Соңку бир жылда орусиялык олигархтар Сулейман Керимов, Владимир Евтушенков жана дагы бир катар миллиардерлерге байланышы бар компаниялар Кыргызстан аркылуу бери дегенде төрт бизнес-жет учагы менен бир тик учак сатып алышкан. Мындай жол менен алар санкцияга кабылган аба транспортторун Орусияга кайтарып алганга жетишкен.
2022-жылдын декабрынан бери Кыргызстан жана кыргыз компаниялары аркылуу Орусияга бери дегенде төрт бизнес-жет үлгүсүндөгү учак жана бир тикучак сатылган. Сооданын жалпы баасы 120 млн доллардан ашат.
“Фалькон Эйр Кей Джи” жана Bombardier Global 6500
Өткөн аптада Орусиялык “Верстка” басылмасы орус олигархы, Краснодар крайынын мурунку башчысы жана Орусия Федерациясынын мурдагы айыл чарба министри Александр Ткачёвдун “Прямые инвестиции” компаниясы BD-700-1A10 (Global 6500) моделиндеги Bombardier бизнес-жетин сатып алганын жазды. Басылманын маалыматына ылайык, сериялык номуру 60016 болгон, RA-73573 деген борттук номурлуу учакты Орусияга 2023-жылы 3-июлда алып киришкен. Соода бүтүмүнө кыргызстандык "Фалькон Эйр Кей Джи" фирмасы ортомчу болгон. 2019-жылы чыккан бул учак 13 жүргүнчүгө ылайыкташкан. Учактын сатылган баасы 60 млн доллар болгон.
Юстиция министрлигинин сайтын карасак, бизнес-жетти Орусияга сатты делген "Фалькон Эйр Кей Джи" фирмасынын ээси Иса Төлөгөнов болуп чыгат. Фирма 2023-жылдын 3-майында эле түзүлүп, бир айдан соң эл аралык ири сооданы ишке ашырган. Иса Төлөгөнов - Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, 2010-жылдан кийин мародёрчулукка айыпталып 15 жылга соттолгон Райкан Төлөгөновдун кичүү уулу. “Азаттыктын” Иса Төлөгөнов менен байланышып, учак соодасы тууралуу комментарий алуу аракетинен майнап чыккан жок.
Бирок ишкердин атасы Райкан Төлөгөнов менен байланышып, орусиялыктар менен болгон учак соодасынын чоо-жайын сурадык. Ал уулунун учак операциясына катышы бар экенин ырастап, бирок соода тууралуу келишим эч жерде жок экенин билдирди. Төлөгөнов мындай маалыматтар Орусиянын президенти Владимир Путин менен анын чөйрөсүндөгүлөрдү жек көрсөтүү жана Кыргызстанды жаманатты кылуу үчүн атайын жасалып жаткан иш деп эсептейт:
“Менин билишимче, (уулум) эч кандай учак саткан эмес, ал учак сатылган эмес. Менин балам Исанын эле менчигинде турат. Орусиялык сайттарда чыккан маалыматтарды мен дагы окудум. Ошол "Бомбардье" деген учак. Мен баламдан “ушундай маалымат кетип атат” деп сурадым, ал “учак дагы деле менин мойнумда, өткөрүп бере элекмин” деп айткан. Учак сатылдыбы, поезд сатылдыбы, кимдин кандай иши бар? Азыр бизнес деп коюп бардык нерсени сатып алып, кайра сата берсе болот да. Эмнеси бар экен? Жүргүнчү учагынын сатылганы кимге кызык? Ошондой суроону өзүңөргө берип көргүлөчү. Сатты дегенде келишим боюнча болуш керек да. Ошол келишим бар бекен, жок бекен? Эмне үчүн ошол орустар келишимди жарыялап коюшпайт? Бул деген бизнес да. Бизнестин өзүнүн ачыкталбай турган бөлүктөрү болот. Бул операция конфиденциалдуу, сыр боло турган болсо, менин балам силерге ошону айтабы? Мындай нерсе мыйзамдар менен корголот, туурабы? Эң негизгиси, мындай нерселер мамлекеттин негизине доо кетирбеши керек. Экинчиден, финансылык мыйзам бузуулар болбошу керек. Эгер андай эч нерсеси жок боло турган болсо, бизнесмендердин аны эч кимге айтпаганга акысы бар”.
Ткачёвдун учагы тууралуу маалыматты бир канча булактар аркылуу талдап, анын чындыгына көзүбүз жетти.
Андан калса, дагы да тереңирээк иликтеп отуруп, Кыргызстан аркылуу Орусияга “сатылган” же ортомчулук жолдор менен өтүп кеткен Bombardier, Boeing, Embraer үлгүсүндөгү дагы үч бизнес-учак менен Airbus үлгүсүндөгү бир тикучактын изин аныктадык.
Талдоолор аталган учактарды орус компаниялары сатып алгандай түр көрсөткөнү менен, иш жүзүндө бул алардын санкциялардан улам Европанын аймагында калып калган аба кемелери болушу мүмкүндүгүн көрсөтөт. Аларды санкцияларды буйтап Орусияга алып өтүп берүүдө Кыргызстандан “Фалькон Эйр Кей Джиден” тышкары Миржамал Мирисупов аттуу жаран менен “Биг Маунтин Групп” компаниясы опол тоодой эмгек кылышкан.
Бул ири жана тобокелдүү бизнес операциялардын тарыхын иликтөө үчүн эл аралык соодага мониторинг кылып турган Great Export Import жана Globus VED порталдары баштаган ондогон көз карандысыз булактардын маалыматтарын талдадык. Расмий булактардан - Бириккен Улуттар Уюмунан, Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинен жана бир катар министрликтерден тактап чыктык.
Арийне, биз колдонгон ачык булактар реэкспорттолгон аба транспортторун кыргызстандыктар кайдан, кимден жана кандай баада сатып алгандыгын көрсөтпөйт. Алардын Кыргызстандан Орусияга карай кеткен издери гана анык.
Миржамал Мирисупов жана Bombardier Global Express XRS
Бул Bombardier BD-700-1A10 (Global Express XRS) үлгүсүндөгү бизнес-жет учагы. Заводдон 2009-жылы чыккан, сериялык номуру 9371, борттук номуру RA-73533, 15 жүргүнчүгө ылайыкташкан. Бул учак 2023-жылы 23-сентябрда Орусиядагы “Скайлайт” авиакомпаниясына 16 млн еврого (15 969358,17 евро) сатылган. Great Export Import жана Globus VED порталдарында саткан тарап катары кыргызстандык Миржамал Мирисупов аттуу жарандын ысымы жазылган.
Учакты сатып алган “Скайлайт” акционердик коому Орусияда катталган, бизнес-учуулар менен алектенет. Компания Мальтада катталган Emperor Aviation компаниясына таандык. Emperor Aviation компаниясы расмий түрдө грузиялык бизнесмен Ираклий Литанишвилинин Aim of Emperor компаниялар тобуна кирет. Бирок компанияны медиа чөйрөдө орусиялык миллиардер, батыштын санкциясындагы Сулейман Керимовдун ысымына да байланыштырышат. 2022-жылы ноябрда Emperor Aviation компаниясы так ошол Сулейман Керимовдун үй-бүлөсүн тейлеп жүргөнү үчүн Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына кабылган. “Скайлайт” компаниясы да Дагстанда Сулейман Керимовдун чөйрөсүнө таандык болгон “Махачкала” аба майданы менен биргеликте бизнес-долбоорлорду ишке ашырып келген.
Бизнес-жет буга чейин Lapwing Aviation Limited компаниясынын атынан учуп келген. Компания юридикалык жактан британ жараны Грегори Пол Кларк-Уордго катталган. Арийне, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы кабарларга караганда, учак иш жүзүндө өзбекстандык миллиардер Фаттох Шодиевге таандык деп эсептелет.
Bombardier Global Express “Манас” аба майданына 2023-жылы июль айында учуп келип, бир айдан ашуун турган. Кыргызстанда анын Lapwing Aviation Limited компаниясына таандык экенин билгизген эн белгиси сары боёк менен өчүрүлгөнү ачык эле байкалып турат.
Бизнес-жетти Орусияга өткөрүп берүүдө ортомчу болгон кыргыз жараны Миржамал Мирисупов тууралуу ачык булактарда маалымат көп эмес. Интернеттеги айрым сайттар анын Кыргызстандын Чалдыбар айылында туулганын, “Чалдэкспо” аттуу ири агрохолдинги бар экенин жазган. Холдингдин карамагында 650 гектар жери бар экендиги, анын жылдык кирешеси 250-300 млн доллар болору айтылат. Бирок иш жүзүндө анын баары фейк маалыматтар экени аныкталды.
Айыл чарба министрлиги кластерлер жана мамлекеттик программага катышкандар арасында, дегеле айыл чарба тармагында “Чалдэкспо” деген компания жана Миржамал Мирисупов аттуу жаран жок экенин билдирди.
“Мен толук карап чыктым, сайтты деле окуп чыктым. Мен 2022-жылы кластерлерге жардам берип, бүт компанияларды өзүм каттагам. 2022-жылы андай ишкана такыр жок болчу. 2020-жылы деп жазылып жүрөт, ал кезде кластердин өзү да жок болчу да. Андайларды тааныбайт экенбиз, чынын айтканда”, - деди мекеменин агроөнөржай кластерлер бөлүмүнүн башчысы Дамира Аскарбекова.
Миржамал Мирисупов тууралуу колго илинген бир гана маалымат боюнча, анын катышуусунда Чалдыбар айылында “Строитель” деп аталган өндүрүштүк кооператив түзүлүп, ал 2015-жылы жоюлуп кеткен.
“Биг Маунтин Групп” жана Embraer ERJ-135, Boeing 737-700 учактары менен Airbus тикучагы
Ачык булактарды карап отурсак “Биг Маунтин Групп” компаниясы 2022-жылдын декабрынан 2023-жылдын май айына чейин Boeing жана Embraer бизнес-учактары менен бир Airbus үлгүсүндөгү тикучакты Орусияга алып өтүп берген.
Фирма 2023-жылы 19-майда Embraer ERJ-135 үлгүсүндөгү бизнес-жет учагын орусиялык олигарх Владимир Евтушенковдун Jet Air Group компаниясына саткан. Заводдон чыккандагы сериялык номуру 14501232, канчага сатылганы белгисиз. Учакка 2022-жылдын декабрына чейин Сан-Маринодо катталган Umatila Trading Limited компаниясы ээлик кылып келген. Германиядагы Planespotters порталындагы маалыматтарга карасак, Орусияга барардын алдында же 12-майда Стамбулдан Ташкентке учуп келип, ал жерде 19-майга чейин болгон. Анын баштапкы борттук номуру Т7-AKM болсо, Орусияга баргандан кийин RA-02875 номуру ыйгарылган да, Premier Avia авиакомпаниясынын атынан уча баштаган. Бирок бул учак жана анын Орусияга сатылгандыгы тууралуу Great Export Import жана Globus VED порталдарында маалымат жок.
“Биг Маунтин Групп” 2022-жылы 28-декабрда Орусияга Boeing 737-700 (модели 737-700IGW (737-7FY) үлгүсүндөгү дагы бир бизнес класстагы жүргүнчү учагын саткан. Бул учак “Транс Капитал” аттуу компанияга кеткен. Анын заводдон чыккандагы сериялык номуру 36493. 2007-жылы чыккан, 16 кишилик учак 32 млн (32 095 624) долларга бааланган.
