Оорукананын башкы дарыгери дооматты четке кагып, медицина кызматкерлери бекитилген протоколдун негизинде иш алып барганын белгилеп жатат.
Жакында эле эки жашка толгон Алихан Кубатбековдун дене табы 13-январда жогорулап, дем алуусу оорлогонуна байланыштуу ата-энеси аны Бишкектеги №3 Балдар ооруканасына алып барышкан. Ата-энеси аны түштөн кийин саат 14:30да бейтапканага алып киргенин, кабыл алуу бөлүмүндө отурган дарыгерлер балага алдын ала диагноз коюп, дем алдыруучу аппаратка кошконун айтышууда.
30 жаштагы баланын апасы Кайыргүл Темирхан кызынын айтымында, Алихандын дене табы ошол эле 13-январда эртең менен саат 10до көтөрүлө баштап, бала бир жолу дары ичип, уктап турган. Абалы өзгөрбөгөнүн, көкүрөгү бошобой, дем алуусу улам оорлоп баратканын көргөндө, кош бойлуу энеси Сокулуктун Новопавловка айылынан Бишкектеги дарыгерлерге алып келген экен.
“Балам ушул убакка чейин сасык тумоо да болгон эмес. Бир күндө эле кышылдап, дем жетпей жатканынан "Тез жардам" чакырдым, бирок алар келген жок. Жумуштагы күйөөмө чалып, кеңешсем, ал такси чакырып, ооруканага түз бара бергиле, мен артыңардан барып калам деди. Мен дароо такси чакырып, №3 балдар ооруканасына баламды саат 14:30да алып келдим. Дарыгерлер бизди ошондо суз кабыл алды, чуркап болгон аракетин көргөн жок деп ойлойм. Окуя кантип мындай болуп кеткенин өзүм да түшүнбөй калдым, саат 17:30да баламды жоготуп, “өлдү” деген суук кабарды угуп, ошо жерде ыйлап отурдум”.
Алихандын ата-энеси бейтапканада дарыгерлер баланы тиешелүү деңгээлде караган жок деген ойдо. Атасы Алмазбек Мырзакалиев оорукананын кабыл алуу бөлүмүндө бир топ убакыт өтүп кеткенин айтты:
“Келинчегим баламды кучактап ооруканага келгенден көп өтпөй мен келип калдым. Дарыгер бизди кабыл алып, дем алдыруучу аппаратка туташтырып, бөлмөлөрдүн бирине отургузуп койду. Ортодо жарым сааттай убакыт өтүп, дарыгер келбегенинен келинчегимди адисти чакырып келчи деп жумшадым, өзүм баланы карап калдым. Дарыгер келинчегиме бизден башка беш жүз баланы күнүнө кабыл алып жатканын айтып, орой жооп берген. Алар ошондой эле "Тез жардам" унаасы келет, силерди башка жакка которобуз дешти. Бирок бизди эмненин негизинде которуп жатканын, кандай диагноз коюлганын түшүндүрүшкөн жок. Дагы жарым сааттан кийин чакырсак, келип, атайын аппарат менен дем алып жаткан экенсиңер деп эле чыгып кетти. Үчүнчүсүндө баланын оозу көгөрүп, жаны кыйналып жатканынан дагы чакырдык. Келип, баланы көрөрү менен аппараттан чечип, "менин артымдан баскыла" деп айтты".
Жабыркаган тараптын айтымында, ал ортодо баланы кабыл алган дарыгер нөөмөтүн өткөрүп берип, ордуна башка дарыгер иштөөгө киришкен экен.
Дарыгер баланы кабыл алуу бөлүмүнөн жандандыруу бөлүмүнө алып барган. Бир саат медиктер анын өмүрү үчүн күрөшүп, бирок сактап кала алган эмес. Атасы Алмазбек Мырзакалиев муну дарыгерлердин шалаакылыгы деп атап жатат:
"Реанимациядагы дарыгерлер баламды колумдан алып жатканда, ал мени үч жолу “ата, ата, ата” деп жалооруңку карады. Бизди бөлүмдөн чыгарып ийди, бир маалда кайра келинчегимди чакырып, уулумдун аты-жөнү жана башка маалыматтарды жаздырып жатты. Реанимацияга кирген келинчегимдин айтымында, балам ыйлап, улам апасын чакырган, бирок дарыгерлер палатага кирүүгө болбой турганын айткан экен. Ошентип, келинчегим кайра чыкты. Жандандыруу бөлүмүнүн кире беришинде күтүп отурдук. Саат 17:30-18:00 болуп калган, дарыгер чыгып, мени чакырды. Иним экөөбүз басып барсак, "балаңар чарчап калды" деп айтты. Ага чейин кабыл алуу бөлүмүндө эки саатка чукул биз дем алдыруучу аппаратта отурдук, бир басып келип сураган киши болгон жок, карап отурган медайымы да жок болчу жаныбызда. Баланын кыйналганын көрүп туруп эмнеге башка ооруканага которобуз дешти? Эмнеге дароо чараларды кабыл алган жок? Анан аппарат менен дем алып жаткан баланы кыйнап, аны сууруп салып бир имараттан экинчи имаратка алып барышты? Аппаратты өчүрбөгөндө, балам тирүү калмак".
Ата-эне бул окуяга катышы бар адистерди жазага тартууну суранып, укук коргоо органдарына арыз жазып, тергөөнү акыйкат жүргүзүү керектигин белгилеп жатат. Ошондой эле алар Саламаттык сактоо министринин атына да арыз менен кайрылышты.
Бала ооруган убактан тарта Сокулуктун Новопавловка айылында турган бүлө жергиликтүү медициналык пункттарга же педиатрларга кайрылбай, дароо Бишкектеги №3 балдар ооруканасына келген.
Оорукананын башкы дарыгери Акыл Маманов дарыгерлер министрлик бекитип берген протоколдо көрсөтүлгөн жобонун баарын аткарганын айтып, алдын ала коюлган диагноз боюнча баланы "Жал" кичирайонундагы ооруканага жөнөтүү чечими кабыл алынганын билдирди:
“Баланы кабыл алгандан кийин өпкөсүн тыңшап, карап, дарыгер өзү коштоп барып, рентгенге түшүргөн. Абалы турукташып калганда "Тез жардам" чакырып, буйруктун негизинде “Жал” кичирайонундагы ооруканага которууну чечкен. Маселен, балага сасык тумоо, курч респиратордук вирус (стенозирующий ларинготрахеит) деген алдын ала диагноз коюлган. Бул диагноз соңку жана так деп айтууга болбойт, себеби мындан кийин да дарыгерлер карап, толукталган диагноз коюшу керек. Биздин оорукананын кабыл алуу бөлүмүнө келгенде, анын сатурациясы 87 болгон, дарыларды сайып, дем алдыруучу аппаратка кошкондо сатурациясы 96-97ге чейин көтөрүлгөн. Абалы турукташып калгандан кийин "Тез жардам" чакыртылган. Азыр бул окуя боюнча тергөө иштери башталды, анын жыйынтыгын күтүүдөбүз".
"Наристенин өлүмүнөн улам иш козголду"
Наристенин ооруканадагы өлүмүнө байланыштуу Бишкектин Октябрь райондук милициясы 146-берененин ("Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу") негизинде кылмыш ишин козгогонун Октябрь райондук милициясынын басма сөз катчысы Диана Бакирова билдирди:
“13-январда уулу чарчап калганын айтып М.А. аттуу жаран райондук милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында баласынын өлүмүнө алып келген дарыгерлерди жоопко тартып берүүнү суранган. Бул факт райондук милициянын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган жана бардык эскпертизалар дайындалган. Толук маалымат кийинчерээк берилет”.
Чарчап калган Алихан Кубатбеков 2023-жылы декабрь айында эки жашка толгон. Анын беш жана үч жаштагы эки эжеси бар. Апасы Кайыргүл Темирхан кызы болсо төртүнчү ирет көз жарайын деп камданып турат. Ал уулу буга чейин сыркоолобогонун, ооруканага да жатпаганын айтты.
"Үй-бүлөлүк дарыгерлердин да милдетин аткаруудабыз"
Бишкектеги №3 балдар ооруканасынын дарыгери Акыл Мамановдун пикиринде, борбор калаадагы балдар ооруканасы жыл сайын вирустук оорулар күч алган мезгилде күчөтүлгөн тартипте иштей. Мындагы 15 педиатр тынымсыз иштеп, күнүнө 500 баланы кабыл алууда. Саламаттык сактоо министрлигинин эрежелерине ылайык, дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп, вирустук оорулардын белгилери пайда болгон баланы алгач үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна, поликлиникага алып баруу сунушталат:
"Азыркы тапта күнүнө 500дөн кем эмес баланы көрүп атабыз, алардын ашып кетсе 10% дарылануу үчүн ооруканада алып калабыз. Калган 90% үйүнөн дарылануу үчүн жиберилет. Чүрпөсү ооруган ар бир жаран алгач өзү катталган поликлиникага барып, дарыланышы керек. Эгер оорулуу айыкпай, кыйналса, биздин ооруканага жолдомо менен келет. Биздин бейтапкана көпчүлүк учурда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун функциясын аткарууга мажбур болуп калууда. Биз болгон аракетибизди көрүп келебиз".
Алихан Кубатбековду кабыл алган дарыгер азыр жумуш ордунда. Андан тышкары аталган ооруканада 15 педиатр тынымсыз иш алып барууда.
Өткөн жылдын этегинде Кыргыз медициналык академиясынын медициналык борборуна тишин дарылатуу үчүн барган үч жашар Алия Кубанычбекова чарчап калган. Окуяга байланыштуу аталган борбордун жетекчиси кызматтан алынып, анестезиолог дарыгер камалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси менен айып коюлган. Коомчулукта дарыгерлердин ишине нааразы болгондор утур-утур бийлик башындагыларга кайрылуу жасап келет. Алар көбүнесе бул тармактагы адистердин ишиндеги шалаакылыкка даттанат.
Медицина тармагындагы эксперт Бермет Барыктабасова коомдо ооруп калган адам үчүн жоопкерчиликти толугу менен оорукана жана андагы дарыгерлерге оодарган стереотиптер, терс түшүнүктөр калыптанып калганын айтууда. Адис "ар бир жаран өзү жана балдары үчүн жооптуу" экенин белгилейт.
"Балдар арасындагы өлүмгө алып келүүчү оорулардын сап башында пневмония турат, өзгөчө сезондук оорулар курчуп аткан мезгилде ушундай. Бала оор абалда, дем алуусу кыйындап кеткенде ооруканага алып келип атышат. Демек, бала ошол маалда алдан тайып калган. Ошондуктан дарыгерлердин көргөн аракетинин баары жыйынтык бербей калган. Мындай жыйынтыкка эмне алып келди? Анын түпкү себептери эмнеде экени дыкат иликтениши керек. Мамлекет дагы буга көңүл буруп, балдардын бакубат, ден соолугу чың жашоосу үчүн шарттарды түзүшү керек эле. Дарыгерлерди жазалап, иштен четтетүү менен маселе чечилбейт. Биз жалпы системаны башынан баштап оңдоп, бир калыпка салышыбыз керек. Антпесе балдардын өлүмү токтобойт. Муну алдын алуу медиктердин эле колунда деген туура эмес".