Түркия карызды кечти, Кыргызстан бажы жеңилдигин сурады
Бишкекте Эрдогандын кортежин “Ынтымак ордого” атчандар коштоп келди. Түркиянын президенти жаңы курулган бул сарайга алгачкы келген жогорку даражалуу конок. Имарат алдына ардак кароол менен кошо 40 чоронун элесин берген жоокерлер тизилип, эки өлкөнүн гимни жаңырды.
Эки өлкөнүн президенттери чакан курамда жана кеңейтилген жыйын өткөрүп, саясий, экономикалык, коопсуздук, саламаттыкты сактоо, билим берүү, энергетикалык долбоорлор сыяктуу тармактарда меморандум, макулдашууларга кол коюлду.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын жылдык соода жүгүртүүсүн 5 миллиард долларга жеткирүү үчүн Анкарадан айрым жеңилдиктерди сурады.
“Кыргызстан - бүгүнкү күндө Борбор Азияда суу-энергетикалык ресурстарга бай өлкө. Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы 142 миллиард киловатт/саатты түзсө, өлкөнүн суу-энергетикалык ресурстарын өздөштүрүү дарамети 13% гана түзүүдө. Түрк компанияларынын орто жана чакан ГЭСтерди куруу долбоорлоруна катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайм”, - деди Жапаров.
Жапаров Эрдоган менен биргелешкен билдирүүсүндө Түркия Кыргызстандын бардык карызын кечкенин айтты.
Финансы министрлигинин маалымдашынча, Кыргызстандын Түркияга карызы учурда 58,8 миллион долларды түзөт.
Жапаров Түркия Кыргызстанга инвестиция салуу жана экономикалык колдоо көрсөтүү жагынан алдыңкы беш өлкөнүн бири экенин, 1992-жылдан бери Кыргызстанда TIKA уюму аркылуу көптөгөн долбоорлор ишке ашканын эске салды.
Гүлен кыймылына байланышкан маселе козголду
Бишкектеги жолугушууда Режеп Тайып Эрдоган Гүлендин кыймылы боюнча маселе көтөрдү:
“Биздин коопсуздук мекемелерибиздин ортосундагы кызматташтык, техникалык колдоо долбоорлору ийгиликтүү уланып жатат. ФЕТО (түрк бийлиги диний аалым, маркум Фетхулла Гүлендин кыймылын ушинтип атайт - ред.) баштаган террордун ар кайсы түрлөрүнө каршы күрөштүн уланышына ишенем. Бүгүн кол коё турган коопсуздук келишими аркылуу кызматташтыгын дагы да бекемдейбиз деп ишенем".
Соңку сегиз жылдан бери Анкара Бишкекке кайрылып, Гүлендин кыймылына тиешеси бар окуу жайларды, анын ичинен мурдагы “Себат”, азыркы “Сапат” лицейлерин жабууну талап кылып келет. АКШда бозгунда жашап келген түркиялык диниятчы, өз мекенинде 2016-жылы бийликти төңкөрүү аракетине айыпталган Фетхулла Гүлен 20-октябрда 83 жашында көз жумган.
Эл аралык мамилелер боюнча талдоочу, Түркияда жашаган кыргызстандык Нурлан Кангелди буларга токтолду.
“Түркиянын Кыргызстанга болгон талаптарынын бири дагы ушул болгон. Атамбаевдин убагында дагы катуу жооп айтылып, мектептердин айынан эки өлкөнүн мамилеси бузулган. Азыр эми Түркиянын “Маариф” мектептери Кыргызстанда ачылып, көбөйүп жатат. Ошондой эле Кыргызстандагы түрк мектептерин дагы “Маарифге” өткөрүү боюнча сөздөр жүрүп жатат”, - деди серепчи.
"Маариф" демекчи, президент Жапаров Кыргызстандын бардык аймактарында Түркиянын бул билим берүү фондунун мектептерин ачуу боюнча макулдашуу жанданганын билдирди. Азырынча “Маариф” мектептерин аймактарда ачуу шарттары айтыла элек. Ошондой эле “Сапат” мектептеринин тагдыры туурасында дагы ачык кеп боло элек.
Саясат талдоочу Алмаз Кулматов Кыргызстандагы Гүлен кыймылы жана анын билим берүү мекемелери маселеси бара-бара чечилет деп ойлойт.
“Бул азыркы Түркия бийлиги үчүн талылуу маселе. Кыргыз бийлиги адегенде кескин жооп берип, мамиле бузулган. Анан “Сапат” кылып өзгөртүп, маселени жумшартып келе жатышат. Азыр “Маариф” мектептерин аймактарга ачабыз дешти. Бул маселенин бара-бара кесепети азайып баратат. Эми бул маселе бир топко чейин эки өлкө мамилесиндеги факторлордун бири катары кала берет, бирок чечүүчү маселе болбойт. Ушундай шарттар менен азыркы мамлекеттик сапар ишке ашты", - деди Кулматов.
“Маариф” фондунун расмий сайтында 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийин 23 өлкөдөгү Фетхулла Гүлендин кыймылына таандык делген жүздөгөн мектеп түрк өкмөтүнө өткөрүлүп берилгени белгиленет.
Түрк бийлиги 2016-жылы Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан да талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн.
2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн. Анын жетекчиси Орхан Инанды 2021-жылы Кыргызстандан уурдалып, Түркияда соттолгон.
Кыргызстан - Түркия ортосундагы карым-катнаш саясий кызматташтыкка, экономикалык өнөктөштүккө, тарыхый, маданий жана тилдик жакындыкка, билим берүү долбоорлоруна негизделген. Буга акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жаткан аскердик-коргонуу кызматташтыгы да кошулду.
Кыргызстан "Байрактар TB2", "Аксүнгүр" жана "Акынжы" сыяктуу дрондорду алган. Бул дрондордун Кыргызстандын коргонуусу үчүн мааниси чоң болгону, чек ара коопсуздугун камсыздоодо жана аскердик потенциалды жогорулатууда натыйжалуулугун көрсөткөнү белгиленип келе жатат.
Эл аралык мамилелер боюнча талдоочу Нурлан Кангелди кыргыз-түрк мамилеси мындан ары жакшы өнүгөт деп ишенет.
“Бул сапарда Кыргызстанга Түркиянын дөө-шаалары, мамлекеттик деңгээлдеги бардык кызматкерлери барды. Бул Кыргызстан үчүн аябай жакшы нерсе, себеби бизнес, туризм, медицина, айыл чарба сыяктуу бардык министрлер барды. Негизги маселерди Бишкектен чечип алуу керек. Эрдогандын бир өзгөчөлүгү - кайсы маселе болбосун талкуу учурунда дароо чечүүгө аракет кылат. Кыргызстан муну колдонуп калышы керек", - деди.
Соода жүгүртүү
Экономикалык кызматташуу жөнүндө сөз кылсак, Түркиядан Кыргызстанга текстил, курулуш материалдары, электр буюмдары импорттолсо, Кыргызстан кайра айыл чарба жана эт азыктарын экспорттойт.
- Улуттук статистикалык маалыматка караганда, 2022-жылы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмү 629 млн АКШ долларын түзгөн.
- 2023-жылы соода жүгүртүү көлөмүндө айрым өзгөрүүлөр байкалган. Жылдын жыйынтыгы менен жалпы соода жүгүртүү 607 млн долларга жетип, бир жыл мурдагыга салыштырмалуу бир аз төмөндөгөн.
- 2024-жылдын алгачкы сегиз айында болсо, эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 320 млн долларды түздү.
Шерине