Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:19

"Мексика аркылуу АКШга кирүү - эң кооптуу жол"


 Мексика аркылуу АКШга барган мигранттар. Коллаж
Мексика аркылуу АКШга барган мигранттар. Коллаж

АКШга мыйзамсыз жол менен барган ондогон өзбекстандык мекенине кайтарылды. Мексика аркылуу кирип, Америкадагы миграция борборлорунда кармалып турган өзбек жарандарынын дагы бир тобу АКШ бийлигин сотко берсе, тажикстандыктар ачкачылык жарыялашты.

Мигранттардын арыз-дооматына эмне себеп? Америкадагы чек ара коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сунушталган жаңы чаралар борбор азиялык, анын ичинен кыргызстандык мигранттарга кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

"Азаттыктын" ушул жана башка суроолоруна АКШнын Нью-Йорк шаарында жашап, көп жылдан бери миграция маселесин чагылдырган журналист Марина Соколовская жооп берди.

"Азаттык": Марина, мигранттардын АКШ бийлигин сотко берүүсү канчалык негиздүү жана бул иштин жыйынтыгы кандай болушу мүмкүн?

Марина Соколовская
Марина Соколовская

- Алар өз арызында көрсөткөн дискриминация барбы деп сурап жатасызбы? Келиңиз, бул окуяны ичинен талдап көрөлү. Биринчиден, былтыр күзүндө чек арада борбор азиялыктарды ташып бараткан картель кармалган, алардын ичинде “Ислам мамлекети” террордук уюмунун мүчөсү болгон. Бул окуя Нью-Йорк, Нью-Жерси, Филадельфияда массалык текшерүүлөргө себеп болгон. Бул аймактарда кармалгандар детеншнге же иммиграциялык абакка киргизилип, ушу күнгө чейин чечимди күтүп жатышат. Өзбекстандыктарга болгон мындай мамиле демек, былтыр күздө эле башталган. Ал кезде АКШдагы Өзбекстандын элчилиги өзүнүн сайтында Американын ички коопсуздук боюнча министрлигинин маалыматына таянып, Кошмо Штаттарга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган бардык өзбек жарандары дароо детеншнге киргизилери кабарланган. Муну ошондо эле өзбек жарандарына болгон тандалма мамиле катары сыпатташкан. “Эмне үчүн биз, эмне үчүн өзбектер?” деген суроолор пайда болгон. Ошондо кармалгандар эми АКШ президентин эле эмес, бийликтеги бир катар адамдарды да сотко беришти. Айрымдар бул ишти ийгиликтүү кейс катары сыпаттап атышат. Себеби, жактоочулар арасында буга чейин мурунку президент Трамп менен соттошкондор бар. Ал арызды окуп көрдүм. Мен, албетте, юрист эмесмин, бирок сотто мигранттар жеңерине көп ишенбейм. Дал ошол арызда “өзбек мигранттарын камакка алуу” схемасы иштеп жатканы белгиленет. Мындай түшүнүктү жактоочулар киргизиптир. Негизи мындай схема былтыр күздөгү окуядан кийин бир нече ай бою эле байкалган.

Азыр деле өзбек жарандары арасында АКШга мыйзамсыз кирип жаткандар бар. Алардын баары камалып же детеншнге киргизилип жаткан жери жок. Анткени иммиграциялык убактылуу кармоочу жайларда деле орун чектелүү, баарын батыруу мүмкүн эмес. 35 адамдын арызы боюнча сот иштери башталууда. Бул жакта тез эле чечим чыгат. Апрелдин аягына соңку сот отуруму белгиленген экен. Арыз жазгандар бул иш алардын АКШдан башпаанек суроо боюнча аракеттерине таасирин тийгизет деп ишенип атышат. Бирок, тилекке каршы, арыз жазгандар жана алардын жакындары АКШ мыйзамдары менен жакшы тааныш эмес. Бул арыз эч кандай таасир этпеши мүмкүн.

"Азаттык": Өзбекстандык мигранттар аларга болгон тандалма мамилени да айтып жатпайбы. Муну жүйөлүү дегенге болобу? Же мындай мамилеге түрткү болгон себептер барбы?

- Бул кечээ эле башталган жок. АКШ бийлиги, биринчиден, бул жагдайда өздөрүнө нааразы. Анткени картель же мыйзамсыз чек арадан алып өткөн адамдар мурдатан бери иштеп келгени баарына маалым. 2018-жылы Мексиканын чек арачылары рейстерден массалык түрдө борбор азиялык мигранттарды түшүрүп жатканы кабарланган. Анткени ал учурда АКШ Мексика бийлигинен муну талап кылган. АКШга Мексика аркылуу келе тургандардан виза талап кылынып, бул жагдай Никарагуа аркылуу мигранттарды мыйзамсыз ташыган картелдерди пайда кылат. Ал эми АКШнын санкцияларынан жабыркап келген Никарагуа мыйзамсыз мигранттардын агымы менен Америкага басым көрсөткүсү келген. Ошентип, АКШга мыйзамсыз кирүү жолу пайда болот.

Мексика-АКШ: Каракчылардын торуна түшкөн мекендештер
please wait

No media source currently available

0:00 1:16:26 0:00

"Азаттык": Эми детеншн же түзөтүү борборундагы абалды айталы. Мындан эки апта мурун ачкачылык жарыялаган тажикстандык мигранттар андагы шарттарга нааразычылыгын билдиришкен. Борбордогу мигранттарга болгон мамиле жана кармоо шарттары кандай?

- Мунун баары мигранттар кайда жайгашканынан көз каранды. Айрымдар санаторийдей шарты бар жерге жайгашат. Кайсы бир кармоочу жайлардын шарты адам чыдагыс болушу мүмкүн. Детеншндерди жеке менчик корпорациялар тейлейт. Демек, мунун баары алардын канча акча коротконуна да жараша болот. Кармалгандар арасында ачкачылык жарыялаган учурлар буга чейин көп болгон. Азыр бул көрүнүш чанда кездешет. Январда Луизианадагы андай детеншндердин биринде кармалгандар чуу чыгарган. Тилекке каршы, мындай аракеттер алардын сотто каралып жаткан ишине түздөн-түз терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

"Азаттык": Марина, АКШ иммигранттарды алар каалагандай тосуп алабы? Америка кыялынын артында эмне жатат, мигранттар бул өлкөгө барганда кандай тоскоолдуктарга туш болушат?

- Негизи келгиндерге жакшы эле мамиле кылышат. Бирок бул жактагылардын мамилесине жаңылык, кабарлар таасирин тийгизип коёт. АКШда азыр эки тарап бар. Бири чек аралар ачык экенин айтып, жар салса, экинчи тарап чек арадагы башаламандыкка көңүл бурат. Мигранттарга болгон мамиле акырындан өзгөрүп жатат. Бирок консервативдүү штаттардын тургундары, мисалы, ошол эле Техасты ала турган болсок, чек ара тосмосунан ашып өтүп келген мигрантка салкын мамиле кылары анык. Аризонада же Калифорнияда деле ушул көрүнүш. Ички коопсуздук министри Майоркас өз билдирүүсүндө “Биз иммигранттардын эли эмес, биз биринчи кезекте мыйзамдуулуктун элибиз” деп айтканы бар. Ал ошондо АКШга тосмодогу тешиктен өтүп келбегиле, биз силерди бул үчүн жазага тартабыз деген. Чын эле чара көрүлө баштады. Бирок бул АКШ имигранттардан баш тартып жатканын билдирбейт. Бул өлкө деле адамдарды мыйзамдуу киргизип, кабыл алууну каалайт. Чындыгында Америкада кризис байкалып жатат. Бул кризисти өлкөгө келген 100 миңдеген, керек болсо миллиондогон адам андан ары күчөттү. Мисалы, мен Нью-Йоркто көптөн бери жашайм. Мен жашаган шаарга 100 миндеген иммигранттын келиши терс таасирин тийгизбей койгон жок.

Бирок ошондо деле АКШ эч качан чек арасын жаап койбойт. Жаңы адамдардын, жумушчулардын агымына муктаж. Кеп азыр ал агым кандай жол менен АКШга кирет дегенде болуп жатат. Мен жакында эле миграция боюнча изилдөөнү окуп калдым. Анда соңку жылдары АКШга келген качкындардын канчалык өзгөргөнү сүрөттөлөт. Эгер мурун экономикалык жактан муктаж болгон качкындар келип эле иштегенге даяр болушса, азыркы качкын Америкадан жардам, баш калка сурап келатат. АКШ азыр мурункудай жардам бере ала турган абалда эмес.

Аманбаев: АКШга мыйзамдуу жол менен келгиле
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:59 0:00

"Азаттык": АКШга мыйзамсыз келүүнүн кесепеттери кандай болушу мүмкүн? Мисалы, документтерин мыйзамдаштырууну жылдап күткөндөр да көп эмеспи.

- Мыйзамсыз киргендерди бул жакта эч ким күткөн жери жок. Эгер адам чек араны CBP 1 тиркемеси менен кесип өтсө, ал жок дегенде мыйзамдык негизде баш паанек алганга мүмкүнчүлүк алат. Ал качкын макамын алгандан кийин грин картага же жарандыкка тапшыра алат. Ал эми эч кандай шарты же мүмкүнчүлүгү жок эле тосмодон ашып өткөн адамды жаркын келечек күтпөйт. Адатта андай адамдарга депортациянын убактысын узартып, убактылуу жашаганга уруксат берилиши мүмкүн. Бирок сен өлкөдөн чыгып же кире албайсың. Мыйзамдык укуктарыңды пайдалана албайсың. Бир нече жыл мурун кыргызстандыктардын көрсөткүчү жакшы болчу. Анткени башпаанек сурап келгендердин көбү 2020-жылкы октябрь окуяларынан кийин болгон. Ошол эле кезде аялдардын өлкөдөгү абалы, ЛГБТ же улуттук азчылыктардын өкүлдөрү эске алынган. Мен болжолдуу түрдө кыргызстандыктардын кейстерин билем. А бирок негизги себеп баарыныкы окшош. Иштеп, каражат табуу. АКШ башпаанекти экономикалык жактан каржалып келген иммигранттарга бербейт. Анан андайлар билбестиктен шылуундардын колуна түшүп калат. Ал эми Мексика аркылуу АКШга баруу - аргасыз адам. "Жардам беребиз, өткөрөбүз" дегендер акча табуу максатын гана көздөйт. Мексика аркылуу АКШга кирүү - эң татаал, тобокелдүү. Андан башка кооптуу жол жок.

