Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:47

Араванда айыл аймактын мурдагы башчысы мыйзамсыз жер бөлүштүрүүгө шек саналып кармалды


Араван районунун кире бериши
Араван районунун кире бериши

Оштун Араван районуна караштуу С.Юсупов айыл аймагынын мурдагы жетекчиси "жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп берген" деп шек саналууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал 22-ноябрда кармалганын билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, жер тилкесинин баасы 11,8 миллион сом экени аныкталган. Шектүүнүн үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголду.

Атайын кызмат бул ишке тиешеси бар башка жооптуу кишилерди аныктоо аракети болуп жатканын кабарлады.

"Азаттык" радиосу шектүүдөн же анын жакындарынан азырынча комментарий ала алган жок.

XS
SM
MD
LG