"Салтанат аптасына беш жолу үйдөн тамак жасасын. Баскан-турганын, каерде жүргөнүн бүт айтып турсун. Уруша кетсек эмоциясын бассын…". Куандык Бишимбаев психологдун алдында жубайы, маркум Салтанат Нукеновага ушундай талаптарды койгон.
Казакстандын мурдагы экономика министринин "жеке эрежелерин" 23-апрелдеги сот отурумунда судья Айжан Күлбаева окуп берди.
Бишимбаевдин чөнтөк телефонундагы Телеграм аркылуу жазышуулардын биринде психолог Юлия Герасимова жубайларга “Биз сиздер менен нарциссизм көйгөйүн талкууладык. Бул – өзүн өзү даңазалоого умтулуу, өзүн да, башкаларды да ал каалагандай идеалдуу болушун көзөмөлдөө аракети”, - деген билдирүү калтырган.
Жубайлар психологго кайрылып, үй-бүлөлүк терапиядан былтыр апрель айында өтүшкөн экен.
Нукенованын адвокаты Алия Омарова бул жазышууга таянып, Бишимбаев “нарциссизм шкаласы” деген психологиялык тесттен ортоңку 23 баллдын 22син алганын билдирди.
Психологияда нарциссизм адамдын өзүн башкалардан артык көрүүчү терс өзгөчөлүк катары бааланат.
24-апрелдеги сот отурумунда Бишимбаев тууралуу айтылган дагы бир мүнөздөмө адистердин жана коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурдурду.
Экс-министрге каргаша болгон күнү "көзү ачык" катары кеңеш берген Гүлнара Ережепова аны “тажатма” деп атады.
"WhatsApp аркылуу жазган. Мен аны мас деп ойлоп, анча маани берген эмес элем. Ал "Салтанаттын абалы жакшы деп жазып коюңузчу" деди. Ал ошондой, тажатма киши да. Мен "Менин колумдан эмне келмек эле? Тез жардам чакыргыла, догдурга көрсөткүлө" дедим. Кечке чала берди. Телефонду албай койдум", — деди Ережепова.
Нукенованын өлүмү боюнча соттук териштирүү Астанада өтүп жатат. Ар бир сот отуруму Казакстандын Жогорку сотунун Ютубдагы каналында түз эфирде көрсөтүлүүдө.
Бишимбаевдин көрсөтмө берип сүйлөө манерасы, өзүн алып турганы, процесстин катышуучуларына мамилеси коомчулукта кызуу талкууланып, психолог адистердин талдоосуна алынууда.
Психолог Айжан Мурзатова, мисалы, “Курсив” басылмасына курган маегинде Салтанаттын кордолуп жатканын улам видеого тартканын Бишимбаевдин мыкаачылыгы деп атады:
"Адамды кемсинтүүдөн, анын укугун, кадыр-баркын тебелөөдөн мыкаачылар ыракат алышат”.
"Салтанатты коргоп калуу мүмкүнчүлүгү болгон..."
Нукенова Бишимбаевдин курмандыгына айланганын, андан качып кутулуу такыр мүмкүн эместей сезилгенин, бирок ошондой мүмкүнчүлүк болгонун “Азаттыкка” курган маегинде казакстандык дагы бир психолог Асем Амангелди айтып берди.
- Бишимбаев тууралуу айта турган болсок, - деди Амангелди, - ал абьюзер (курмандыгына зомбулук көрсөткөн адам) экени көрүнүп турат. Ошондой эле ага психопат деген мүнөздөмө берсек болот. Себеби психопат адам курмандыгын кокусунан өлтүрүп албайт, аны узак убакыт бою кыйнап өлтүрөт. Салтанат бул абьюзерден кете албай койгон себеби – ал өзү эмпат адам болгон. Эмпат деп кечиримдүү, жашоону, адамдарды жакшы көргөн, бир аз иллюзия менен жашагандарды аташат. Ал күйөөсү оңолот, өзгөрөт деген ишеним менен жашап келген.
Ал эми абьюзер өзүнүн курмандыгын коё бербейт. Аны менен чогуу жашаган адам маңзаттан көз каранды болгон сыяктуу аны каалап турат, кете албайт, стресстен да, анын өзүнөн да чыга албай калат. Ошондой абалга аны абьюзер жеткирет. Психологияда ушундай мүнөздөлөт.
“Салтанат өзү билимдүү, окуган адам болгон, бирок курмандык ролунан чыга албай калган” деп айтып жатышпайбы. Ооба, себеби Бишимбаев абьюзер болгондуктан мындай адамдардын эң негизги белгиси – алар курмандыгын колунан чыгарбайт, өзүнө көз каранды кылып коюшат. Психологиялык өтө чоң басым болгон, ошого назик жан Салтанат алданып, көнүп, узак убакыт бою жүрө берген.
Ошондуктан, кыз-келиндерге айтарым, реалдуулукта, адамдын чыныгы жүзүн билүүгө аракет кылып, иллюзиядан алыс жашоо керек. “Кызганса, урса демек, сүйөт” деген сөздөргө ишенүү туура эмес. Ошондой абалга туш болгон кыздарга айтарым – ар ким биринчи орунга өзүн койсун.
- Салтанатта ошондой шарт, өзүн сактап калуу мүмкүнчүлүгү, шансы болгонбу, кандай деп ойлойсуз?
- Шанс бардык учурда бар. Салтанатта да болгон. Ал жети-сегиз жолу кетип калган экен. Бирок ичиндегисин ачык айта албай жүрө берген. Ушундай учурда жакын адамдары көбүрөөк көңүл буруп, арачалап алып калса болот. Бирок Салтанатта андай мүмкүнчүлүк аз болгон экен. Себеби, баягы эле абьюзер күйөөсүнүн таасиринен чыга алган эмес. Күйөөсү өзүнө керек учурда жакшы сөздөрдү сүйлөп, кайра кайтарып алчу. Алар психологго да чогуу барышкан экен. Бирок эгер абьюзер адам өзгөрбөй турган болсо, андан жөн гана качуу керек деп айтабыз.
Салтанат эмпат адам болгондуктан аны кечирип, “мени сүйөт, ошондуктан кызганат” деп ойлогон чыгар.
- Сиз жогоруда кыз-келиндер түгөй тандоодо эмнеге көңүл бурса деп азыноолак айттыңыз. Зомбулуктун курмандыгы болуп калбаш үчүн биринчи кезекте эмнеге көңүл буруу зарыл? Алгачкы “коңгуроо” кайсы?
- Биринчиси – эркектин сизге жана ошол эле учурда башкаларга жасаган мамилесинде айырма барбы, ошого көңүл буруу керек. Мисалы, официант, пол жууган жумушчу же кассир сыяктуу өзүнөн төмөн турган адамга мамилеси кандай болууда? Адатта андай учурда алар өктөм сүйлөп, башкача боло калышат, ал эми сизге өтө сылык мамиле жасашат. Бул абьюзердин биринчи белгиси. Өзүнөн алсыз жана өзүнөн күчтүү адамдарга мамилеси ар башка болуп, кубулуп турат.
Мындан тышкары, ал сиздин телефонуңузду алып, текшере башташы мүмкүн, баарынан шекшип. Адатта кыздар ушуну байкабай, “кызганып жатса, демек, мени жакшы көрөт” деп алданып калышат.
Үчүнчүдөн – жанынан чыгарбай, эч жакка кое бергиси келбейт, кызганат, “мен уруксат бергенде гана барасың” деп. Ошентип, өзүнүн шарттарын коюп, акырындап эркиндигиңизди тартып алып, өзүнүн үстөмдүгүн орното баштайт.
Дагы бир өтө маанилүү белгиси – сиз менен жаңыдан мамиле кура баштаганда өтө бир керемет адам көрүнүүгө аракет кылат. Белек тартуулайт, кыскасы, көңүлүңүздү алуу үчүн баарын кылат. Мисалы, жакында эле мага бир келин кайрылды. Күйөөсү жаңы таанышканда таң атпай үйүнөн алып кетип, окуусуна жеткирип, гүл жана шоколад алып берип, бир башкача кооз мамиле жасап, үйлөнгөндөн кийин 180 градус өзгөрүптүр. Ошондуктан, иллюзияга сыйынбай, өтө кылдат байкоо керек.
- Салтанат, аны жакындан тааныгандардын айтымында, психологиялык жактан капаста калгандай эле абалда жашаган экен. Абалы канчалык кооптуу, оор экенин өзү да түшүнбөгөндөй, түшүнсө да эмне кылыш керек экенин билбей калгандай. Ушундай учурда жакындардын, ата-эненин, бир туугандардын мамилеси, позициясы кандай болушу керек?
- Негизи кыз бала мындайда жашырат эмеспи. Бирок Салтанаттын жакындары эч нерсе билген эмес деп айта албайбыз. Себеби, өзүңүздөр билесиздер, Салтанаттын агасы Бишимбаев Жаңы жыл түнү майрамдык дасторконду көңтөрүп салганын сотто айтып берди. Ошондо эле шекшүү пайда болушу керек эле. Тилекке каршы, бизде “Уят болот”, “Ажырашпа”, “Кыз күйөөгө кеткенден кийин кайтып келгени уят”, “Сөөгүң ошол жерден чыксын” деп кызга кичинесинен кулагына куюп айтылуучу сөздөр бар.
Кыздарыбыз “Ата-энемди уятка калтырып саламбы?”, “Алар эмне болот?” деп өзүн тыят. Ошондой учурда ата-эне биринчи орунга кызынын өмүрүн эмес, уятты коюп жаткан болот. Бул туура эмес, ашыкча нерсе.
Бардык учурда баланс керек. Албетте, уят деген учур болот, бирок уят эмес деген, “Бул өмүрдө мен үчүн өзүмдүн өмүрүм, мен өзүм маанилүүмүн” деген мамилени талап кылган жагдай түзүлүшү мүмкүн.
Өмүр деген бир гана келет. Ошол кыска өмүрдө башка бирөөлөрдүн көңүлүнө эмес, биринчи кезекте өз көңүлүңөргө карап жашагыла деп чакырып кетет элем", - деди психолог Асем Амангелди.
Соттук териштирүү
Бишимбаевдин соту 11-мартта башталган. Прокурор белгилегендей, мурдагы министр былтыр ноябрда аялын бир нече саат тынымсыз сабаган. 31 жаштагы Салтанат Нукенова алган жараатынан эсине келбей көз жумган.
30-ноябрда ачылган кылмыш иши “адам өлтүрүү” беренесинен “өзгөчө ырайымсыздык менен киши өлтүрүү” беренесине өзгөртүлгөн.
Куандык Бишимбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда Экономика министрлигин жетектеген. 2018-жылы коррупцияга айыпталып, 10 жылга камалган. Ага Кызылорда айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн бир миллиард теңгени кымырып алган деген айып тагылып, 2019-жылы мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотулган.
Анын аялынын өлүмү Казакстанды нес кылып, зордук-зомбулукка каршы жазаны катаалдатууну талап кылган акциялар башталган. Натыйжада аялды жана баланы кордогондордун жазасын катаалдаштыруу мыйзамы кабыл алынган.