Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:08

Украинада бороон-чапкындан 10 кишинин өмүрү кыйылды


Украинада бир катар кан жолдор жабылды.
Украинада бир катар кан жолдор жабылды.

Украинада катуу шамал менен коштолгон жаан-чачындан 10 кишинин өмүрү кыйылды. 20дан көп адам, анын ичинде эки бала жабыркады. Бул тууралуу Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко билдирди.

Анын билдирүүсүнө караганда, Одесса облусунда беш киши набыт болуп, 15тейи жараат алды. Куткаруучулар аймактагы 2,5 миңдей адамга жардам көрсөттү.

Андан тышкары Николаев, Харьков облустарында жана Киев шаарында каза болгондор катталды. 28-ноябрдын таңына карата Украинанын 11 облусунда 400дөн көп калктуу конуш электр жарыксыз калды. Николаев жана Кировоград облустарында бир катар кан жолдор жабылды.

Орусия аннексиялап алган Украинанын Крым жарым аралынын бир катар аймактарында өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин аймактын Москва дайындаган жетекчилиги билдирген. Маалыматка караганда, ал жакта бир киши мүрт кетти. Ондогон калктуу конуштар электр жарыксыз калды.

Жарым аралда 28-ноябрда дагы бороон-чапкын болору тууралуу эскертүү берилди.

XS
SM
MD
LG