Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:44

“Кемпирабадчылар” Жогорку Соттун төрагасына жооп беришти


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып тергөө абагында жаткандар. Сүрөттөгүлөрдүн ичинен Бектур Асанов үй камагына чыккан.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып тергөө абагында жаткандар. Сүрөттөгүлөрдүн ичинен Бектур Асанов үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып абакта жаткандар Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун бул иш боюнча айып тагылгандарга байланыштуу акыркы маегине комментарий беришти.

13-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда алар Замирбек Базарбековдун “соттук териштирүүлөрдүн создугуп кетишине камактагылардын өздөрү күнөөлүү экени” жана абактагыларды үй камагына чыгарууга байланыштуу пикирин сынга алышты.

“Замирбек Базарбеков “булар оор кылмышка айыпталып жаткандыктан үй камагына чыгара албайбыз” деп айтты. Бул иш боюнча 27 кишиге айып тагылган. Алардын 17и үй камагында жүрөт го. Болбосо баарыбыздын ишибиз бир да. Замирбек Базарбеков “Бектур Асанов ооруп калгандыктан үй камагына чыгардык” дейт. Эмне биз да Бектур Асановдой болуп коляскага отуруп калганда чыгарабы?”, - деди шектүүлөрдүн бири Илгиз Шаменов.

Замирбек Базарбеков 12-мартта улуттук “Кабар” маалымат агентигине маек куруп, Кемпир-Абад иши боюнча сот узарып жатат деген сындарга жооп берген. Ал кылмыш иши 60 том экенин, кээде шектүүлөр ооруп калып, же адвокаттары келбей териштирүү созулуп кеткенин билдирген. Андан тышкары “шектүүлөргө тергөө коюп жаткан айып оор экенин, эгерде ден соолугуна байланыштуу болсо үй камагына чыгарыларын” кошумчалаган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 11 киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (BTo)

XS
SM
MD
LG