Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:30

Египет Израил менен тынчтык келишимин токтоторун эскертти


Газа тилкесиндеги Рафах шаары, 9-февраль, 2024-жыл.
Газа тилкесиндеги Рафах шаары, 9-февраль, 2024-жыл.

Эгер Израил аскерлери Египет менен чек арадагы Рафак шаарына кирчү болсо, Каир Тель-Авив менен менен тынчтык келишимин токтоторун эскертти. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды.

Каирдин Кэмп-Дэвид келишимин токтотуу тууралуу эскертүүсү Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Рафакка аскерлерин киргизүү ХАМАС (АКШ менен Евробиримдиктер тероорду деп таанылган) радикал тобуна каршы төрт айлык согуштун жыйынтыгы үчүн маанилүү экенин айткандан кийин жарыяланды.

ЦАХАлдын Газа тилкесиндеги согуштук операциясы башталгандан тартып, элдин дээрлик тең жарымы Рафакка качып келген. Палестиндиктердин көпчүлүгү ал жакта Египет менен чек арадагы чатыр лагерлеринде жана Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) башкалка жайларында күн кечиришүүдө.

Гуманитардык уюмдар дагы Израилдин Рафакка кирүүсү Газа тилкесиндеги гуманитардык кырдаалды ансайын татаалдантаарын эскертишүүдө.

ХАМАСтын өкүлдөрү Рафакка чабуул АКШ, Египет жана Катар ортомчулук кылып жаткан сүйлөшүүлөрдү жокко чыгарарын, согушту токтотуу жана барымтадагы израилдиктерди түрмөдө жаткан палестиндерге алмаштыруу жараяны ишке ашпай каларын билдиришти.

Израилдин өкмөт башчысы ABC News каналына курган маегинде Рафактын жайкын тургундары ХАМАСтан тазаланган түндү тарапка кетишсе болорун сунуш кылды. Телеканал Газа тилкесинин түндүк тарабы согуштан талкаланганын, айрым аймактарда дагы деле айыгышкан кармаш жүрүп жатканын белгиледи.

Israel Hayom басылмасы Тель-Авив Каир менен эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууну тескөө жана Рафактагы операция тууралуу талашты чечүү үчүн туруктуу байланышта болуп жатканын жазды.

Евробиримдик менен АКШ Израилди Египет менен чек арада согуштук операциясын жүргүзбөөгө чакырууда. Брюссель менен Вашингтон согуш аймакта гуманитардык катастрофа жаратышы ыктымалдыгын айтышты.

Биньямин Нетаньяху ХАМАСка каршы согуш радикал топту толук жок кылмайынча жана барымтадагы израилдиктердин баарын кайтармайынча уланарын бир нече жолу кайталаган. Акыркы маалыматтар боюнча учурда ХАМАСтын согушкерлеринин колунда 130 израилдик кармалып турат.

Жекшембиде ХАМАСчылар израилдин чабуулунан барымтадагы эки киши мерт кетип, сегизи жаракат алганын жарыялашты.

Согушка чейин Газа тилкесинде эки миллиондон ашуун адам жашаган. Палестин тараптын маалымдашынча, Израилдин чабуулунан соң элдин 80% үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду. 30 миңден ашуун адам көз жумду.

Египет менен Израилдин ортосундагы Кэмп-Дэвид келишими 1978-жылы АКШнын Мэриленд штатындагы Кэмп-Дэвид шаарында түзүлгөн. Келишимге жетишүүгө АКШнын ошол кездеги президенти Жеймс Картер ортомчулук кылган.

Келишим менен Египет менен Израилдин ортосунда 1940-жылдан берки согуштук кырдаал аяктаган. Документке ылайык, тараптардын чек аранын эки жагына аскер күчтөрүн жайгаштыруусу да жөнгө салынат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG