Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:07

Аба ырайы: жолдор тайгак болуп, муз тоңот


Кыргызстан.
Кыргызстан.

Кыргызгидромет борбору аба ырайы боюнча чукул билдирүү таратты.

2023-жылдын 30-декабрында Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-115 чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя 86-101-чакырымдары, жана Кызыл-Бел-Акташ 0-2-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалар ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6;

Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3,

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20…-25°, күндүз -4…-9 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз 4…6 болот. Жолдор тайгак болот.

31-декабрда жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн айрым жерлерде туман түшүшү ыктымал. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

XS
SM
MD
LG