"Азаттык": Марина, АКШдагы чек ара коопсуздугу боюнча мыйзам долбоору талкууланып, конгресстеги демократтар менен республикачылар тил табыша албай жатат. Бул документ миграция саясатында кандай өзгөрүүлөрду алып келиши мүмкүн?

- Бул абдан сонун документ. Анын алкагында бир топ жакшы сунуштар айтылды. Чек ара кызматы да муну колдоду. Бирок аны республикачылдар колдобой жатат. Болбосо анда мыйзамсыз миграцияга карата катаал чаралар белгиленген. Азыр АКШда чек ара маселеси саясий оюнга айланды. Андагы өзгөрүүлөр Трамптын жеңишине алып келиши мүмкүн. Ал эми бул документте чек арадан өтүүдө атайын чектөөлөр белгиленген. Анткени чек арачылар ар бир өтүп жаткан адамды текшерүүгө жетишпей жатышат. Азыр башпаанек сурап келген 3 миллиондон ашык адамдын иши сотто каралып жатат. Анын баарын карап чыгууга ондогон жылдар керек. Ошондуктан тез арада реформа кылуу зарыл. Жогорудагы документте балдардын укуктары, акысыз юридикалык жардам жана башка сунуштар камтылган. Тилекке каршы, колдоо таппай, азыр талкууга алынбай жатат. Байден Трампка каршы чыгуу максатында чек арадан мыйзамсыз өткөндөргө АКШдан башпаанек алганга тыюу салайын деп жатат. Негизи АКШда миграция саясаты менен президент алектенбейт. Бирок ал бул кадамга барууну көздөп жатканын журналисттер жазып жатышат. Натыйжада картелдердин иши, Никарагуа аркылуу жол натыйжасыз болуп калат. Анткени ал жол менен келген мигрантка башпаанек же качкын макамы берилбей калат.

"Азаттык": АКШда президенттик шайлоонун жыйынтыгы тууралуу азыр айтуу али эрте. Ошентсе да, бул шайлоо өнөктүгү, анын жыйынтыгы мигранттарга карата мамилеге кандай таасирин тийгизет?

- Мен жогоруда айтылган сөздөргө бир аз кошумчалай кетейин. Азыр АКШда жашап жаткандар миграция саясатынан коркпошу керек. Анткени мыйзам мындан кийин келе турган мигранттарга гана тиешелүү болот. Ал эми шайлоонун жыйынтыгы тууралуу айта турган болсок, Трамп 10 миллиондон ашык адамды депортация кылам деп убада берип жатат. Менимче, мынча адамды өлкөдөн чыгаруу мүмкүн эмес. Эгер биз АКШны башкарган акыркы үч президентти, Обама, Трамп же Байденди мисал кыла турган болсок, анда депортациянын саны боюнча биринчиликке Байден чыккан. Обама учурунда 3 миллиондон ашык адам өлкөдөн чыгарылган. Байдендики андан көп. Бул үчилтикте Трамп акыркы орунду ээлейт. Анын бийликке келиши, албетте, кырдаалды оорлотот. Анын келиши менен, тескерисинче, АКШга мыйзамдуу кирүү оорлойт деген кооптонуу бар. Чек араны толугу менен жабуу да мүмкүн эмес. Дагы бир белгилей кетчү нерсе, Трамп көп сүйлөп, аз иш кылат. Учурда миграция маселесин чечүүдө популисттик мамиле жетишсиз. Ошондуктан анын реформа же чоң өзгөрүүлөрдү ишке ашырарына күмөнүм чоң. Мыйзамсыз кирүүнүн арты жакшылык менен бүтпөйт. Бул жабыгуу, чүнчүү, убакыт, акча жана, негизгиси, АКШдан көңүл калуу менен аяктайт. Анткени миграциянын жолу мындай болбошу керек. Өлкөдөн качканга негиздүү себептер болгондо кетиш керек. Эгер экономикалык жагдай гана себеп болсо, мыйзамсыз миграциянын арты жаман экенин эстен чыгарбаңыз. АКШда ушунчалык чоң масштабдагы депортация болуп турат. Чек арадан өтүп, детешнге кирип, соттон утулуп эле кетишиңиз да мүмкүн. Ошол учурда АКШны соттон аэропортко чейин автобус менен алып баратканда терезеден эле көрүшүңүз мүмкүн. Бул абдан өкүнүчтүү. Мен ушуга жол бербегиле деп айтат элем.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG