Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

"Бердибайды араң куткарышты". Түндүк Кавказдагы кулчулук


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дагестан, Чеченстан, Калмыкия, Кубан жана Ставрополдон кулчулукка кабылгандар кайрылып даттанууда: жумуш издеп чарбаларга жана заводдорго барып калган адамдарды тамагын эптеп берип мажбурлап иштетишет.

Эксперттер “Кавказ.Реалии” редакциясына боштондукка чыга алгандардын баянын жана жергиликтүү коопсуздук күчтөрү мындай кылмыштарга эмне үчүн иш жүзүндө көңүл бурбай жатканын айтып беришти.

34 жаштагы Алексей Николайчик менен Дмитрий Зелин ар кандай себептер менен Ставрополго келип калышкан: бири жумуш издеп, экинчиси Украинанын Орусия басып алган Донецк облусуна кайтып бараткан. Алардын айтымында, милиция кызматкерлери Грачевка айылындагы фермада "иштеп берүүнү" сунуштап, болбосо протокол түзөбүз, камакка алабыз деп коркутушкан. Ал жакка барган соӊ “карызсыңар, жол кирени төлөш керек” дешкен.

2023-жылы февраль айында бригадирлер уктап жатканда Дмитрий менен Алексей качып кетишкен. Алар буту ооруп алыска бара албаган Евгений аттуу дагы бир жумушчуга да жардам берүүнү чечишкен. Ошондо ал тигилерге "силер качып кеткенден кийин бригадирлер издеп жөнөдү" деп кабарлаган.

Томск облусунун үй-жайсыз тургуну Евгений Кузнецовду 2022-жылы ноябрда Волгограддын жанында чабан болууга чакырышкан. Бирок жолдо баратканда жалдоочулардын сөзү өзгөргөн: аны Дагестандын Кирпичный айылындагы заводго алып кетишкен. Ал жерде 36 жаштагы Кузнецовго жол кире үчүн 25 миң рубль карызсыӊ деп коюшкан. Заводдо жумушчулардын колуна акча бербей, бекер иштетишчү. Бир күнү түндө Евгений качып кетүүгө үлгүрүп, Минводго жана Ростов облусуна жолулаш машинелер менен жетип алган соӊ, андан ары жакшы адамдардын жардамы менен Москвага кеткен.

Москвадагы вокзалдын аянтында Сергей Бусыгин да жалдоочулардын тузагына илинген. Ошентип, ал Дагестандагы кирпич заводуна келип калган. "Альтернатива" кыймылынын кабарларында жазылгандай, анын да документтерин кожоюн алып, акчасын төлөбөй, жок эле карызды мойнуна илген. Полицияда тааныштарым бар, качып кете албайсыӊ, баары бир кармап келип беришет деп коркутушкан.

Укук коргоо органдары кыйла убакытка чейин мунун баарына көӊүл бурбай коюшу мүмкүн.

Буттарын үшүк алгандыктан Бусыгин ооруканага барууга аргасыз болуп, манжаларын кестирген. Кулчулук баяны коомчулукка угулуп, ага республикадан чыгып кетүүгө, документтерин калыбына келтирүүгө жана баш калкалоочу жайга убактылуу жайгашууга жардам беришти.

Кулчулук, эркиндиктен мыйзамсыз ажыратуу менен байланышкан кылмыш-жаза иштери Түндүк Кавказда дагы эле өтө сейрек козголот деп белгилейт аймакта иштеген юрист. Орусиянын репрессиячыл мыйзамдарынан коркуп, ал өзүнүн атын жашырып коюуну суранды.

Маселен, 2023-жылы Дагестанда жети киши адам уурдоо, бешөө адам сатуу жана бирөө мыйзамсыз эркинен ажыратуу боюнча соттолгон. 2022-жылы адам уурдаганы үчүн 11 адам жана мыйзамсыз эркинен ажыратканы үчүн эки адамга кылмыш иши козголгон. Бул сот статистикасынын маалыматы.

"Жумушчуларды эксплуатациялоо ар дайым башка кылмыштар: бул миграцияны мыйзамсыз уюштуруу, мыйзамсыз иштеп жаткан кирпич заводдору, эмгек мыйзамдарын бузуу, салык төлөөдөн качуу менен да коштолот. Укук коргоо органдары мунун баарына кайсы бир убакка чейин көӊүл бурбай коюшу мүмкүн", - деп түшүндүрдү юрист.

Күч түзүмүндө иштегендердин атын сатып жатышабы?

Жыйырма жылдай мурун Орусияга көчүп келген өзбекстандык 43 жаштагы Алексей Самарин кулчулукка кабылгандар кандай шартта жашап жатканын кеңири айтып берди. 2020-жылы аны Чеченстанда иштөөгө чакырышкан.

