Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:23

Бишкектеги ыштын кесепети тууралуу документалдык тасманын бет ачары өттү


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

15-мартта Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө “Балачагымдын асманы” аттуу документалдык тасманын бет ачары өттү. Баш калаадагы ыш, унаалардан жана таштанды талаасынан чыккан түтүн, аны кесепети тууралуу тасмада медицина, климат, экология, экономика, курулуш тармагындагы 20дан ашык чет элдик жана жергиликтүү адистердин, окумуштуулардын пикирлери, жүргүзгөн анализдери камтылган.

Тасманы режиссерлору - Сүйүм Сулайманова менен Жуманазар Койчубеков.

"Тасмабызда экосистема жана биоөзгөчөлүк боюнча изилдөө жүргүзгөн, Экономика илимдеринин доктору Рахат Сабырбеков жыл сайын кир, булганч абадан Кыргызстанда 1200дөй киши каза болорун айтып берди. Андан сырткары жаш балдар түрдүү дем алуу органдары ооруларга чалдыгарын, ал оорулар жыл өткөн сайын ракка айланарын дагы бир адис айтат. Экономика жаатындагы адис ыш экономикалык жоготууларга алып келерин изилдеп чыккан экен. Ал мындай тыянакты "шаардагы ыштан кийимиң бат кирдейт. Аны жууш үчүн кир жуугуч каражаттарды сатып аласың. Кир жуугуч машине колдонгондо электр энергия, суу коромжу болот. Мунун баары экологияга зыян алып келет" деп түшүндүрдү. Тасма аркылуу биз смог жок болуп кетпегенин, аны кесепети өтө оор экенин жалпы элге жеткиргибиз келет. Ар бир адам экологияга көңүл буруп, ыш тууралуу чындыкты жакшы билиши керек деп ойлойм", - деди тасманы режиссеру Сүйүм Сулайманова.

Тасмада айтылгандай, баш калааны каптаган ыштын 70% унаалардан, 20% кышында үйлөрдөн, 7-8% ЖЭБден, таштанды талаасынан чыгат.

“Балачагымдын асманы” аттуу документалдык тасмасынын постери.
“Балачагымдын асманы” аттуу документалдык тасмасынын постери.

Алардын катарында Финляндиянын метереология кызматынын жетекчиси Гарри Пьеттарилла, экономика илимдеринин доктору, экосистема жана биоөзгөчөлүк боюна изилдөө жүргүзгөн Рахат Сабырбеков, “МувГрин” экологиялык кыймылынын негиздөөчүсү Мария Колесникова, Жогорку Кеңештин депутаттары, Бишкек шаардык мэриясынын, Бишкек ЖЭБнин адистери, пульмонологдор бар.

Бишкек жана Ош шаарларында акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды. Айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталганда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт. Соңку жылдары дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде Бишкек тизменин башына чыгып жатат.

Февраль айында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек шаарында былтыркыга караганда быйыл ыш кескин азайганын, бул тийиштүү мамлекеттик органдардын бирдиктүү ишинин жыйынтыгы экенин билдирген. Быйыл башка жылдарга салыштырмалуу кыш жылуу болду. (GT)

XS
SM
MD
LG