Globus VED порталында “Биг Маунтин Групп” кыргызстандык жеткирүүчү катары катталган. Ал эми Great Export Import порталында учак Орусиянын аймагына АКШдан түз жеткирилгени көрсөтүлгөн.
“Транс Капитал” акционердик коому бизнес-жетти сатып алардан эки ай эле мурда, тагыраагы, 2022-жылы октябрь айында түзүлгөн. Арийне, бул компаниянын изи дагы Владимир Евтушенковдун бизнес чөйрөсүнөн алыс кетпейт. Компания сентябрь айында орусиялык олигарх Владимир Евтушенковго караштуу “Sistema SmartTech” венчурдук фондунун 90% үлүшүн сатып алган.
Эстониялык иликтөөчүлөр “Sistema SmartTech” фондунда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун кызы Ксения Шойгунун да үлүшү бар экенин жазган.
Аба майдандарын мониторинг кылган ресурстардын маалыматтарын карасак, “Транс Капиталга” барган Boeing Орусияга келери менен “Premier Avia” компаниясынын атынан өлкө ичиндеги жана эл аралык чартердик каттамдарга уча баштаганын көрөбүз. “Premier Avia” дагы “Jet Air Group” сыяктуу эле орусиялык олигарх Владимир Евтушенковдун “Система” финансылык корпорациясынын курамындагы авиакомпаниялардын бири. Евтушенков да, “Система” корпорациясы да, “Sistema SmartTech” фонду менен “Premier Avia”, “Jet Air Group” компаниялары да эл аралык санкциялардын тизмесинде турат.
Ачык булактардагы маалыматка ылайык, аталган Boeing учагы 2010-жылы “Premier Avia” компаниясында лизингде турган. Сыягы, 2022-жылы март айында Евробиримдик орусиялык учактарга санкцияларды салгандан кийин Орусиянын сыртында калган. Борттук номуру санкцияга чейин P4-AFK болсо, маалыматтарды салыштырып отуруп, 2022-жылдын декабрында Орусия кайтарып алгандан кийин “Росиавиация” тарабынан RA-73890 деген номур ыйгарылгандыгын көрөбүз.
Ортомчулук милдетти аткарган “Биг Маунтин Групп” ЖЧКсына келсек, ал 2022-жылы 16-августта Бишкекте катталган. Компанияга Бережной Василий Сергеевич аттуу жаран ээлик кылат. Ишмердик багыты аба транспортун жана жабдыктарын ижарага берүү болуп эсептелет. Түзүлгөндөн бери мамлекеттик казынага 33 438 926 сом төккөн. Анын негизги бөлүгүн пайда салыгы түзөт.
Great Export Import порталынын маалыматына ылайык, 2022-жылы 20-декабрда Importaciones Carreira, S.L. деп аталган испаниялык компания Орусиядагы “Авиационный инженерно-технический комплекс” ЖЧКсына 2022-жылы чыккан 9237 сериялык номерлүү кара-көк түстөгү Airbus H125 (AS 350 B3) тикучагын саткан. Тикучак бизге таанымал “Биг Маунтин Групп” компаниясынын буюртмасы менен соодаланган. Баасы 3 млн доллардан ашкан (3069704,1 доллар).
Орусиядагы “Авиационный инженерно-технический комплекс” ЖЧКсын Юлия Евгеньевна Помощникова менен Антон Владимирович Шестеров аттуу жарандар түзгөн.
Расмий маалыматтар тикучакты сатып алган “Авиационный инженерно-технический комплекс” менен сатуучу “Биг Маунтин Групптун” артында бир эле кишилер турганын ачыктайт.
“Ачык бюджет” порталындагы маалыматтар “Биг Маунтин Групптун” салыктык төлөмдөрүн да Шестеров Антон Владимирович аттуу киши жасаганын көрсөтөт.
Ошондой эле Антон Шестеровдун ысымына толук шайкеш келген киши 2023-жылы 2-майда Кыргызстанда (Бишкек ш., Гражданская көч., 29) “Смарт Менеджмент” деп аталган фирманы каттоодон өткөргөн. Фирманын ишмердик багыты катары машиналарды, жабдыктарды, учактарды жана учуучу аппараттарды дүңүнөн сатуу деп көрсөтүлгөн.
Расмий маалымат булактары эмне дейт?
Кыргызстандын атына жөнөтүлүп, кайра Орусияга сатылып жаткан аба транспорттору тууралуу Жарандык авиация агенттигинин маалыматы барбы? Бул соода иштеринде агенттиктин орду кандай болуп жатат? Агенттиктин жетекчисинин орун басары Канат Төлөгөнов 2023-жылы Кыргызстанга учактар келип, катталганын, бирок оозеки жооп берүүдө жаңылып калышы мүмкүндүгүн айтып, кат менен кайрылууну сунуш кылды. Расмий кат жолдодук.
“Сиз деген расмий кат менен эле кайрылыңыз. Ошого так жооп бермекпиз. Азыр мен жөн эле бир нерсени айтып алсам болбойт да. Азыр бизде деле иш көп болуп жатат. Жылдын аягы болуп жатат, туура түшүнүңүз”, - деди ал.
Бажы кызматынан маалымат алуу азырынча мүмкүн боло элек.
2022-жылы Орусия эл аралык санкцияларга кабылып, экономикасы ар тараптан бөгөттөлгөндөн кийин Кыргызстанга келген орусиялыктардын саны көбөйүп, алардын бир бөлүгү жарандык ала баштаган. Аларды кыргыз жарандыгына жеңилдетилген жол менен кабыл алып жаткан бийлик башында тизмелерди ачык жарыялап жаткан болчу. Жарандык алгандардын арасында орус саясатчылары менен ири бизнес өкүлдөрү да болгон жана алар Кыргызстанда жүздөгөн компанияларды ачып жатышканы белгилүү болгон. Кийин бир катар коомдук талкуулардан соң президенттин жарандык боюнча жарлыктарын коомго ачыктабоо чечимин кабыл алышкан. Мындай чектөөлөрдөн улам Кыргызстан аркылуу эл аралык күмөндүү соода операцияларына катышкандардын арасында "жаңы жарандар" бар же жок экенин аныктоо татаалдаган.
Учактар менен тик учактардын соодасы тышкы сооданын расмий статистикасында 880240 деген товардык-номенклатуралык коду менен берилет.
Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин 2023-жылдагы тышкы соода боюнча статистикалык маалыматтарынан аба транспортторуна тийиштүү болгон 8802 товардык-номенклатуралык кодундагы маалымат алып салынган. Андан калса, май айынан тарта товардык-номенклатуралык коддун 10 орундуу деталдаштырылган маалыматтарын жарыялоо да токтотулган. Мекеменин өкүлдөрү 8802 кодундагы маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү чектелгенин билдиришти.
2022-жылдагы маалымат боюнча, Кыргызстан жалпысынан 72,4 млн долларга учактар менен тикучактарды импорттогону жана 13,8 млн долларга экспорттогону жазылган болчу. Импорт негизинен АКШ, Франция жана Бразилиядан жасалган. Экспорт болсо Испания, БАЭ жана Молдовага кеткен.
Бириккен Улуттар Уюмунун статистикалык башкармалыгы (UN Comtrade Database) Кыргызстан 2023-жылы Гонконгдон 8802 товардык-номенклатуралык белгисине туура келген 3,2 млн долларлык импорт жасаганын көрсөтөт. Ошол эле маалда июнь айында эки жолу ири суммада учак экспорт кылган - биринин жөнөтүлгөн дареги белгисиз, баасы 25,9 млн доллар болсо, экинчиси Түркияга 25,5 млн долларга сатылган. Учактардын аталыштары, үлгүсү жана номурлары белгисиз. Мындан тышкары Бириккен Араб Эмирликтерине бир жолу, Египетке эки жолу жана белгисиз өлкөгө үч жолу 300 миң доллардан 500 миң долларга чейинки беш экспорт жасалган.
Бул операцияларга эмне үчүн көңүл бурдук?
Кыргызстан катышкан мындай учак соодасынын кандай мааниси бар? Райкан Төлөгөнов айткандай, бизнес менен кимдин иши болуш керек? Анын Кыргызстан үчүн кандай тобокелдиктери бар?
Евробиримдик менен АКШ баштаган эл аралык коомчулуктун Орусияга каршы салган санкциялык чаралары жарандык да, аскердик да максатта иштетүүгө жарай турган кош багыттуу товарлардын жана орус саясатчылары менен Кремлге ынак олигархтарынын кеңири тизмесин камтыйт. Алардын ичинде учактар менен тикучактар жана аларга керектелүүчү тетиктер да бар. Мындай санкциялык товарларды Орусияга өткөрүүгө жардам бербөө, эл аралык чечимдерди колдоо талабын жогорудагы өлкөлөр бардык тараптардан, мунун ичинен Кыргызстандан да талап кылып келишет. Европа менен АКШнын чабармандары Бишкекке бир канча жолу келип, кыргыз өкмөтү менен ишкер коомчулугуна түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кетишкен. Кыргыз бийлигинин өкүлдөрү Данияр Амангелдиев менен Жээнбек Кулубаев эл аралык санкциялардын талаптарын сактай турганын убада кылып жүрөт.
Ага карабай, Кыргызстан аркылуу Орусияга кош багыттуу товарлардын агымы кескин көбөйүп жаткандыктан, 2023-жыл ичинде жергиликтүү алты компания санкциялык тизмеге киргизилди.
Экономист Эмил Үмөталиев Кыргызстан эл аралык санкциялар маалында транзиттик мүмкүнчүлүгү зыян тартып калбаса экен деген кооптонуусун бөлүштү:
“Момундай санкция мезгилинде биздин экономика транзиттик экономика болуп же транзиттик экономиканын оң жактары эмес, терс жактары көбүрөөк көрүнүп жатат. Жарыш импорт деп коёт, мисалы, Орусияга санкция жарыяланып, ага дүйнө өлкөлөрү көп нерселерди сатпаш керек деп жарыялап, үгүттөп жатса, биздин өлкө аркылуу бизге импорт болуп кирип, анан бизден Орусияга транзит же экспорт болуп кетип жаткан көп нерселер – бул ошол санкцияны бузуу жолдору, тымызын, жумшак, көрүнөө-көрүнбөй, орой-одоно же жашыруун-көмүскө – иши кылып ошо санкцияны бузуу жолдору менен көмөк көрсөтүү катары болгон нерсе өлкөбүздүн өкүлдөрү кандай айтпасын, бирок жалпысынан элибизге зыяны тийиши мүмкүн”.
Кош багыттуу товарлардын агымынын көлөмү азайбай жатканын көрүп турган батыштын эксперттери Кыргызстанга карата санкциялык чараларды колдонууга чакырып жатышат. Эл аралык финансы институтунун башкы экономисти Робин Брукс соңку кездери мындай чакырыктарын ачык айтып жатат. Financial Times өңдүү басылмалар да Европадан Кыргызстанга арнап жөнөтүлүп, бирок орто жолдон Орусияга кирип кетип жаткан товарларды ачыктап берүүдө.
Санкциядагы учактардын Кремль менен ынак олигархтардын колуна барып жатышы жана мындай күмөндүү иштерге Кыргызстандын катышып жатышы тобокелдиктерди андан бетер күчөтөт.