Таласта сел жүрдү, Жалал-Абадда айыл эли эвакуацияланды
Кыргызстандын Талас облусунда да сел жүрүп, Талас районунда өзгөчө кырдаал режими кирди. Жалал-Абадда 100дөн ашык үйдүн короосун суу каптап, Ошто кырсыктын кесепетин жоюу иши жүрүүдө. Ал тапта коңшу Казакстанда сел каптаган аймактарда абал кооптуу бойдон калууда. Жекшембиде Батыш Казакстан облусунун Орол шаарында Жайык дарыясынын деңгээли 8,5 метрден ашты. Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, камактагы Адахан Мадумаровдун адвокаттары Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы шаардык сотко апелляциялык арыз жазбайт.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 20, 2024
2025-жылы Орусиядагы мигранттарды эмне күтөт?
-
Декабрь 19, 2024
Зеленский өнөктөштөрүнө кайрылса, Путин фронт тууралуу айтты
-
Декабрь 18, 2024
Газа: Израилдин соккусу ондон ашык кишинин өмүрүн алды
-
Декабрь 17, 2024
Ташиев төрт жылда мамлекетке 168 млрд сом кайтарылганын айтты