Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:04

Аксы окуясында каза болгондордун жакындарына, жабыркагандарга жөлөк пул кайра эсептелди


Аксы окуясында каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга төлөмдөрдүн өлчөмү жогорулагандыгына байланыштуу кайра эсептөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты. Өкмөттүн токтомуна ылайык, кошумча социалдык жөлөкпулдардын бул түрүнүн өлчөмү 3 700 сомдон 4 500 сомго чейин көбөйтүлгөн.

Ушул жылдын март айында жөлөк пул алган 20 кишиге кайра эсептөө менен 186,9 миң сом төлөп берилген.

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты киши курман болгон.

Нааразы болгон эл мурдагы президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөргөндөн кийин камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербеш керек деген талаптар менен чыгышкан. (КЕ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG