Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:00

Кыргызстанда кулчулукка кабылгандар үчүн баш калкалоочу жай курулат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кулчулук курмандыктары баш калкалай турган жай курулат. Өкмөттүн токтому менен бекитилген планды уюштуруу иши башталды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотов билдирди:

- Ал кимдин базасында болот, ИИМдинби же биздинби, балким жаңы түзүлөбү - ошол маселелерди карап жатабыз.

Маалыматка караганда, мындай жай өлкөнүн түштүгүндө жана түндүгүндө курулушу мүмкүн. Учурда аны каржылоо, донор уюмдарды катыштыруу мүмкүнчүлүгү талкууланып жатат. Кыргызстанда 2018-жылы «Киши сатуу» беренеси боюнча сегиз кылмыш иши козголсо, быйыл жыл башынан бери төрт иш козголгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG