Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:20

Айдыңдык системаны жактаган Ататүрк “халиф” институтуна азгырылган эмес


Ататүрк – кас душмандарга каршы. 1930-жж карикатура.
Ататүркчүлөрдүн саясий карикатурасында (Түркиядагы) ыңкылаптын жана заманбап реформалардын душмандары баш көтөрүүгө далаалат кылып жатышкандыгы чагылдырылган. 1930-жж.

Мындан 100 жыл илгери жаш Түркия жумуриятында “халиф” институту жоюлган. “Халифаттын” жоюлушун колдогондор да, ага каршы чыккандар да арбын болгон. Башка өлкөлөрдө да халифатты жандандыруунун майнапсыз далаалаттары болгон.

Азыркы мусулман түрк өлкөлөрү айдыңдык башкаруу системасын ырааттуу сактап келишүүдө. Тарыхчынын блогу.

Алгы сөз. Алгачкы төрт халифтин тушундагы Такыбалык халифат

Негизи, мусулмандардын жалпы тарыхында “халифат” сөзү менен байланыштуу өзгөчө барактар бар.

Кээде халифатты чөлкөмдүк деңгээлде да (Дамаск халифаты, Багдад Халифаты, Кордова халифаты), сулале аталышы менен да (Омеййявийлер халифаты, Аббасийлер халифаты, Фатимийлер халифаты) колдонушкан.

Ыйык “Курандын” өзүндө “халиф” деген эч кандай сөз жок. Демек, “халиф” сөзүндө диний мазмун жок деп айта алабыз.

“Халиф” – саясий башкаруу жаатындагы термин. Аны арап тилинде “халифа” (خليفة) деп айтышат. Анын мааниси – “орун басар”.

Бул арапча терминди XVIII кылымда – XX кылымдын башында кыргыз тилинде “калыйпа”, кыскача “калпа” деп да айтышкан. Себеби сопулук (суфийлик) агымдардын башчылары – эшендер – өздөрүнүн орун басарларын да “халифа” деп атап алышкан. Кыргыздар эшендердин орун басарларын “калыйпа”, кыскараак – “калпа” деп аташкан. Кыргыз фолклорунда “эшен-калпа” деген чогуу айтылган сөз айкашы да арбын кездешет.

Мукамбет пайгамбардын көзү өткөн соң, улам кубаттанып келе жаткан жаш мусулман мамлекетин андан ары саясий башкаруу зарылчылыгы дал ушул “халиф” (“орун басар”) деген арапча сөздү саясий сахнага чыгарган.

Халиф, маркум Мукамбет пайгамбардын орун басары катары, анын диний жамаатын гана эмес, жалпы мусулман мамлекетин да башкаруусу керек болгон.

Жалпы мусулмандар тааныган “такыба төрт халифтин” алгачкы экөө – Абубакир (Абу Бакр ас-Сыддык ибн Абу Кухафа ат-Тайми ал-Кураши; 632–634) менен Омор (Умар ибн ал-Хаттаб; 634–644) болгон.

Омор халиф кезинде “амир ал-му’минин” – “момундардын эмири”, б.а. “мусулмандардын өкүмдары” деген титулга ээ болгон. Демек, мусулман өлкөсүндө бир эле учурда ал саясий жана диний жетекчи экендиги баса белгиленген.

Үчүнчү такыба халиф Осмон (Усман ибн Аффан ал-Кураши; 644–656) “Курандын” оозеки айтылып келген сүрөөлөрүн бирдиктүү китеп кылып катка түшүртүү ишин аяктаган. Аны суннийлер “үчүнчү такыба халиф” деп санашат. Бирок ал жемкорлукка байланыштуу деп шектелген өзүнүн айрым иш-аракеттери үчүн кээ бир мусулмандардын нааразылыгын жаратып, акыры ал өзүнө каршы козголоң маалында өлтүрүлгөн.

Анын ордуна халиф болуп шайланган Али (Али ибн Абу Талиб ал-Хашими ал-Кураши; 656–661) – Мукамбет пайгамбардын жакын тууганы жана сүйүктүү күйөө баласы болгон.

Шийи мусулмандар Алини өздөрүнүн биринчи имамы жана Мукамбетке тыгыз байланышкан ыйык киши катары аздектешет. Суннийлер болсо аны тек гана “төртүнчү (акыркы) такыба халиф” санашат.

Айтор, Осмондун кутум маалындагы өлүмүнөн кийин мусулмандардын арасында пайда болгон саясий жик Алинин кутумчулар тарабынан өлтүрүлүшүнөн соң ого бетер ырбап, мусулмандар жамааты айырмалуу мамлекеттерге ыдырап кетишкен (бирок Алини суннийлер “төртүнчү такыба халиф” катары кадырлоосу улантышкан).

Ошентип, алгачкы халифат теократиялык монархиялык мамлекет болгон (халиф бир эле учурда саясий бийликтин да, диний жамааттын да башчыларынан болгон).

Ар кыл халифаттар

Омейявийлер халифаты (661–750) – мусулмандар жиктелгенден кийинки алгачкы ири халифат. Аны сунний халиф Муавиййа (661–680) негиздеген. Ал халифаттын борборун Дамаск шаарына көчүргөн. Түндүк Африка менен Ортоңку Чыгыштын далай аймактарын ээлеп алган бул ири мамлекет тарыхта шарттуу түрдө “Дамаск халифаты” деп да аталат.

Суннийлердин Аббасийлер халифаты (750–1258) өз борбор шаарына байланыштуу “Багдат халифаты” деп да аталып келет. Дал ушул көп этностуу мамлекеттин тушунда илим менен маданияттын өрүшүнө байланыштуу доор тарыхта “исламдык гүлдөп-өсүү доору” деп даңазаланат. Албетте, бул орток маданий өрүш мейкиндиги Багдат халифатынын чектеринен алда канча кеңири мейкиндикти өзүнө камтыган.

Дал ушул халифат маалында саясий бийлик оболу шийилердин Буйи сулалесине (946–1075), андан соң түрк тектүү Селжукийлер сулалесинин сунний мусулман султандарына (1075–1194) өткөрүлүп берилген учурлар да болгон. Бул учурларда халиф тек гана мусулмандардын жалпы диний жамаатынын башчысы деп каралган.

Селжукийлер саясий сахнадан кеткен соң, Аббасийлер халифаты дагы 60 жылдай өкүм сүргөн соң, акыры монгол аскерлеринин жортуулдарынын натыйжасында ойрон болгон.

Фатимийлер халифаты (909–1171) – Түндүк Африканын жана Жакынкы Чыгыштын бир катар чөлкөмдөрүн бийлеген шийи жана исмайили халифаты. Анын акыркы халифин мурдагы вазир, кийин султан Салах ад-Дин (кыргызча Салайдин) тактыдан кулаткан жана өзүнүн Аййубийлер сулалесин негиздеген.

Кордова халифаты – Кордова эмиратынын (756–929) улантылышы болгон. Ал – Европанын түштүк-батышындагы Пиреней (же Иберия) жарым аралындагы мусулмандык мамлекет. Бул халифатка Түндүк Африканын Магриб чөлкөмүнүн айрым аймактары да баш ийген, ал эми христиандык Леон, Наварра падышалыктары алман төлөп турган.

Оболу, 711–718-жылдардагы салгылашуулардан соң, бул аймак Омеййявийлер халифатына караган вилайет болгон. Кийин, 750-жылы бул халифат Ортоңкы Чыгышта ойрон болгон соң, Кордова вилайетине качып келген омеййавий урпагы Абдурахман Биринчи өзүн 756-жылы эмир жарыялаган жана Аббасийлер халифатына баш ийбей тургандыгын билдирген.

Ал эми анын урпагы Абдурахман Үчүнчү 929-жылы өзүн халиф жарыялаган. Анын таялары Испаниядагы баск элинен болгон.

X кылымда – XI кылымдын башында Кордова халифаты Батыш Европадагы илим менен билим өзгөчө жогору өнүгүп турган айырмалуу, көп этностуу, сабырдуу мамлекет болуп, Чыгыш менен Батыштын жандуу илимий көпүрөсүнө айланган.

1031-жылдан кийин Кордова халифаты чакан эмирликтерге бытырап кеткен.

Келгин арап жана башка мусулмандар бара-бара жергиликтүү калайык менен жуурулушкан. Бул кош тилдүү этностун айрым өкүлдөрү “мавр”, “мориск”, “сарацин” деген этнонимдер менен да аталышкан.

Мусулман илим жетишкендиктеринин көп эмгектери тарыхый Андалус аймагында чет-четинен латын тилине которулган.

Осмон султандыгы халифат катары (1517–1924)

Кичи Азия, Жакынкы Чыгыш, Түштүк-Чыгыш Европа, Балкан жана Түндүк Африканын бир катар чөлкөмдөрү баш ийип турган ири континенттер аралык мамлекет – Осмон султандыгы (1299–1022).

Бул мамлекет Борбордук Азияда байырлаган огуз түрктөрүнүн кайы уруусунун өкүлү Осмон бек Эртогрул уулу тарабынан негизделген, ошондуктан аны “Осмон султандыгы” деп аташат.

1453–1683-жылдары Осмон султандыгы ири дөөлөт деңгээлине өсүп чыккан.

Тактыга 1512-жылы отурган султан Селим Биринчи (аны “Йавуз” – “Каардуу” деп да аташкан) төрт жылдын ичинде султандыктын аймагын эки эсеге көбөйткөн. 1517-жлдын апрелинен тартып ал Меке менен Мединанын ачкычына расмий ээ болуп калган. 1517-жылы янврда ал өзүн “халиф” жана “момундардын эмири” деп жарыялаган.

Ушундан тартып Осмон султандыгын “Осмон халифаты” деп дагы шарттуу атап коюшат.

"Керемет кылым" телесериалынын жарнамалык тактасы Стамбулда 2011-жылдын 9-январында жабыркагандан кийинки көрүнүш
Султан Сулаймандын доору тууралуу чагылдырган "Керемет кылым" сериалынын жарнамалык тактасы исламчы делген демонстранттар ыргыткан жумурткалардан жабыркагандан кийинки көрүнүш. Стамбул. 09.1.2011.

Осмон султандыгы Мысырды (Египетти) гана эмес, Түштүк жана Борбордук Европанын бир катар аймактарын да каратып алган жана бир катар европалык падышалыктарга басып алуу коркунучун жараткан. Маселен, 1529–1532-жылдары султан Сулайман эки жолу Вена шаарын камалоого алгандыгы маалым.

Кара деңиздин түндүк боюндагы Кырым хандыгы (1441–1783) да 1478-жылдан – 1774-жылга чейин Осмон султандыгына алым төлөп жана анын аскердик коргоосуна ээ болуп турган.

Биринчи дүйнөлүк согуштун (1914–1918) соңунда Осмон султандыгынын ойрон болушунун акыркы мезгили башталган. Антанта ынтымагынын өлкөлөрү Осмон султандыгынын аймактарын бөлүп алып киришкен.

1919–1922-жылдардагы түрктөрдүн боштондук күрөшү Ататүрк жетектеген эгеменчил күчтөрдүн жеңиши менен аяктап, 1922-жылы 1-ноябрда Осмон султандыгы эгеменчил жумуриятчылар тарабынан расмий жоюлган.

 Абдулмежит Экинчи – Осмон сулалесинин акыркы халифи (1922–1924).
Абдулмежит Экинчи (II. Abdülmecid; 1868 – 1944) – Осмон сулалесинен чыккан акыркы халиф (1922-жылдын 19-ноябры – 1924-жылдын 3-марты).

Убактылуу халиф

Султандын бийлиги жоюлгандыгына карабастан, “халиф” мекемеси дагы 16 ай жашап турган.

Тактыдан түшкөн мурдагы султандардын сулалесинин өкүлү, мурдагы канзаада Абдулмежит Экинчи (II. Abdülmecid; 29.5.1868, Стамбул – 23.8.1944, Париж) бул он алты ай бою халиф даражасында турду. Ошентип, ал Осмон мамлекетинин жалпы тарыхында бир учурда мамлекет башкаруучу султан даражасын эч бир жолу ээлебеген жападан жалгыз халиф болуп калды.

Халиф Абдулмежит Экинчи эгемен Түркия жумуриятын башынан эле колдоп чыккан атуул болгон.

Ал Осмон султандыгынын тарыхында боёк сүрөттү мыкты тарткан кыл калем чебери катары да таанымал болчу. Ал Осмон сүрөтчүлөр коомунун төрагасы катары дагы ири өлкөдөгү көркөм өнөрдү өнүктүрүүдө маанилүү рол ойногон.

Болочокку халиф Абдулмежит II.нин “Гаремдеги Гөте” сүрөтү. 1898.
Болочокку халиф Абдулмежит Экинчинин “Гаремдеги Гөте” аттуу боёк сүрөтүндө (1898) немис акыны Гөтенин чыгармасын окуп жаткан өзүнүн черкес тектүү аялы Шехсувар ханымдын (1881–1945) элеси тартылган.

Арийне, саясий бийликсиз халиф кызматын аркалап калган кезинде ал айрым шектенүүлөрдү жараткан катачылыктарга жол койгон: ал ички-тышкы саясий чөйрөлөр менен эркин баарлашкан. Анын бул жоругу халифтин ишмердигин диний гана чөйрө менен чектегиси келген айдың (секулярдык) жумуриятчылардын нааразылыгын пайда кылган.

Халиф колдонгон мөөрдүн таажы сыяктуу айрым элементтери да мурдагы жеке бийликтин салтын эске салган. Анын үстүнө ал Анкара бийликтеринин европалык орточо узундуктагы этектүү чапан (redingot) кийүү керек деген жаңы талабына каршы кийим кийген учурлары болгону, кээде башына эскиче селде (чалма) чалынгандыгы да назар бурдурган.

1924-жылы 3-мартта Осмон халифаты жаңы телчиге баштаган Түркия жумуриятынын бийликтери тарабынан институт катары биротоло жоюлган.

Ошентип, Улуу Улуттук Жыйын (Büyük Millet Meclisi) тарабынан кабыл алынган “Халифатты жоюу жөнүндөгү мыйзамга” ылайык Абдулмежит Эфенди крапайым гана кишиге айланган.

Маалыматтарга караганда, Мустафа Кемал Ататүрк эгерде “халиф” институту сакталчу болсо, анда ал мындан ары өлкөнүн сырткаркы жактарында гана өкүм сүрүшү керек деп санаган. Ал ливиялык санусийлер сопулук (суфийлик) агымынын башчысы, Түркияда бозгунда жүргөн диниятчы Ахмад Шариф ас-Сануси (1873—1933) мырзага бир гана шарт менен халиф болуу сунушун айткан: бул институт эгемен Түркия жумуриятынын чегинен сырткаркы өлкөдө болууга тийиш.

Ахмад ас-Сануси бул сунушту четке кагып, Осмон султандыгынын негиздөөчүлөрүнүн урпагы Абдулмежит гана халиф болууга тийиш, деп билдирген, дешет.

Ливиялык бул сопу 1924-жылы октябрда Түркия жумуриятынан оболу Сирияга чыгып кетүүгө мажбур болгон. Ахмад ас-Сануси 1933-жылы Медина шаарында каза болгон.

Ататүрк – кас душмандарга каршы. 1930-жж карикатура.
Ататүркчүлөрдүн саясий карикатурасында ыңкылаптын жоолору – (Муссолини баштаган) фашизм, селдечен пан-исламизм, мурутчан пан-түркизм жана кызыл баш кийимчен коммунизм – баш көтөрүүгө далаалат кылып жатышкандыгы чагылдырылган. 1930-жж.

1920-жылдардагы халифатты жандантуу боюнча майнапсыз далаалаттар

Мукамбет пайгамбар өлгөндөн кийин кылымдар бою калыптанган исламдык диний-саясий түшүнүккө караганда, “халифат” – “жалпы дүйнөлүк мусулман мамлекети” болуп саналат.

Түркия жумурияты халифат институтун биротоло расмий жойгон соң, дүйнөнүн ар кыл аймактарындагы мусулман жамааттарынын бир катар өкүлдөрү халифатты калыбына келтирүү далаалаттарын жасашкан.

Мисалы, 1926-жылы Каир шаарында халифатчылардын курултайы өткөрүлгөн. Андан соң Мекеде (1926) жана Иерусалимде (Куддус шаары; 1931) ушул темага арналган жыйындар уюштурулган.

Индиялык мусулман диниятчысы Абул Калам Азад (1888–1958) дагы Түштүк Азиядагы халифатчылар кыймылынын бараандуу өкүлү болгон. Ал “Куранды” урду тилине которуп, түшүндүрмөлөр жазган диниятчы. 1919-жылы ал жана башка мусулман өкүлдөрү ал кезде Улуу Британияга караган Индиянын Лакхнау шаарында жалпы индиялык халифатчылар курултайын уюштурушкан.

Эгерде арап тегиндеги халифатчылардын көпчүлүгү “болочокку халиф арап тегинде жана араптын курейш уруусунан чыккан такыба мусулман болушу керек” деп санашса, индиялык халифатчылар болочокку халифтин этностук теги мааниге ээ эмес, деп санашкан.

Ал эми 1908-жылдан тартып Осмон султандыгынын атынан Мекенин эмири жана шерифи, б.а. Меке менен Мединанын “кадырманы” (“шерифи”) Хусейн ибн Али ал-Хашими (1853–1931) өзүнчө сөз кылууга арзыйт.

Хусейн ибн Али ал-Хашими (1853–1931) /
Хусейн ибн Али ал-Хашими (1853–1931) оболу Осмон султандыгына баш ийген, ал эми 1916-жылдан 1924-жылга чейин Хижаздын падышасы болгон.

Биринчи дүйнөлүк согуш маалында ал Антанта тарапка өткөн. Ал 1916-жылы Осмон султандыгына каршы араптардын көтөрүлүшүн чыгартып, ошол жылы 10-июнда өзүн “Хижаздын падышасы” деп жарыялаган. Аны эгеменчил арап көтөрүлүшчүлөрү эле эмес, Биринчи дүйнөлүк согуш маалында Осмон султандыгына каршы согушкан британдыктар да колдоого алышкан.

Хусейн ибн Али ал-Хашими өзүн жалпы араптардын падышасы деп санаса да, британдык жана француздук бийликтер аны “Хижаздын гана падышасы” деп карашкан. Чөлкөмдөгү башка арап эмирлери да аны менен бийлик бөлүшүүгө каршы болушкан.

1924-жылы март айында Хусейн ибн Али ал-Хашими өзүн “халиф” деп жарыялаган. Бул түзүлүштү “Шериф халифаты” же “Хашимийлер халифаты” деп да атап коюшат.

Жаңы халифтин уулу Абдулла британдык “Манчестер Гардиан” (The Manchester Guardian) басылмасына курган маегинде мындайча сүйлөгөн:

Халифат – бул араб институту. Пайгамбар өзү арап болгон. “Куран” арап тилинде жазылган; ыйык жерлер Арабстанда жайгашкан. Демек, халиф – араптардын курайш уруусунан чыккан киши болушу керек... Эми халифат Арабстанга кайрадан кайтып келди”.

Бирок хижаздык жаңы өкүмдардын дымагын эгемендикке умтулган башка арап төбөлдөрү колдошкон эмес.

Саудиядагы ваххабийлердин өкүлү, Нежд аймагынын эмири Абдул Азиз ибн Сауддун аскер кошуундары Хижазга чабуулга өткөн. Эми британдыктар араптардын ич ара кагылышуусуна бейтарап болуп, эч кийлигишпей коюшту.

1924-жылы 6-октябрда Хусейн ибн Али саудиялык ваххабийлер тарабынан өз тактысынан түшүрүлүп, анын ордуна уулу Али Хижаздын экинчи (жана акыркы) падышасы болуп калды.

1925-жылы 6-декабрда Хижаз падышалыгын (демек. мындагы өзүн өзү халиф жарыялаган бийликти) саудиялык ваххабийлер биротоло ойрон кылышты. Халифат түзүүнүн дагы бир далаалаты, ошентип, майнапсыз аяктады. Хижаз эми Нежд эмиратына кошулуп калды.

Осман Али-хан Бахадур (1888–1967) – Түштүк Азиядагы Хайдарабад бектиги менен “Борбордук дубандар жана Берар” аттуу британдык аймакты башкарып турган өкүмдар (“низам”) эле. Сунний таалимин алган Осман Али-хандын тактыдагы аты – “Асаф Жах Жетинчи”. Ал 1911–1948-жылдары Хайдарабад бектигин башкарган. Бул бектик кийин эгемен Индия жумуриятына бириктирилген.

Осман Али-хандын уулу Азам Жах Осмон султандыгынын акыркы султаны Абдул Межит Экинчинин кызы Дүррүшехвар-султан айымга үйлөнгөн.

Осман Али-хандын дагы бир уулу – Моаззам Жах болсо Осмон султаны Мурат Бешинчинин чөбөрөсү Нилүфер-Султан айымга үйлөнгөн.

1924-жылы Осман Али-хан Бахадур өзүн халиф жарыялоо ниетинде болгон, бирок андан ары чечкиндүү кадамга барууга батынган эмес.

Кийинчерээк да дүйнөнүн ар башка аймактарында өздөрүн “халиф” атап алган чакан жолбашчылар чыгышкан, бирок аларды эч ким жалпы мусулман халифи катары тааныган эмес.

Террорчулардын “халифтери”

XXI кылымдын башында ислам динине жамынган айрым террорчу топтордун башчылары өздөрүн “халиф” жарыялап алган учурлар катталды.

Маселен, теги араптардын курайш уруусунан делген Ибрайим Аввад Ибрайим Али ал-Бадри ас-Самаррайи (1971–2019) деген сунний диниятчы 2014-жылы июнда өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топ тарабынан “халиф Ибрайим” деп жарыяланган.

2019-жылы 27-октябрда бул террорчу Батыш аскерлерине колго түшөөрдө өзүн жана эки уулун жардырып өлгөн соң, анын сөөгү Жер Ортолук деңизинин таманындагы белгисиз жайга көмүлгөн.

Анын ордуна “халиф” жарыяланган террорчу Абу Ибрайим ал-Хашеми ал-Кураши (1976–2022) дагы 2022-жылы 3-февралда, Батыш аскерлерине колго түшөөрдө, өзүн жана үй-бүлө мүчөлөрүн өзү жардырып, набыт кеткен.

Анын “улантуучусу” Абу ал-Хасан ал-Хашеми ал-Кураши (1980–2022) да тогуз жарым айдан кийин, 2022-жылы 15-октябрда, сириялык күчтөр тарабынан курчоого алынаарда өзүн өзү жардырып мерт кеткен.

Кийинки террорчулардын “халифи” Абу ал-Хусейн ал-Хусейни ал-Кураши (1979–2023) болсо 2023-жылы 29-апрелде Сириянын Түркия менен чектеш Идлиб вилайетинде сириялык салафийлердин тобу менен кагылышуу маалында өлтүрүлгөн.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын айтымында, террорчуларлын бул башчысынын өлтүрүлүшүнө түркиялык чалгын кызматкерлеринин да олуттуу салымы болгон.

Айтмаакчы, “ИМ” тобуна таандык бул террорчулардын “халиф” даражасын эч бир мусулман өлкөсү тааныган эмес.

“ИМ” террорчулар тармагынан Түркия калкы да жабыр тарткан учурлар бар.

Маселен, 2015-жылдын 10-октябрында Түркиянын борбору Анкара шаарындагы Анкара борбордук темир жол бекетинин жанында эки жардыруу болуп, 109 карапайым тургун өмүрүнөн айрылган. Ал эми 2024-жылдын 28-январында Стамбул шаарынын Сарыйер аймагында жайгашкан католиктердин “Ыйык Мария” чиркөөсү “Ислам мамлекети” террордук уюмунун кол салуусуна дуушар болгон.

Ататүрктүн доорунун айдыңдык мурасы сакталууда

Азыркы тапта Ататүрк мурдагы осмондук “халиф” институтун биротоло жок кылуу аркылуу туура иш жасаганбы, же жокпу? деген суроо интернетте Түркиянын коомдук тармактарында жана сыналгы каналдарында байма-бай талкууланды.

Түркиядагы таанымал илимпоз, “19-май” университетинин (19 Mayıs Üniversitesi) дин таануу факултетинин окутуучусу, профессор, доктор Исрафил Балжи мырза “X” (мурдагы “Твиттер”) барагына 2024-жылы 1-январда мындайча ачыктамасын жарыялады.

"ТҮШҮНДҮРМӨ:
1. Исламда халифат деген макам жок.
2. Халифат, албетте, диний кызмат эмес.
3. Бул – нагыз саясий институт жана араптарга гана таандык башкаруу түрү.
4. Ислам эрежеси халифатты эмес, демократияны өзүнө камтыйт.
5. Халифаттын эч бир диний макамы жок.
6. Тарыхта халифат эч качан мусулмандарды бириктире алган эмес.
7. Ойдон чыгарылган уламыштын негизинде гана халиф курейш (тукумунан) болушу керек делет.
8. Түркия Республикасында “халифат” деп жар салуу – конституциялык кылмыш жана мамлекетке ачык душмандык болуп саналат жана (андай жорукка) мыйзам талап кылгандай мамиле жасалышы керек..."

(түркчө тексти:
AÇIKLAMA:
1. İslâm'da hilafet diye bir makam yoktur
2. Hilafet kesinlikle dinî makam değildir
3. Tamamen siyasi bir kurumdur ve Araplar'a özgü yönetim biçimidir
4. İslâm akidesi halifeliği değil, demokrasiyi benimser
5. Halifeliğin hiçbir dinî statüsü yoktur
6. Tarihin hiçbir döneminde halifelik müslümanları birleştirememiştir
7. Uyduruk rivayetlere istinaden halife Kureyş'ten olmalıdır
8. Türkiye Cumhuriyeti'nde "hilafet" çığırtkanlığı yapmak, anayasal suçtur ve alenen devlet düşmanlığıdır, hukuken gereği yapılmalıdır...
)

Ал эми Алпарслан Өзтүрк деген замандашыбыз 2024-жылы 3-мартта “халиф” макамы жөнүндө жогорку ойго жакын пикирди “X” (мурдагы “Твиттер”) барагы аркылуу жарыялады:

“Халифат деген диний макам деле жок. Ал – пайгамбарыбыздан кийинки мамлекет башчысынын кызматы. Аббасийлер доорунда (бул макам) ыйык саналып, диний өзгөчөлүк ага таңууланган. Тилекке каршы, [“халиф кызматы”] бул [мусулмандык] жамаатта [римдик] папага окшош бир бийлик кызматы болсо керек, деп кабыл алынууда”, – деди Алпарслан Өзтүрк.

Жалпысынан, түркиялыктардын басымдуу көпчүлүгү Мустапа Кемал Ататүрктүн саясий реформалары туура болгондугун, айдыңдык (секулярдык) жумуриятты түзүүгө белсенген мамлекет үчүн “халифат” мекемеси таптакыр керек эместигин баса белгилешүүдө.

Азыркы тапта Түркия мусулман дүйнөсүндө өзүнүн кадыр-баркын чыңдоого умтулуп келет, бирок ошол эле учурда Ататүрктүн саясий башкарууну диний мекемелерден ажыраткан айдыңдык (секулярдык) мамлекеттик башкаруу системасы өлкөдө ырааттуу сакталып кала берүүдө.

Башка түрк тилдүү эгемен мамлекеттерде дагы (алардын демократиялык түзүлүш жаатындагы бир кыйла айырмачылыктарына карабастан) айдыңдык башкаруу системасы кубаттуу бойдон өкүм сүрүүдө.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG