Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:56

"14 адам атып өлтүрүлгөн". Чехия аза күтүүдө


Прага
Прага

Праганын борборундагы Карлов университетинин философия факультетинин имаратында бейшембидеги куралдуу кол салууда 14 киши каза болуп, 25 киши жараат алды. Чех полициясы бул кандуу окуянын терроризм менен байланышы жок экенин билдирди.

Өлкөдө 23-декабрь аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул күнү өлкө аймагындагы желектер түшүрүлдү.

Чехия: Окуу жайга кол салуудан 15 адам өлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:32 0:00

21-декабрда Чехиянын борбору Прагадагы Карлов университетинин философия факультетинде бир адам студенттерге ок чыгарып, 14 адам каза болуп, 25и жараат алды.

Окуя бейшемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат үчтөр чамасында болгон. Полицияда кол салуу тууралуу алдын ала маалымат болгон, бирок алар окуу жайдын башка имаратын текшерген. Университеттин кызматкерлерине имаратка курал кармаган көзгө атар келиши мүмкүн экендиги эскертилип, аудиторияларды жабуу керектиги айтылган.

Кол салган киши ушул эле окуу жайдын 24 жаштагы студенти болгону, ал окуя учурунда каза тапканы кабарланды. Айрым маалыматтарга караганда, шектүү бийиктен боюн таштап өлдү, ал эми кээ бир маалыматтарда аны полиция кызматкерлери жок кылганы кабарланууда. Күбөлөрдүн айтымында, ал атасын атып өлтүргөнүн, эми башкаларды да жок кыларын айтып кыйкырган.

Карлов университетинин философия факультетинин студенти Лиза Чухарова каргашаны төмөндөгүчө сүрөттөдү.

"Ким атып жатканы белгисиз болчу, сырттабы же ичтеби. Атайын күчтөр аудиторияга кирип, баарыбыздын ордубузда калуубузду айтты. Биз жарыкты өчүрүп, эшикти тосуп, күттүк. Биз сыртта эмне болуп жатканын билген жокбуз. 40 мүнөттөн кийин атайын күчтөр тосмо менен курчалган аудиторияга кирип, баарын жерге жаткырды. Анан бизди колубузду көтөртүп көчөгө алып чыгышты. Жерлер кан, көп тез жардам унааларын көрдүк", - дейт университеттин студенти Лиза.

Чехиялык tn.cz агенттиги имараттын чатырында колуна курал кармап турган эркек кишинин сүрөтүн жарыялады.

1348-жылы негизделген Карлов университети дүйнөдөгү жана Чехиядагы алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири. Анда 50 миңден ашуун студент билим алат.

Университеттин окутуучусу Сергей Медведев "Настоящее время" телеканалына берген маегинде, атайын күчтөрдүн көрсөтмөлөрү менен аман калганын айтат.

"Кийин атайын күчтөр кирди. Эшиктерди жаптык. Жагдай олуттуу экенин түшүндүк. Кийинки көрсөтмөлөрдү күттүк".

Кийинчерээк чех полициясы кол салган кишиге таандык үйдөн курал, ок-дарылар табылганын билдирди.

Полиция трагедиянын чоо-жайы териштирилип жатканын, каза болгондордун баары ким экени аныкталганын, жабыркагандардын экөө Бириккен Араб Эмирликтеринин, бирөө Нидерланддын жарандары экенин маалымдады.

Жума күнү окуя болгон жерге өлкөнүн ички иштер министри Вит Ракушан барып, бул окуянын терроризм менен байланышы жок экенин айтты.

"Азырынча бул атышууну эл аралык терроризм менен байланышы бар экенин көрсөткөн эч кандай далил жок", - деген чех аткаминер, университет жайгашкан аймак дагы деле курчоодо экени кошумчалады.

Ок аткан адам дагы эки кишини өлтүргөн деп шектелүүдө

Чех полициясы кылмышка шектүү Давид К. аттуу киши 15-декабрда Праганын четиндеги токой паркында болгон дагы бир резонанстуу киши өлтүрүүгө катыштыгы болушу мүмкүн деп билдирди. Анда 32 жаштагы эркек киши жана эки айлык бала каза болгон.

Кандуу окуяга байланыштуу Чехияда 23-декабрь аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кошмо Штаттар бул трагедияга байланыштуу Чехияга көңүл айтканын Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер 22-декабрда Вашингтондо өткөн пресс-конференцияда билдирди:

"Жалпысынан 15 адамдын өмүрү кыйылган бул үрөй учурган окуя тууралуу уктук. Президент жана биринчи айым жакындарынан айрылган, акылга сыйбас зомбулуктун курмандыгы болгон үй-бүлөлөргө көңүл айттууда".

Чехияда 2021-жылдан тарта жарандар курал алып жүрүүгө укуктуу. Европа Биримдиги курал боюнча мыйзамдарды катаалдаштырууну талап кылгандан кийин Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилген. Былтыр өлкөдө бир миллионго чукул курал катталган. Чехиянын калкы 10,5 миллион адам. Ал эми Прага дүйнөдөгү эң коопсуз шаарлардын бири болуп эсептелет.

Атышуу болгон жер.
Атышуу болгон жер.

XS
SM
MD
LG