Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

Румынияда чуулгандуу британиялык блогер кармалды


Эндрю Тейт (солдо) менен Тристан Тейт (оңдо). 2023-жыл.
Эндрю Тейт (солдо) менен Тристан Тейт (оңдо). 2023-жыл.

Румынияда британ бийлигинин ордеринин негизинде британиялык мурдагы кикбоксчу жана чуулгандуу блогер Эндрю Тейт кармалды. Бул тууралуу бүгүн 12-мартта анын жактоочусу билдирди.

Маалыматта айтылгандай, анын бир тууганы Тристан Тейт да камакка алынды. Бухарест соту аларды Улуу Британияга экстрадициялашы ыктымал.

37 жаштагы блогерди кармоого Улуу Британияда «сексуалдык агрессия» боюнча 2012-2015-жылдардагы окуяга байланыштуу тергелип жаткан иш негиз болгону белгиленди. Ага-иниге «уюшкан кылмыштуу топ түзгөн, адам аткезчилигине катышкан, зордуктоого барган, кыздарды порнографиялык материал даярдоо үчүн эксплуатациялаган» деген айыптар тагылууда.

Улуу Британиянын жана АКШнын жарандары Эндрю жана Тристан Тейт бул айыптоолорду четке кагышууда.

Алар 2022-жылы декабрда Бухарестте кармалып, үч айдан кийин соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Бухарест сотунун маалыматына караганда, төрт киши топтошуп алып, Румыниядан адамдарды АКШга, Улуу Британияга жана башка өлкөлөргө мыйзамсыз жолдор менен жөнөтүп турушкан.

Интернеттин социалдык түйүндөрүндө миллиондогон катталуучусу бар Эндрю Тейт "аял – эркектин менчиги, ал зордуктоого кабылса, өзү күнөөлүү" деген көз карашын билдирип келген. (RK)

XS
SM
MD
LG