарып, каматуу боюнча сунуш башка бирөөдөн келгенин, ал Бейшенбекке эскертип коюуну гана көздөгөнүн айткан.

Жарандык активист болсо катты Орунбеков ага адашып жөнөтүп алганын, негизи ал кол астындагыларга тапшырма катары жөнөткөн деген ойдо.

"Ким болсо дагы эки элдин ортосундагы жаңжалды чагылдырып, аны жоопко тартууну сунуш кылган адамга (Орунбековго-ред.) чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына кайрылып, жазага тартышы керек болчу. Анткени ал мамлекеттин маалымат саясатын жүргүзгөн эң биринчи адам. Буга жоопкерчиликтүү мамиле жасашы керек эле. Бирок ал мага бирөөлөр жөнөттү деп кутулуп кеткени - кейиштүү абал".

Презденттин маалымат саясатын тескеген аткаминер менен жарандык активисттин чуулгандуу каты социалдык тармакта да кызуу талкууланып, бул көрүнүш сөз эркиндигине чабуул деп чочулагандар да бар.

"ПолитКлиника" басылмасынын жетекчиси Дилбар Алимова маалымат саясатын тескеген жетекчинин катын "жарандардын эркиндигине коркунуч" деп сыпаттады.

"Маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысынын жарандык активистти коркутканы, аны каматабыз дегени чын болсо, бул өтө жаман көрүнүш. Муну сөз эркиндигине, жарандардын эркиндигине коркунуч катары бааласак болот", - деди Алимова.

"Азаттык" Дайырбек Орунбеков менен байланышып иштин чоо-жайын сураганда, жарандык активистти кызматташууга чакырганын, бирок ал баш тартканын айтып берди.

"Ага өзү сунуштап жаткан мүмкүнчүлүктөрүн, активдүүлүгүн чогуу мамлекет үчүн буралы деген ой-тилек менен кызматташууга чакырдым. Бирок ал жигиттин максаты - азыр биз менен кызматташууну каалабайт экен. Бул анын тандоосу", - деп жооп берди.

Журналист Мырзакат Тыналиев да социалдык тармактын колдонуучуларынын жоопкерчилигин эске салып, бул тирешүүгө чейин жетип жатканын сындады.

"Социалдык тармакка жазып койгон нерсенин баары так, тастыкталган маалымат деп кабыл алынып жатат. Бул жаман көрүнүш. Тигил же бул ушинтип жазыптыр десе, акыркы инстанциядагы чындык деп калышат. Коомдо ар түрдүү, альтернативдүү пикирлер керек. Бирок бул тирешүүгө чейин жетип жатканы туура эмес болуп жатат".

PR-адиси Азим Азимов учурда Кыргызстанда актуалдуу көйгөйлөр көптүгүн, мындай учурда мамлекет башчынын маалымат кызматынын милдет-жоопкерчилиги да жогорулаарына токтолду.

"Бул кызматтагы адамдын иши социалдык тармактарга билдирүүлөрдү жазуу же активисттерге жооп кайтарып, коркутуу эмес. Президенттин аткарып жаткан жумушу тууралуу элге жетпеген маалымат абдан көп. Азыркы кырдаалда чек ара, Кумтөр жана жарандык активисттердин маселелери боюнча коомчулук так маалымат ала албай жүрөт. Мындай көрүнүш нааразы пикирлерди, ушактарды пайда кылат. Ушул жаралган маселелерге президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы жооптуу".​

Дайырбек Орунбеков "Азаттыкка" комментарий бергенде ​"фейк фермалар менен кызматташат" деген сынды да четке какты. "Мындай сөздөр буга чейин да, азыр деле соцтармакта активдүү болгондугум менен гана деп түшүндүрө алам. Учурдан пайдаланып ушундай куру доомат, жалаа жапкысы келгендерди андан алыс болууга чакырат элем. Анын үстүнө мен эч качан пикиримди жымсалдап, жашынган эмесмин. Тигил же бул саясатчыны, ишмерди колдосом да, сындасам да, ачык пикиримди эч кандай фейки жок эле өз атымдан ачык билдирип келгем", - деди Орунбеков.

Юрист Нурбек Токтакунов мыйзам боюнча жарандын социалдык тармактардагы пикир кылмыш ишин козгоого себеп боло албайт дейт. Ал эми Дайыр Орунбеков менен Атай Бейшенбектин экөөнүн тең айтканы боюнча да укуктук баа беришили зарыл деп эсептейт. Анткени билдирүү кимден келгенине карабай, ал жерде кооптуу чакырык болгонун белгиледи.

"Бул үчүн Атай Бейшенбек арыз менен милицияга кайрылышы керек. Эгер анын айтып жатканы чын болсо, Дайырбек Орунбековдун "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп айыптаса болот. Орунбековдун айтканындай болсо, анда ал билдирүү жөнөткөн адамга туура эмес кылганын эскертип, болбосо укук коргоо органдарына кайрылышы керек болчу".

Дайырбек Орунбеков менен блогер Атай Бейшенбектин кайым айтышуусу Бишкекте атайын топ "Азаттыкты", "Клоопту", "Кактусту" жабуу талабы менен акция өткөргөн учурда болду.

13-октябрда “Азаттык Медианын” кеңсесинин алдына 40тан ашуун киши чогулуп, үч медиа каражатынын (ЖМК) жабылышын, бейөкмөт уюмдардын ишинин чектелишин талап кылган. Алар сөз болуп жаткан медиалар туура эмес маалымат таратып жатат деген пикирин билдирип, "чет элдик агенттер" жөнүндөгү мыйзам кабыл алынышы керектигин айтышты.

Акцияда модератор болгон Илимбек Исраилов үч медианы жабылышы үчүн кол топтой турганын, кийинки келгенинде кабарчыларга күч колдонууга чейин барарын айтып, “Азаттыктын” жана “Клооптун”журналисттерин тикелей коркутканга чейин барды.

Андан бир күн мурда, 12-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев депутат Надира Нарматова "Клооп", "Азаттык" жана “Кактус Медиа” ЖМКларын жабуу тууралуу кол топтоп жатканын билдирген. Надира Нарматова бул маалыматты четке кагууда.

Бир катар коомдук ишмерлер, жарандык коом эркин медиа каражаттарга карата бул аракетти кескин сынга алышты. 14-октябрда Кыргызстанда эркин маалымат каражаттарына каршы соңку аракеттерди сынга алган жарандык коом, медиа кызматкерлер Бишкекте жөө жүрүшкө чыгышты.

Алар сөз эркиндигине ар тараптан атайын уюштурулган кысым башталганын эскертип, “Азаттыктын” алдында болгон акцияда журналисттерди опузалагандарды жоопко тартууну талап кылышты.

Дайырбек Орунбеков "Азаттыкка" курган маегинде укуктук мамлекетте “өрттөйм” деген коркутуулар жана башка деструктивдүү аракеттер кабыл алынбай турганын, сөз эркиндиги коом алдындагы чоң жоопкерчилик экенин белгиледи.

Соңку жылдары Кыргызстанда блогерлердин камалып, журналисттерге жана эркин медиага каршы козголгон кылмыш иштери бар. Өткөн жылы Freedom House уюму (FH) Кыргызстанды соңку 11 жылда биринчи жолу “эркин эмес” мамлекеттердин катарына кошту. Ушул жылдын 24-февралында чыккан “Дүйнөдөгү эркиндик-2022” баяндамасында Кыргызстандын көрсөткүчү былтыркыдан дагы бир упайга төмөндөгөн.

Сөз эркиндиги канткенде сакталат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:48:38 0:00
XS
SM
MD
LG