Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:32

Невада университетинде ок атылып, үч адам набыт болду


Университеттин ок атылган кампусу. Лас-Вегас. 6-декабрь, 2023-жыл.
Университеттин ок атылган кампусу. Лас-Вегас. 6-декабрь, 2023-жыл.

АКШнын Невада штатындагы университеттин кампусунда 6-декабрда үч адам окко учканы кабарланды. Канча киши ооруканага жеткирилгени тууралуу так маалымат жок.

Лас-Вегастын полициясы ок чыгарды деп шек саналган адам каза тапканын маалымдады.

Окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Кампус курчоого алынып, коомдук транспорттун журүшүнө тыюу салынды.

Университеттеги бул окуя кышкы экзамендердин, ага улай башталуучу каникулдар алдында болду. CNN жазгандай, көпчүлүк студенттер Лос-Анжелес шаарына барып эс алат. Лос-Анжелесте 2017-жылы өлкө тарыхындагы эң чоң атышуу болгон, анда 58 адам набыт болуп, жүздөгөн кишилер жараат алышкан.

6-декабрда АКШ Сенатындагы республикачылар автомат алып жүрүүнү тыюу тууралуу демократтардын демилгесине жолтоо болууга аракеттеништи. Демократтардын бул сунушу Невада университетиндеги окуядан бир нече саат мурда берилген.

Жыл башынан бери АКШда ок атылган 39 окуя болгон. Мындай окуяларды каттап келе жаткан Associated Press, USA Today жана Түндүк чыгыш университетинин маалыматында, жапырт аткылоого ок аткан адамдан тышкары кеминде төрт кишинин өмүрүн алган окуялар кирет.

XS
SM
MD
LG