Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Франция борбор азиялыктарга көзөмөлдү күчөттү


Француз полициячылары. Иллюстрациялык сүрөт.
Француз полициячылары. Иллюстрациялык сүрөт.

28-мартта Франциянын Europe 1 радиостанциясы өз сайтында Орусиядагы кандуу окуядан кийин француз чалгындоо кызматтары өлкө аймагындагы теракт ыктымалдыгына тынчсыздана баштаганы тууралуу жаңылыктарды жарыялады.

Маалыматта Франциянын чалгын кызматы Олимпиада оюндарынын ачылыш күнүндө чабуул ыктымалдыгын минималдаштырууну көздөп жатканы жана негизги көңүлдү Борбор Азиядан келген иммигранттарга бурууну чечкени айтылган.

Бул кабарга Кремлге ыктаган орусиялык сайттар менен блогерлер жана Франциянын ашынган оңчул TVL каналы көңүл бурду.

Europe 1 чалгын кызматына шилтеме берүү менен "Акыркы жумада биз байкоо жүргүзүп жаткандар арасында Борбор Азиядан келген көптөгөн адамдар бар" деп билдирди. Басылма француз чалгын кызматы Кыргызстандын, Түркмөнстандын жана Казакстандын жарандарына көңүл бурууну чечкенин белгилеген.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги бул маалымат расмий ырастала электигин билдирди.

Күн мурун ТАСС агенттиги Europe 1ге шилтеме берүү менен Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманин Пасханы майрамдоо алдында коопсуздук чараларын күчөтүүнү буйруганын кабарлаган.

AFP агенттиги Дарманинге таянып, Пасха майрамында 4530 чиркөө менен собордун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 13 500 полиция жана антитеррордук бөлүктөрдүн аскерлери тартылганын маалымдады.

24-мартта француз бийлиги Москванын четиндеги “Крокус Сити Холлго” кол салуудан кийин террордук коркунуч эң жогорку деңгээлге көтөрүлгөнүн жарыялаган.

XS
SM
MD
LG