Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Орусия Украинанын аймагына дрон чабуулун улантты


Украина. 2024-жылдын 30-январы.
Украина. 2024-жылдын 30-январы.

Украина 30-январдын таңында Орусия учурган 35 учкучсуз учактын 15ин атып түшүүгө үлгүргөнүн билдирди. Николаев, Кировоград, Днепропетров, Полтава жана Харьков облустары бутага алынганы, Донецк жана Херсон облустарындагы жарандык инфраструктурага С-300 зениттик ракеталарынан ону атылып, жергиликтүү тургундар арасында каза болгондор жана жараат алгандар бар экени маалымдалды.

Орусиянын Коргоо министрлиги Крым жарым аралында жана айрым чек ара аймактарында Украинанын 21 учкучсуз учагы абадан коргонуу системалары менен жок кылынганын кабарлады.

Европа Биримдигинде 1-февралда өтө турган Украина маселеси каралчу кезектеги саммитке даярдык көрүлүүдө. Биримдиктин лидерлери бул саммитте Украинага «өз убагында, макулдашылган жана туруктуу аскердик жардамды улантууга» чечкиндүү макулдугун билдиргени жатышат. Reuters агенттиги саммиттин жыйынтык документинин долбоору менен таанышып чыкканын, анда «Европа Биримдиги курал-жарак жана ракета жөнөтүүнү тездетүү өтө зарыл болуп турганын тастыктайт» деп жазылганын маалымдады.

Саммитти утурлай, кечээ 29-январда, Украина Венгрия менен сүйлөшүү жүргүздү. Өлкөнүн тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Венгриянын башкы дипломаты Петер Сийярто менен жолугушуусу конструктивдүү жана ачык нукта өткөнүн билдирди. Эки министр Украинанын Ужгород шаарында жолугушту. Бул шаарда этностук мажарлар көп отурукташкан. Кулеба сөздүн көпчүлүк бөлүгү аз улуттардын укуктарын коргоо тууралуу болгонун, Венгриянын Украинадагы мажарлардын укугун коргоо боюнча сунуш-талаптарын алганын, ошол боюнча иш жүрөрүн айтты.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 29-январда Конгрессте НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг катышкан жыйында сүйлөп жатып АКШнын каржылык колдоосу уланбаса Украинанын эки жылдагы согуштагы ийгиликтерине коркунуч жараларын белгилеген. (RK)

XS
SM
MD
LG