Өзүн "ФСБ кызматкеримин" деп тааныштырган иш берүүчү алгач Алексейди апасынын үйүнө алып келип, бир жумадан кийин Надтеречный районундагы мал чарба фермасына өткөрүп берген.

Башында кызматкерге тамак-аш, кийим-кече жана уюлдук телефон үчүн төлөм, ошондой эле айына 10 миң рубль убада кылынган. Чындыгында аны таңкы саат төрттө тургузуп, түн киргенге чейин мал бактырышкан, күнүнө бир гана жолу тамактандырып, сабап, коркутуп, туугандары менен үндү катуу угузган шартта гана сүйлөшүүгө уруксат беришкен. Жакынкы айылдагылар булардын эмне болуп жатканын билишчү, андагы көптөгөн үй-бүлөлөр ферма ээсинин туугандары болгон деп айтылат “Альтернативанын" кабарында.

Таңкы саат төрттө тургузуп, түн киргенге чейин мал бактырып, күнүнө бир маал тамактандырып, сабап, опузалап турушкан.

Оренбург облусунан келген Мухамет Худайбердин борбор калаанын вокзалында тонолгон, анан Ставрополь аймагындагы мал чарба комплексинде иштөө сунушуна макул болгон. Ошентип, Худайбердин Дагестанга жеткирилип, алгач күнөсканада, андан соң Инчхе темир жол станциясынын жанындагы курулушта иштеген. Эки жылдын ичинде ага болгону 30 миң рубль төлөп берилген.

"Альтернатива" кыймылынын маалыматы боюнча, Ставрополь аймагы, Чеченстан жана Дагестандан башка түштүктөгү аймактарда деле жергиликтүү күч кызматындагылар кул ээлерин калкалап келишет. 2023-жылы жай айларында ыктыярчылар өзбекстандык 41 жаштагы Бердибай Акылбековдун окуясын айтып беришкен. Аны өзбекстандык "Истикболли Авлод" коммерциялык эмес уюмунун өтүнүчү менен издөөгө алышкан.

Бердибай Ростов облусунда талаада иштеп жүргөн, жумуш берүүчүлөр анын паспортун жана телефонун алып, качууга аракет кылганда кармап алып, мажбурлап кайтарышкан. Андан соң мигрантты Биринчи Май айылындагы үйдүн курулушуна алып кетишкен. Ыктыярчы милициянын аймактык тескөөчүсү менен көрсөтүлгөн дарекке келгенде, үй кулпуланып турган. Бир аздан кийин укук коргоо кызматкери телефон аркылуу анын унаасында чет элдик жаран бар экенин, аны алып кетүүгө болорун билдирген. Акылбеков менен байланышууга такыр мүмкүн болгон жок – милиционердин убадасына карабай, мигрант депортация борборуна жөнөтүлгөн.

2023-жылы жайында Андрей Зинков Украинага каршы согуштан кайтып келген. Анын айтымында, Дагестандагы досуна барып, аны таба алган эмес. 33 жаштагы бул аскер адамынын да кайтып кетүүгө акчасы жок болгондуктан, "Авито" сайтынан сунушталган жумушка макул болгон. Кожоюну Гарум Жагумов айына 50 миң рубль убада кылып, бирок "жоголуп кетпеши үчүн" паспортун алып койгон. Зинковду үч ай иштетип, акысын төлөбөй коюшкан. Кызматкер өз паспортун уурдап алып, Махачкалага жөө качып кеткен.

Украинага каршы согуштун катышуучусу Михаил (аты өзгөртүлдү – ред.) Калмыкияда кулчулукка кабылган. Эжеси ал 16-ноябрдан тарта чалууларга жооп бербей, 1-январда гана байланышка чыкканын айтты. Андан кийин Михаил фронттон кайтып келгенин Ростов-на-Донудагы мончодо белгилеп, акчасын бүт бойдон коротуп салганын, ошондуктан жол киреге акча иштеп табуу сунушуна макул болгонун айтты. "Альтернатива" кыймылы билдиргендей, бул аскер адамы Калмыкиядагы фермага ушундайча келип калган.

Мурдагы жана азыркы аскер кызматкерлери 2023-жылы кулчулукка эң оңой тартыла баштады деп айтышты атын атагысы келбеген ыктыярчылар “Кавказ.Реалии” кабарчысы менен болгон маекте: "Жылдын аягында аскер кызматкерлери өргүүгө кеткенде же алардын келишимдери аяктап, үйлөрүнө кайтканда, кулчулукка кабылышат. Бизге ушундай бир нече киши кайрылган эле. Мисалы, бир жигитти жумуш үйүнө азгырып, ошол жерде кармашкан. Тузакка илүүнүн дагы бир жолу мындай – станцияларда эркектерди Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө үндөп, бирок алдоо жолу менен кулчулукка алып кетишкен".

"Алар чынжырга байланган эмес да"

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Түндүк Кавказдагы кулчулукка тартуу кылмышына кандай катышары жөнүндө сөз кылганда, ыктыярчы бул байланыштар болушу мүмкүн, бирок аларды ырастоо кыйын деди:

"Чакан конуштарды алсак, адатта участкалык милиция кызматкери элдин баары менен тааныш. Биз алардын түздөн-түз тиешеси бар, аларга акча төлөнөт деп айта албайбыз – андай эмес болушу да толук мүмкүн. Кээ бирөөлөр муну кадыресе көрүнүштөй эле кабыл алышы мүмкүн. Кээде полициячылар түз эле: "Мунун эмнеси бар экен? Аны чынжырга байлап алышкан жок да!" – дешет. Бул жерде ИИМ кызматкеринин түшүнүгү карапайым калктын деңгээлинде экендигин көрөбүз".

Бүт бойдон "калкалагандар" жөнүндө ойдун пайда болушунун дагы бир себеби – кылмыш курамын далилдөө кыйын болгондуктан, күч органдары мындай иштерди териштиргиси келбейт дейт эмгек кулчулугуна кабылгандарга жардам берген маектеш: "Акыркы жылдары күч колдонууга караганда психологиялык зордук-зомбулук көп кездешет, аны далилдөө ого бетер кыйын. Көпчүлүк жерлерде түздөн-түз ур-токмокко албай, жөн гана коркутуп, опузалай беришет".

Кээде полициячылар түз эле: “Мунун эмнеси бар экен? Аны чынжырга байлап алышкан жок да!” – дешет.

"Альтернатива" өкүлүнүн сөздөрүн Орусиянын репрессиячыл мыйзамдарынан сактанып атын атабоону суранган Түндүк Кавказдагы активист тастыктайт: "Полиция кызматкери эмнени көрөт? Эркектер көбүнчө бейкапар, ээн-эркин басып, иштеп, жергиликтүү тургундар менен баарлашып эле жүрүшөт. Аларды күч менен кармап жатканын далилдөө өтө кыйын. Көпчүлүк учурларда мындай жумушчулардын башка аргасы жок – алардын жашай турган жери, кеткенге жол киреси жок. Кандай болгон күндө да, чоочун кишиге караганда бала кезинен бери тааныш болгон жердеши менен мамилеси алда канча жакын болгондуктан, милиционер анын фермасында же кирпич заводунда башкалар иштеп жатканын эрөөн-төрөөн көрбөйт".

2024-жылы апрель айында Ички иштер министрлигинин Ставрополь аймагындагы башкармалыгы кылмыштуу делген топтун мүчөлөрү кармалганын билдирген. Алар адам сатууга, мыйзамсыз миграцияны уюштурууга жана каракчылыкка шек саналууда. Бул иш боюнча он адам бар, алардын төртөө камакка алынды, бешөө үй камагына чыгарылды, дагы бир адамдын бөгөт чарасы айтыла элек. “Кавказ.Реалии” сайтына курган маегинде "Альтернатива" кыймылынын өкүлү Ставрополь аймагы кулчулук эӊ көп жайылган аймактардын бири экенин белгиледи.

  • Жалпысынан алганда, Walk Free эл аралык укук коргоо уюмунун маалыматтары боюнча Орусияда дээрлик 2 миллион адам кул болуп жүрөт. “Кавказ.Реалии” сайты Украинага каршы жапырт согуш башталгандан берки бир жарым жыл ичинде Түндүк Кавказдагы жана Орусиянын түштүгүндөгү кырдаал кандай өзгөргөнүн иликтеп көрдү.
  • 2023-жылы жайында Адыгейде Самара облусунун тургуну Андрей кулчулуктан бошотулган. Ал иштеген күнөскананын ээлери анын айлыгын төлөбөй, иштөөгө мажбурлашкан. Ага "Альтернатива" кыймылынын ыктыярчылары жардам беришкен.
  • Алтай аймагынын 44 жаштагы тургуну Виктор Рыжков Дагестанда кул болуп жүргөн жеринен “Альтернативанын" ыктыярчыларынын жардамы менен бошотулган. Ал Каспийдеги кирпич заводунда иштеген экен. Ал жерден документтерин алып, сабап салабыз, күч органдары менен да байланышыбыз бар деп коркутушкан. Рыжков укук коргоочуларга кайрылган туугандары менен байланышууга жетишкен.

XS
SM
MD
LG