Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:10

Кыргызстан-Германия: кызматташтык, соода, согуш жана санкция


Садыр Жапаров жана Франк-Вальтер Штайнмайер. Бишкек, Кыргызстан.
Садыр Жапаров жана Франк-Вальтер Штайнмайер. Бишкек, Кыргызстан.

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстанга расмий сапар менен келди, ал президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал мындан сырткары дагы бир катар кездешүүлөрдү өткөрөт.

Бул сапар эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 200-400% өскөн учурга туш келди. Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга санкция салынган үчүн Европа Биримдигинен, анын ичинде Германиядан Борбор Азия өлкөлөрүнө товар ташуу кескин көбөйгөн. Мындан улам жергиликтүү компанияларга экинчи деңгээлдеги санкциялар салына баштады.

Иш сапар жана саясий кырдаал

Германия Федеративдүү Республикасынын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Бишкекке 21-июнда келип түштү. Анын иш-сапары 23-июнга чейин уланат.

Кыргызстандын Президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев бул жөнүндө мамлекет башчынын сайтында буларды билдирди.

Муратбек Азымбакиев
Муратбек Азымбакиев

"Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Мамлекет башчылары кыргыз-герман эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселелеринин кеңири спектрин талкуулашат, ошондой эле достук жана өнөктөштүк маанайдагы өз ара мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин белгилешет", – деп билдирди Азымбакиев.


Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстандын бийлик төбөлдөрүнөн сырткары жарандык коомдун, сексуалдык азчылыктын жана башка топтордун өкүлдөрү менен да жолугушары кабарланды. Мындан сырткары немис делегациясы бир катар ишканаларга барып, инвестициялык кездешүүлөрдү өткөрүшү ыктымал.

Германияда негизги бийлик өкмөт башчы - Федеративдик канцлердин колунда. Канцлерди өлкөнүн парламенти – Бундестаг шайласа, президентти Бундестаг жана Федерациянын ичиндеги түзүмдөрдүн парламенттери шайлайт. Федеративдик президент өкүлчүлүк милдетти аткарат, чет жакта Германиянын атынан чыгат жана элчилерди аккредитация кылат. Парламенттик башкаруудагы Германияда президенттин укуктары чектелгени менен анын жалпы саясатта салмагы орчундуу.

Ошондуктан Бишкекке Германиянын президентинин келиши Кыргызстан үчүн, Борбор Азиядагы чөлкөм үчүн чоң мааниге ээ. Бул жагдайды Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев да “Азаттыкка” берген комментарийинде мындайча чечмеледи:

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

“Албетте, алардын президенти аткаруу бийлигинин башында болбогондон кийин конкреттүү долбоорлорду демилгелей албайт. Бирок бул сапардын символикалык мааниси бар. Визит болуп жаткан кырдаалды жана Штайнмайердин саясий өмүр жолун, Германиядагы бүгүнкү кырдаалды эске алышыбыз керек. Бул чөлкөмдөгү кырдаал жаңы этапка өтүп жатканын айгинелеп турат. Эң негизгиси биз өзүбүз ушул өзгөрүүлөргө даяр болушубуз шарт. Штайнмайер абдан авторитеттүү саясатчы. Убагында Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча стратегиясынын инициатору ушул киши болгон, документ 2007-жылы кабыл алынган. Көп жылдар бою Германиянын тышкы иштер министри болуп, Евробиримдикте да жетекчилик кызматтарды аркалаган. Быйыл майда Берлинде Өзбекстандын президенти Мирзиёев менен жолуккан учурда Штайнмайер “Чоң чатак коңшуңардан коркпой эле койгула, биз силерди алардын алдында жалгыз калтырбайбыз. Биз жаныңарда болобуз, бизге таянсаңар, ишенсеңер болот” деп айткан. Ал “чоң, чатак жана татаал коңшулар” деп Орусия менен Кытайды айтып жатат. Мына ушунун фонунда Германия өзү да Борбор Азияда таасирин күчөтүүнү көздөп жатат. Бул сөзсүз түрдө конкуренцияга алып келет жана андай конкуренттик кырдаал Кыргызстанга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Биздин мамлекеттик органдар, өкмөт, дипломаттар ушул мүмкүнчүлүктөн максимум пайдаланып калышыбыз керек”.

Германиянын президенти мунун алдында – 20-июнда Казакстанда мамлекеттик сапар менен болду. Анын артынан эле Кыргызстанга келип жатат. Бир катар эл аралык басылмалар "Штайнмайер бул сапары менен Борбор Азия чөлкөмүнүн геосаясий жактан маанилүүлүгүн көргөзүп жатат" деп жазышты.

