Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:09

Финляндия Орусия менен чек арасындагы эң ыраактагы бекетинен башкасын бүт жабат


Финляндия менен Орусиянын чек арасындагы өткөрмө бекет
Финляндия менен Орусиянын чек арасындагы өткөрмө бекет

Финляндиянын бийлиги Орусия менен чек арасындагы бир гана - түндүктөгү эң ыраак өткөрмө бекетинен башка бардык бекеттерин жабууну чечти. Бул тууралуу Финляндиянын премьер-министри Петтери Орппо шаршембиде билдирди.

Фин-орус чек арасындагы бир гана "Райа-Йоосеппи" көзөмөл өткөрмө бекети ачык болот. Аталган бекет Орусиянын Мурманск шаарынан 240 чакырым алыстыкта жайгашкан. Калган чек ара бекеттери 25-ноябрдан кеминде 23-декабрга чейин жабылат.

Хельсинки Москва үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарын атайылап фин тарапка өткөрүп жатат деп эсептейт. Кремль бул айыптоону четке кагып келет.

Финляндиянын тышкы иштер министри Элина Валтонендин сөзүнө караганда, зарылчылык болсо Орусия менен чек ара толук жабылышы да ыктымал.

Финляндиялык Yle медиасы маалымдагандай, ноябрдын башынан бери Орусиядан фин тарапка башпаанек сураган 500дөн ашуун адам өткөн. Алардын ичинде Сирия, Йемен, Ирак, Сомали жана башка өлкөлөрдүн жарандары бар. Дем алыш күндөрү түштүк-чыгыш чек арасындагы "Вартиус" бекетинен 83 адам башпаанек сурап өтсө, шаршемби күнү эле "Вартиус" жана "Салла" өткөрмө бекеттеринен үчүнчү өлкөлөрдүн 75 жараны кирген.

Фин-орус чек арасында унаа өтүүчү сегиз өткөрмө бекети бар. 19-ноябрга караган түнү алардын Санкт-Петербург шаарына жакын жайгашкан төртөө 18-февралга чейинки мөөнөткө жабылган. Карелия жана Мурманск облустары менен чектешкен төрт чек ара бекети иштеп жатат.

2023-жылдын башында Финляндия Орусия үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарын өткөрүп жиберүүсүнөн сактанып, чек арасын тосмолоону баштаган.

2021-жылы ушундай эле маселе Беларус менен Польшанын чек арасында катталып, беларус тараптан Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүнүн жарандары Польшага, андан ары Евробиримдик өлкөлөрүнө кирүүгө аракет кылышкан.

XS
SM
MD
LG