Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:50

Балдар үйүнө он айда ата-энеси баш тарткан 14 наристе түшкөн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги төрт жашка чейинки балдарды реабилитациялоочу борборго 2023-жылдын он айында ата-энеси баш тарткан 14 наристе жеткирилген. Алардын ичинен алтоо мигранттардын балдары.

Бул тууралуу аталган борбордун адиси Гүлжан Ашимова "Азаттыкка" билдирди:

"Төрөгөн энеси баш тарткан бул балдар Орусия, Казакстандан репатриацияланып алып келинген".

Ашимованын сөзүнө караганда былтыр балдар үйүнө 20 бала түшсө, алтоо репатриация болгон балдар. 2021-жылы 37 бала жеткирилсе, анын ичинен 19у Орусия, Казакстандагы мигранттардын балдары болгон.

Ноябрь айында Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайлар көчөгө ташталган үч окуя катталды.

8-ноябрда Бишкекте таштандыга ыргытылган ымыркай табылып, ооруканага жеткирилген.
19-ноябрда Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде көчөгө калтырылган ымыркайды милиция кызматкерлери төрөт үйүнө жеткирген. 20-ноябрда Жалал-Абадда таштанды челектен жаңы төрөлгөн кыз табылган. Үч ымыркай тең учурда ооруканада, абалдары туруктуу экени кабарланган. Баарынын төрөп, таштаган энелери табылган.

Бул окуядан кийин коомчулукта төрөп, багууну каалабаган энелер үчүн ымыркайларын калтыруучу атайын жайларды ачуу зарылдыгы тууралуу маселе көтөрүлдү.(AiA/ZKo)

XS
SM
MD
LG