Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:22

Жапырт кармоо: Абактагы Жээнбеков президентке кайрылды


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын камакка алынган 11 кызматкери, 24.kg агенттигине козголгон кылмыш иши тууралуу президент Садыр Жапаровго кайрылды.

“Урматтуу Садыр мырза, эркиндиктерге, адам укуктарына бийликтин басымынын көбөйүшү келерки жылдары экономикалык абалды дагы начарлатат. Инвестиция качат, жакырчылык күчөйт, баалар өсөт. Элдин нааразылыгын жаратат, өлкөнү туңгуюкка алып келет. Өлкөбүз, элибиз бар. Камакта жатсам дагы, сизден журналисттерге басымды токтотууну, эч күнөөсүз 11 журналистти бошотууну суранам”, - деп жазылган катта.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынды.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин милиция 16-январда кармап кеткен.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техникаларын алып кетип, директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатат. Атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек.

Президент Садыр Жапаров 19-январда улуттук “Кабар” маалымат агенттигине медиа тармагындагы акыркы окуяларга комментарий берген. Мамлекет башчы 24.kg сайтынын иши тергелип жатканын, мыйзамда каралган бардык жол-жоболор жасалышы керек экенин айткан.

Ал эми камакка алынган 11 адамды “алар кесипкөй журналист эмес", "социалдык тармактарда ар кандай маалыматтарды чыгарып, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жатат” деген. (BTo)

XS
SM
MD
LG