Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:37

Орусиядагы медиаолигарх Владимир Киселёв өкмөттүн митингдерин сындады


Украин аймактарынын аннексияланышынын бир жылдыгына арналган митинг-концертке даярдык. Москва. Сентябрь, 2023-жыл.
Украин аймактарынын аннексияланышынын бир жылдыгына арналган митинг-концертке даярдык. Москва. Сентябрь, 2023-жыл.

Орусиядагы бир катар "Русское радио", "Хит FM" жана "Монте-Карло" радиолорунун башын бириктирген "Русская медиагруппа" медиахолдингинин ээси, ишкер Владимир Киселёв өкмөт уюштуруп жаткан патриоттук митинг-концерттерди сындады. Бул тууралуу The Moscow Times басылмасы маалымдады.

Киселёв НТВ телеканалында сүйлөп жатып, мындай митингдердин "пайдасыздыгын" айтты. Ал 29-сентябрда Кызыл Аянтта украин аймактарынын аннексияланышынын мааракесине арналып уюштурулган иш-чараны мисал келтирди. Ал концерттин "Бир өлкө, бир үй-бүлө, бир Орусия" деп аталган чакырыгын сындады.

"Кимдир-бирөө бул деген фашисттик Германиянын - бир фюрер, бир эл, бир өлкө" деген чакырыгы экенин ойлодубу?", - деген Киселёв иш-чаранын уюштуруучуларын "бешинчи колоннага" теңеди.

Ал ошондой эле 29-сентябрдагы митинг-концертке элди акча төлөп чакырышканын да билдирди. "Москва жана Подмосковьенин тургундарын акча төлөп алып келүүдөн башка нерсе ойлоруна да келбейт. Баарынан да жапайычылыгы - аларга акчасын митинг аяктаганда, үч саат кетпей турса гана берүүнү ойлоп табышыптыр", деди Киселёв.

The Moscow Times белгилегендей, ишкер Орусия президенти Владимир Путиндин жакын чөйрөсүндөгү адамдарын бири. Анын фонду Путиндин катышуусу менен иш-чараларды өткөрүп келген.

Forbes 2011-жылы Путин Киселёвдун баласынын өкүл атасы (крёстным отцом) болгонун жазып чыккан.

XS
SM
MD
LG