19-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
“Кемпирабадчылар” президентке кайрылды
Кемпир-Абад иши боюнча кылмышка шек саналып, бир жалдан ашуун абакта жаткандар президент Садыр Жапаровдун Элдик курултайда “кемпирабадчылар” тууралуу айткан сөздөрүнө байланыштуу кайрылуу кылып, “кылмыш ишинин материалдарында Кемпир-Абад окуясына чет мамлекеттин же адамдын катыштыгы бар деген бир да факты же далил жок” экенин билдиришти. 16-декабрда курултайда Садыр Жапаров “Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бири кайсы бир мамлекеттин элчисинен акча алганын” айткан. Бирок сөз ким жана кайсы өлкөнүн элчиси жөнүндө болуп жатканын тактаган эмес.
Бажыдагы байланыштар иликтенип жатат
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Улан Кимсанов бажыда маркум Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) менен Райымбек Матраимовго байланышы бар делген дагы 9 адам боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатканын билдирди. УКМК буга чейин Көлбаев-Матраимов “мафиясына” байланышы бар 180ден ашуун киши кызматтан алынганын кабарлаган. Анын ичинен 76 адам Бажы кызматынан кеткен. Алардын аты-жөнү жана буга чейин ээлеген кызматы тууралуу маалымат бериле элек.
“Рух Ордо” мамлекетке өттү
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетини Ысык-Көлдөгү “Рух Ордо” борбору мамлекетке өтүп, бюджетке дагы 537 миллион сом кайтарылганын кабарлады. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, “Рух Ордо” туристтик-экскурсиялык борборун Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Борис Сандын уулу Александр Сан 18-декабрда мамлекетке өткөрүп берген. Ал кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу менен байланышы бар деген шек менен 21-ноябрда кармалган.
Кытай: Зилзалада 100дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды
Кытайдын түндүк-батышында зилзаланын кесепеттерин жоюу, аман калгандарды издөө иштери уланууда. Расмий маалыматка караганда, күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөөдө 100дөн ашуун киши набыт болуп, 400дөн көбү жараат алды. Катуу сууктун айынан куткаруу иштери кыйынчылык менен жүрүүдө. Ганьсуда эле 5 миңдей үй урап калды. Айрым райондордо электр жарыгы жана суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учурады. Зилзаланын очогу Ганьсу жана Цинхай чөлкөмдөрүнүн чек арасында, Линься шаарынан 52 чакырым жерде катталды. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзинпинге табигый кырсыктын курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты.
Газа: Израил армиясы Рафахтагы "хамасчыларга" сокку уруду
Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарында израил армиясынын түнкү соккусунан кеминде 20 палестиндин өмүрү кыйылды. Бул туурасында АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган ХАМАС радикал тобу көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо мекемеси билдирди. ЦАХАЛ азырынча бул боюнча маалымат тарата элек. Израилдин бомбалоосунан качып барган он миңдеген палестиналык Газанын Египет менен чек арасындагы Рафах аймагында топтолуп турат. 7-октябрдан бери толук курчоодо турган анклавда гуманитардык кырдаал "апаатка айланып баратканын" эл аралык уюмдар эскертүүдө. 19-декабрда БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Газадагы кырдаал боюнча резолюция каралат.
Казанда Алсу Курмашеваны колдоп чыккан активисттерге айып тагылды
Орусияда эркин журналисттерге, анын ичинде «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун эки айдан бери тергөө абагында отурган кабарчысы Алсу Курмашевага куугунтукту токтотуу талабы менен акция уюштурган активисттерге айып тагылууда. 10-декабрда Казань шаарында митинг уюштурган активист Дарина Лунцованы полицияга суракка чакырып, «административдик тартипти бузган» деген айып такты. Митингде «Алсу Курмашева – журналист, ал кылмышкер эмес» деген жазууну көтөргөн Искандер Ясавеевге да ошондой эле айып тагылды.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун татар-башкыр редакциясынын журналисти, АКШнын жана Орусиянын жараны, Прагада жашаган Алсу Курмашевага «чет өлкөлүк агент катары каттоого турган эмес» жана «орусиялык аскерлер тууралуу фейк маалымат тараткан» деген айыптар тагылууда. Журналист андай айыптарды четке кагууда. "Эркин Европа/Азаттык" радиосу орус бийлигин Алсу Курмашеваны токтоосуз абактан бошотууга чакырган.
“Азаттык” алдыга чыкты
“M-Vector” консалтинг компаниясынын 2023-жылы жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгында “Азаттык" интернет ресурстары эң көп окулган жана көрүлгөн медиа деп табылды. Ага ылайык, сурамжылоого катышкандардын 7% күн сайын жана жума сайын “Азаттыктан” маалымат алып турарын билдирген. Экинчи орунда Kaktus.media басылмасы 4%, super.kg, Akipress жана 24.kg маалымат агенттиктери 3% менен үчүнчү орунду алды.