Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:11
Жогорку Кеңештин курултайга келген депутаттары. 15-декабрь, 2023-жыл.
Жогорку Кеңештин курултайга келген депутаттары. 15-декабрь, 2023-жыл.

Курултай: Туунун тагдыры, абактан кайрылуу, кадр саясатына сын

15-16-декабрда Бишкекте 2-Элдик курултай өттү. Курултайдын биринчи күнү 75 делегат сөз сүйлөдү. Ал биринчи жолу 2022-жылы 25-26-ноябрда өткөн.

15-16-декабрда Бишкекте 2-Элдик курултай өтүп жатат. Курултайдын биринчи күнү 75 делегат сөз сүйлөдү. Ал биринчи жолу 2022-жылы 25-26-ноябрда өткөн. 2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Конституцияга Элдик курултай институту киргизилген. Кийин мыйзам кабыл алынган. Айрымдар парламент турганда Курултай институту кереги жок экенин айтып келишет.

15:59 16.12.2023

Садыр Жапаров Элдик курултайда ысырапчылыкты сындады:

"Кудамдын кудасы деп отуруп, бир жерде жети жылкы союлуп кетти. Эмне деген ысырапчылык? Ушуну токтотуу керек. Айрым адамдар кредит алып тойго жумшап атат. Кредитти бир нерсени алып көбөйтүү үчүн керек", - деди.

15:51 16.12.2023

16-декабрда президент Садыр Жапаров экинчи Элдик курултайдын делегаттарынын суроолоруна жооп берип жатып элди шайлоолорго активдүү катышууга чакырды.

15:12 16.12.2023

12:11 16.12.2023

16-декабрда Экинчи Элдик курултайдын делегаты Кадыр Кошалиев сөз сүйлөп жатып Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар сотту ачык өткөрүүнү талап кылып жатышканын учкай айтып өттү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG