Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:57

Молдова Приднестровьедеги шайлоо үчүн орус дипломатын өлкөдөн чыгарды


Кишинев. Иллюстрациялык сүрөт.
Кишинев. Иллюстрациялык сүрөт.

Молдова Орусиянын бир дипломатын өлкөдөн чыгарды. Бул тууралуу 19-мартта Молдованын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлап, буга өзүн Приднестровье жумурияты деп атап алган орусиячыл жикчил аймакта Орусиянын президентин шайлоо уюштурулганы себеп болгонун билдирди.

Орусиянын Молдовадагы элчиси Олег Васнецов министрликке чакыртылып, протест айтылды.

"Орусиянын элчисине элчиликтин кызматкерлеринин бири Молдованын аймагында persona non grata деп жарыяланганы жана ал киши өлкөдөн чыгып кетиши зарыл экени айтылды", – деп билдирди ТИМ.

15-17-март күндөрү Орусияда президенттик шайлоо өткөн. Молдовадагы орусиялыктардын добуш берүүсү үчүн борбор калаа Кишиневдо шайлоо бекети ачылган.

Расмий Кишинев андан башка добушкана ачылышы мыйзамсыз болорун эскерткен.

Бирок ошого карабастан Приднестровьеде алты – Тирасполдо үчөө, Бендеры, Рыбница жана Григориопол шаарларында бирден бекет ачылган. Жергиликтүү «Первый Приднестровский» телеканалы ал добушканалар Орусиянын элчилигинин чечимине ылайык ачылганын маалымдаган.

Бул бекеттер ачылып жатканы тууралуу маалымат чыкканда Молдованын ТИМи элчи Васнецовду чакыртып, "Орусиянын мындай аракети эл аралык укук нормаларына жана принциптерине каршы келерин, Молдованын суверенитетине жана аймактык бүтүндүгүнө шек келтирерин" билдирген.

Украина, Румыния жана Кара деңиз ортосунда орун алган Молдова көп учурда Москва менен Батыштын таасир талашынын чордонунда болуп келген.

Приднестровье 1992-жылдан бери расмий Кишиневго баш ийбейт. 20 жылдан бери ал аймакта Орусиянын 1,5 миңдей аскери кызмат өтөйт.

Кырдаал 2022-жылы Москва Украинага басып киргенден кийин ого бетер курчуду. Бул жылы Приднестровье бийлиги Кишиневду алардын эгемендигин таанып, мамлекет аралык келишимге кол коюуга чакырган. Быйыл февраль айында Приднестровье депутаттары Орусиянын парламентине кайрылып, аларды «коргоо чараларын көрүүнү» өтүнүшкөн.

Молдова 2022-жылдын мартында Еврошаркетке кошулуу арызын тапшырып, ошол эле жылдын июнунда талапкер макамын алган.

Украина согуш башталганда Приднестровье менен чек арасын жаап койгон. (RK)

XS
SM
MD
LG