Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Эл жазуучусу Мелис Абакировдун сөөгү жерге берилди


жазуучу Мелис Абакиров менен коштошуу зыйнаты. 31.01.2024, Бишкек ш.
жазуучу Мелис Абакиров менен коштошуу зыйнаты. 31.01.2024, Бишкек ш.

Бүгүн, 31-январда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, III даражадагы “Манас” орденинин ээси Мелис Абакировду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Маркум менен коштошуу зыйнатына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, маданият жана искусство өкүлдөрү, Мелис Абакировдун жакындары жана окурман журту катышты.

Эскерүүдө сөз сүйлөгөндөр Мелис Абакиров ак ишин, тынымсыз эмгеги менен улут сыймыгына айланганын, анын артында калтырып кеткен чыгармалары руханий мурас катары кылымдан кылымга өтүп окула берерин белгилеп, жакындарына көңүл айтышты.

Маркум жазуучунун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Мелис Абакиров Чүй районунун Бурана айылында 1940-жылы 15-мартта туулган. 1963-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

Алгачкы аңгемелери студенттик жылдарда, 1978-жылы "Жаштык рапсодиясы" аттуу биринчи аңгемелер жыйнагы жарык көргөн.

Кыргыз тилинде “Жаштык рапсодиясы”, “Жинди сабыр”, “Канталамай”, “Чоң энемдин жомогу”, “Алмалуу бак”, “Алчалуу төр”, “Көкөй кести”, “О, опаасыз, опаасыз дүйнө”, “Барымта” ж.б. аңгеме, повесть, романдары, орус тилинде “Сказки моей бабушки”, “Расподия молодости” “Герои эпоса “Манас”, “Верблюд и мышь”, “Азарт”, “Детство в годы изгнания”, башка тилдерде “Энемиң эртекилери”, “Катагонда утган болалик” китептери жарык көргөн. Мындан сырткары Л.Н.Толстойдун, Х.Хименестин, О.Шестинскийдин, Арпад Генцтин жана башкалардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

(MZh)

XS
SM
MD
LG