Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:07

Санкт-Петербургдагы көрүстөнгө Евгений Пригожиндин айкели коюлду


Санкт-Петербургдагы Порохов көрүстөнүнө "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын негиздөөчүсү, былтыр августта каза болгон Евгений Пригожиндин айкели ачылды. 1-июнда ал 63 жашка чыкмак. "Бумага" басылмасы эстеликтин ачылышына "Вагнердин" катышуучулары келип гүл коюп, сүрөткө түшүшкөнүн жазды.

Эстелик колодон жасалган, дээрлик адам бою менен тең.


“Вагнердин” негиздөөчүсү Евгений Пригожин жана анын командирлеринин бири Дмитрий Уткин былтыр 23-августта Тверде учак кулаганда каза болгону кабарланган. 18-июнда Пригожин 32 миңдей кишиси Украинадан үйүнө кайтканын, согушта 20 миңдейи өлгөнүн, анын тең жарымы абактан баргандар экенин айткан.

Былтыр Путинге каршы кыска мөөнөттөгү козголоңду баштап чыккандан кийин ыдырай баштаган "Вагнер" тобу Орусиянын Аскердик чалгын башкармалыгынын карамагына өткөнү кабарланган.

Орусиянын жаза өтөөчү жайларында отурган кыргызстандыктарды мурда "Вагнер" компаниясы Украинадагы согушка азгырып келгени белгилүү. "Азаттык" урушта кеминде ондон ашуун кыргызстандык набыт болгонун тактаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG