Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:50

Элчилик "Крокуста" каза тапканы айтылган кыргызстандык тирүү экенин билдирди


Крокус залдагы окуяда каза болгондорду эскерүү.
Крокус залдагы окуяда каза болгондорду эскерүү.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги “Крокус Сити Холлдогу” окуяда каза болгону тууралуу маалымат тараган кыргызстандык Шерзодбек Тургунбаев тирүү экенин 24-мартта билдирди.

"Элчилик туугандары менен байланышты. Алар аны менен акыркы жылдары кат-кабар алышпаганы белгилүү болду. "Крокуста" 22-мартта иштеген кыргызстандыктардан алынган маалымат боюнча Тургунбаев кырсык болгон жерде иштеген эмес. Акыркы маалыматтарга караганда, ал тирүү, кай жерде экени такталууда", - деп жазылган билдирүүдө.

Буга чейин социалдык тармактарда 22 жаштагы Шерзодбек Тургунбаев кандуу окуяда каза болгону тууралуу кабар тараган. Жергиликтүү маалымат сайттар да анын өлүмү ырасталды деп жазып чыгышкан.

Элчилик “Крокус Сити Холлдогу” окуядан кийин дайыны билинбей жаткан кыргызстандык эки кызды издөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Куралчан белгисиз топ 22-марттын кечинде Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" концерттик залына миңдеген адам топтолгон учурда ок жаадырган.

Кол салууда каза болгондордун саны акыркы маалыматтар боюнча 133кө жетти. (AiA)

XS
SM
MD
LG