Казакстанда сел каптаган аймактарда абал кооптуу бойдон калууда. Бүгүн 5-апрелде Атырау облусунда Жем дарыясы жээктен чыгып, жанындагы үйлөрдү каптады. Социалдык түйүндөргө жарыяланган видеолордон жергиликтүү тургундарды эвакуациялоого аскер кызматкерлери да тартылып жатканын көрүүгө болот. Кечээ аталган аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланган, айрым жерлерде жол кыймылына чектөө киргизилген.
Актөбө облусунда Магажан дамбасы жарылышы ыктымал деген коркунучтан улам бул аймактагы элди эвакуациялоону тездетиш керек экенин премьер-министр Олжас Бектенов айтты. Ал суу каптаган аймакка барып, жергиликтүү тургундар менен жолукту, өкмөттөн колдоо катары алардын насыя төлөмдөрүнүн мөөнөтүн үч айга узартууну убада кылды. Бул облуста да өзгөчө кырдаал жарыяланган. 800дөй үйдү суу каптады, 9 миңдей киши коопсуз жактарга чыгарылды.
Казакстандын аймагындагы беш дарыяда суунун деңгээлинин жогорулашын коңшу Орусиядагы сел шарттап жатканын айрым жалпыга маалымдоо каражаттары өлкөнүн Суу ресурстары министрлигине таянып жазышты. Аталган дарыялардын башы Орусиянын аймагында жайгашкан. Казакстан Орусиянын Оренбург жана Саратов облустарынын тийиштүү мекемелери менен бул боюнча маалымат алмашып жатканы айтылды.
4-апрелде бир нече күндөн бери сел каптап, өзгөчө кырдаал жарыяланган Батыш Казакстан облусуна өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев барды. Ал аймактагы ташкын абал дагы оорлошу ыктымалдыгына даяр турууга чакырды жана азыркы түзүлгөн кырдаалдан «сабак алуу» керектигин эскертти.
Кар күндүн жылышынан улам тез эрип кеткени, жаан-чачын көп болгону бүгүнкүдөй абалга алып келгенин айткан Токаев кооптуу аймактардан убактылуу көчүрүлгөн жергиликтүү тургундар менен жолугуп, кырдаалды «болуп көрбөгөндөй жаратылыш кырсыгы» деп атады жана жабыркагандардын баарына тийиштүү жардам берилерин убада кылды.
Облус акимчилигинин маалыматына караганда, суу алты райондун жана Орол шаарынын аймагында миңге жакын үйдү каптады, жети миңдей киши эвакуацияланды.
Жалпысынан 26-марттан бери Казакстанда сел каптаган аймактардан 19 миңдей киши коопсуз жерлерге чыгарылды.
Өзгөчө кырдаал Батыш Казакстан, Актөбө, Акмоло, Абай, Костанай облустарынын бир нече район-шаарында жарыяланды.
10 жаштагы бала селде сууга чөгүп кеткенин 3-апрелде “Азаттыктын” казак кызматы Актөбө облусунун Айтекебий районунун акимчилигинин маалыматына таянып билдирген.
Окуя 2-апрелде болгону, бала теңтуштары менен сабактан кайтып келе жатып көчөдө ойноп калганы, ал терең топтолгон сел суусуна түшүп кеткени, жардамга чуркап барган чоң кишилер сактап калууга үлгүрбөгөнү маалымдалган.
23-мартта да ушул эле облустун Ебейты кыштагында төрт жашар наристе кар эригенден кийин топтолгон сууга түшүп кетип, оозу-мурдуна суу кирип, чарчап калганын жергиликтүү "Диапазон" басылмасы жазган.
Абай облусунда төрт киши дайынсыз болууда.
Суунун деңгээли жакында дагы көтөрүлүшү мүмкүн экени эскертилүүдө. Анткени Орусия Оренбург аймагындагы Ирекле суу сактагычынан ашыкча сууну агыза баштаганы кабарланды. (RK)