Франк-Вальтер Штайнмайер Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууда Орусиянын Украинага каршы агрессиясы тууралуу ачык маселе көтөргөн. Бул жөнүндө ал өзү сүйлөшүүдөн кийинки басма сөз жыйынында билдирди:

Франк-Вальтер Штайнмайер менен Касым-Жомарт Токаев. 20-июнь, 2023-жыл. Астана, Казакстан.
Франк-Вальтер Штайнмайер менен Касым-Жомарт Токаев. 20-июнь, 2023-жыл. Астана, Казакстан.

“Эл аралык укукка таптакыр туура келбеген агрессивдүү согуш доорлордун алмашуусуна алып келди. Муну Германияда жана Европа Биримдигинде эле эмес, бүткүл дүйнөдө ошондой десек болот. Орусиянын Украинага каршы согушу бүткүл дүйнөнүн калкына, өзгөчө Орусия менен коңшу болгон өлкөлөргө чоң кесепеттерин тийгизип жатат. Германия менен Казакстан өлкөлөрдүн бүтүндүгү менен суверенитетинин жана БУУнун Уставынын сакталышын жактайт. Бул жөнүндө биз азыр эле өз ара баарлашуубузда кеп кылдык. Президент Токаев менен санкциялар, санкциялардан буйтоо темасын да талкууладык. Биз санкцияны айланып өтүүнүн алдын алуу үчүн колдон келген нерсенин баарын көрүүбүз шарт. (...) Орусиянын агрессиясынын кесепети экономикалык жана логистикалык багытта болуп жатканы анык”, – деди анда Германиянын президенти.

Казакстандын президентинин сайтында Токаев менен Штайнмайердин сүйлөшүүсүндөгү Украина темасы тууралуу кенен маалымат белгиленген эмес.

Штайнмайер былтыр октябрда немис калкына кайрылуу жасаган учурда Орусиянын президенти Владимир Путинди кескин сындап, ал “империялык жиндилик” менен ооруп жатканын, “Германия менен Орусия мындан ары өнөктөш эмес экенин” жар салган. Германиянын канцлери Олаф Шольц да орус лидеринин дарегине ушуга окшош катуу айыптоолор менен чыгып жүрөт.

Ыкчам өскөн соода жана санкция

Европа Биримдигинин лидерлеринин, андагы өлкөлөрдүн жетекчилеринин Борбор Азия мамлекеттерине байма-бай каттап калышынын жана ар кайсы билдирүүлөрдө санкция темасынын козголуп жатышынын жөнү бар.

2022-жылы орус аскерлери Украинага кол салган соң Европа Биримдигинин мүчөлөрү, АКШ, Улуу Британия, Австралия, Жапония баштаган өлкөлөр Орусияга санкцияларын кескин күчөткөн. Анын ичинде орус жергесине доллар жана евро банкнотторун түз ташып кирүүгө чектөө коюлуп, бир катар тармактардагы товарларды экспорттоого да тыюу салынган. Өзгөчө аскердик, авиациялык, транспорттук жана башка согушка керектүү нерселерди жөнөтүүгө катуу көзөмөл болуп жатат.


Натыйжада аталган мамлекеттердин Орусия менен түз соодасы кескин солгундап, Орусиянын айланасындагы өлкөлөр менен алып-сатуусунда аномалдык секириктер орун алды. Анын ичинде Борбор Азия мамлекеттерине АКШдан, Европадан же башка жактан товар ташуулар кескин арбыды. Бир катар изилдөөлөр көрсөткөндөй, анын көбү Орусияга реэкспорт болуп жатат. Ошол себептүү Батыш өлкөлөрү Орусия менен кызматташып жаткан өлкөлөргө түз да, кыйыр да эскертүүлөрдү беришти.

Март айында Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан Бишкекке келип кетсе, апрелде АКШнын финансы министринин каржылык кылмыштарга каршы күрөш боюнча орун басары Элизабет Розенберг менен соода министринин орун басары Мэтью Аксельрод да Кыргызстанда санкцияларга байланыштуу сүйлөшүү жүргүзгөн. Ошол эле күндөрү Британиянын Тышкы иштер министрлигинин санкциялар боюнча директору Дэвид Рид иш сапары менен Бишкекте болгон. Алар ишкерлер жана өкмөт өкүлдөрү менен жолугуп, Бишкекке Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүшүнө жардам бербөөнү эскерткен.

Британиянын парламентинин тышкы иштер боюнча комитетинин төрайымы Алисия Кернс жана комитеттин мүчөсү Нил Койл 18-майда Бишкекке келип, бир күндөн кийин журналисттер менен жолукту. Алар жыйында Кыргызстанды тогуз категориядагы товарды Орусияга экспорт кылбоого чакырганын айтышкан.

Июндун башында болсо Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишел Кыргызстанга келип, президент Садыр Жапаров менен ар кандай форматтагы жолугушууларды өткөргөн. Ал расмий кездешүүдө санкциялар темасын козгобогону менен маселеге атайын басма сөз жыйынында кайрылган.

Чолпон-Атадагы саммиттен кийинки маалымат жыйынында “Азаттык” радиосунун “Евробиримдик Кыргызстанга, Казакстанга же Өзбекстанга санкция салышы мүмкүнбү?” деген суроосуна Мишел төмөнкүчө пикирин билдирген:

Садыр Жапаров менен Шарль Мишель. Бишкек, Кыргызстан.
Садыр Жапаров менен Шарль Мишель. Бишкек, Кыргызстан.

“Биз буга чейин Орусиянын согуш машинасын колдогондорго көп чараларды көргөнүбүз анык. Биз санкциялардын 10 пакетин макулдашканбыз. Биз учурда санкцияларды буйтап өтүү тобокелдигин азайтуу үчүн болжолдуу санкциялардын 11-пакетин талкуулап жатабыз. Так айтып койгум келет, мындай чараларга Орусиянын согуш машинасын колдогондор түрткү берди. Биз эч кандай экстратерриториалдуулук принцибин колдонбойбуз”, – деген 3-июнда Шарль Мишел.

Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан мурдараак кабарлагандай, былтыр биримдиктеги өлкөлөрдөн Борбор Азиядагы өлкөлөргө товар сатуу 300% чейин өскөн. Аны деталдуу түшүнүү үчүн сандарды талдап көрөлү. Муну үчүн Евробиримдиктин Кыргызстан менен соодасын бөлүп алалы.

Евростаттын маалыматтарына ылайык, Европа Биримдиги менен Кыргызстандын соода жүгүртүүсү 2021-жылы 337,2 миллион долларды түзгөн. Анын ичинен 263 миллион долларлык товарды биримдиктеги өлкөлөр Бишкекке экспорттошкон болчу.

2022-жылдагы эсеп боюнча ЕБ менен Кыргызстандын товар айлантуусу 1 млрд 319,4 млн долларга жетип отурат. Мунун көбү – 1 млрд 172,2 млн доллары Европадан Бишкекке жеткирилген товарлар.

Европа Биримдигиндеги айрым өлкөлөрдүн Кыргызстанга экспорту. Жалпы сооданын ичинен бөлүнүп алынган көрсөткүчтөр.
Европа Биримдигиндеги айрым өлкөлөрдүн Кыргызстанга экспорту. Жалпы сооданын ичинен бөлүнүп алынган көрсөткүчтөр.

Германия менен Кыргызстандын эле соодасын алсак, 2021-жылы анын көлөмү болгону 65,6 миллион доллар болсо, 2022-жылы 347,2 миллион долларды чапчыган. Былтыркы эсепте 323,1 миллион долларлык товар Берлинден Бишкекке келген болуп жатат. Мунун ичинде автотранспорттордун тетиктери, ар кандай куралдардын деталдары, электроникалык буюмдар жана башка ушул сыяктуу нерселер Ала-Тоого адаттан тыш көбүрөөк келип жатат.

Евробиримдик жана Германия бул жагдайды байкап жатканы менен Кыргызстанга санкция салуудан карманууда. Борбор Азия өлкөлөрүнө деле мындай чара колдоно элек. Анткени, бул чөлкөмдөгү мамлекеттер Орусияга экономикалык жактан көз каранды болуп тургандыгын түшүнүп тургандай.

Саясат жана экономика боюнча талдоочу Сейтек Качкынбай бул жагдайга мындайча пикирин келтирди:

Сейтек Качкынбай
Сейтек Качкынбай

“Менимче, Батыш өлкөлөрүндө азыр бир дилемма бар. Алардын азыркы принцибине салып караганда, соңку жагдайлардан улам бизге да санкция салгысы келип жатат. Бирок андай кылайын десе, биз өнүгө элек өлкөбүз да. Өзгөчө бизге окшогон өлкөлөр Орусиядан көз каранды экенин, экономикабыз күчтөнө элек экенин алар түшүнүп турушат. Эгер алар “силер Москвага жардам берип жатасыңар” деп, бизге да санкция салып коюшса, анда дүйнөдөгү өлкөлөр биротоло эки полярдуу болуп калбайбы. Башкача айтканда, аларда “Азия жана Африка өлкөлөрүн Орусия менен Кытайга биротоло ыктатып, өзүбүздөн алыстатып албайлы” деген да чочулоо да бар. Алар катуу айтпай, кыйыр түрдө, дипломатиялык ыкма менен жеткирип жатышат. Ошол эле Мишелдин келиши, азыр Штайнмайердин келиши да ошондон кабар берет. Бир чети суранып, бир чети эскертип, жумшак түрдө кулак кагыш кылып жатышат. Түз айтканда дипломатиялык прессинг. Менимче алар Кыргызстандагы конкреттүү бир фирмаларга, экспорт-импорт менен алектенген компанияларга даректүү санкцияларды салышы мүмкүн. Бирок мамлекетке, мамлекет жетекчилерине санкция салышпаса керек”.


Сандар тууралуу жогорудагы сөздөрдү улай, Кыргызстандын өзүнүн маалыматтарын алсак да чоң айырма көрүнүп жатат.

Улуттук статистика комитетинин эсебине ылайык, Кыргызстан менен Германиянын соода жүгүртүүсү 2021-жылы 75,7 млн доллар болсо, 2022-жылы 180,4 млн долларды түздү. Мында өсүү 238%. Мунун ичинен 164,6 млн доллары немистердин кыргыздарга жөнөткөн товары.

Статкомдун баштапкы маалыматтарында көрүнүп тургандай, 2023-жылдын январь-апрель айларында эле Кыргызстан менен Германиянын товар айлантуусу 112,4 миллион долларга жетти. Иш жүзүндө өсүү 401,6% болуп жатат. Бул ачыктан-ачык аномалия. Анткени, 112 миллиондон 109 миллион Берлинден Бишкекке келип жаткан товарлар болуп жатат.

Кыргызстан менен Германиянын соода жүгүртүүсү. Жалпы соода, Кыргызстандын Германиядан импорту жана Кыргызстандын Германияга экспорту өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн.
Кыргызстан менен Германиянын соода жүгүртүүсү. Жалпы соода, Кыргызстандын Германиядан импорту жана Кыргызстандын Германияга экспорту өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн.

Бул жагдайлардан Кыргызстандын бийлиги, тиешелүү министрликтер, элчиликтер деле кабардар. Бирок алар муну позитивдүү жагдай катары карап, ташылып келип жаткан товарлардын ичинде санкциялык тизмеге илешкен нерселер жок деп ишенип турушат. Алар бул багытта кыргызстандык ишкерлерге да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын билдирүүдө. Ошол эле маалда Батыш өлкөлөрү менен да диалогго барып, өз позициясын жеткирип жатышкан экен.

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевге кайрадан сөз берели:

“Өкмөттүн, министрлердин, элчилердин, биздин милдетибиз Европадагы өнөктөштөргө, Америка, Жапония, Түштүк Корея же башка өлкөлөргө “Орусия менен аскердик, согуштук багытта соода кылбайбыз” дегенди түшүндүрүү. “Турмуш-тиричиликке керектүү товарларды алып-сатууда соодабызга тоскоол” болбогула дегенди аларга жеткиришибиз керек. Анткени анын согушка эч кандай тиешеси жок. Тескерисинче, бул Орусиянын согушка жумшай турган акчасын азайтат. Дегеним, Европанын темир-тезеги, тиричилик техникаларын, эски-уску машинесин сатып алуу үчүн орусиялыктардын акчасы биз аркылуу кайра Европага чыгып кетип жатпайбы. Мына ушунун баарын биз аларга түшүндүрүшүбүз керек. Европа башында тоталдык түрдө санкция коюп алышкан, азыр артка чегине албай жатат. Намыстанып турат. Бирок башка өлкөлөр алардын товарын алып чыгып сатып туруусуна өздөрү деле кызыкдар. Мен ошентип ойлойм. Германияда мен канча чоң бизнесмендерге жолуксак деле алар биздин айтканыбызды “туура” деп жатышат”.

Деген менен майдын ортолорунда АКШ Орусиянын 69 компаниясын “кара тизмеге” киргизген учурда Армениянын бир жана Кыргызстандан бир ишканасына санкция салды. АКШнын Каржы министрлиги расмий жарыялаган документинде Кыргызстандын “Тро, Я” компаниясы (АКШнын документинде Tro.Ya, LLC деп турат-ред.) санкцияга илингени айтылды. Документте аталган компания Чүйдүн Токмок шаарында жайгашканы жазылган.


Батыш өлкөлөрү Кыргызстандан сырткары Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөгү компанияларга да санкция салып жатат. Маселен, АКШ Өзбекстандын Promcomplektlogistic ишканасын Орусияга микросхемаларды жеткиргени үчүн санкциялык тизмеге киргизген. Быйыл болсо орусиялык өзбек тектүү ишкер Алишер Усмановго байланыштуу Өзбекстандагы Akkermann Cement CA, “Ахангаранцемент”, “Металлоинвест”, USM Telecom жана “Мегафон” компанияларына санкция салган.

Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстанда кайсы бир компаниялар Батыштын санкциялык тизмесине кирип калышы мүмкүндүгү көп жолу айтылган. Бирок реалдуу кайсы бир компаниялар “кара тизмеге” киргизилгени кабарлана элек.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG