Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:06

Кандан-бектен тартынбаган кайран демократ


Топчубек Тургуналиев.
Топчубек Тургуналиев.

Топчубек Тургуналиев менен жаңы кыргыз тарыхынын романтикалуу доору аягына чыкты. Демократияны туу тутуп, ага өмүрүн сайган саясий алптардын бири акка моюн сунду. Ал чындыкты баарынан бийик койчу, адилеттик үчүн кандан-бектен кайра тартчу эмес. Эңсеген демократиялык бийликтин абагына түштү, куугунтугуна кабылды, бирок сынган жок. Ишенимине чаң жугузбай, Кыргызстан демократиялуу өлкө болоруна үмүт артып жашады.

Аттиң, дүйнө

Кан калпакты кайкалата кийип шайдоот жүрчү кыргыз демократиясынын алптарынын бири Топчубек Тургуналиевдин бул жарыкты таштап кетиши баарыбыздын сай-сөөгүбүздү сыздатты. Аны билип калган, чогуу жүргөн санаалаш-пикирлештери үчүн бул өзү чынында эле опсуз чоң жоготуу. Кыргыз демократиясынын алптары акырындан бул жалган дүйнөнү таштап кетип жатышат. Казат Акматов, Жыпар Жекшеев, мына эми артынан кайтпас сапарга Топчубек Тургуналиевди узатып жатабыз.

Улуттук тарыхый сый-урмат көрсөтүлө турган Топчубек Тургуналиев деген улуу инсан тууралуу кеп кылуунун оордугун ушу азыр жон терим менен сезип турам. Эстеп көрсөм, Топчуке менен бала кезде кездешипмин.

Эсил кайран социализм заманында Кыргызстан коммунисттеринин “Пропагандисттин жана агитатордун блокноту” деген жупкадай жука басылмасы чыкчу. Апта сайын жарыяланчу ошол чөнтөк журналдын активдүү авторлорунун бири Топчуке эле. Эми ал кезде маркстык-лениндик идеяны калк арасына жайылтуу, коммунисттик идеологиянын артыкчылыгын жалпыга даңазалоо аракети күчтүү болчу.

Нөөмөтү келген экен, Хрущевдук “ала баарды” тоңдуруп, кыйла жыл брежневдик “дымыгуудан” соң булут чүмкөгөн көктөн жарк этип жарыгын чачып, “кайра куруу” заманы чыга келбедиби. Топчукенин саясий жылдызы ошондо жанды. Бул эми 80-жылдардын ортосунан башталган тарыхый процесс.

Ал кездеги өзгөрүү, күн сайын бажырайып ачылган акыйкаттык, сөз эркиндиги, пикир айтуу мүмкүндүгү азыркы жаңы муунга жомоктогудай сезилери бышык. Демократиялык жаңыланууга тартынбай киришкен советтик республикалардын бир тобу Кыргызстанды “белгисиз республика” атап, кожоюп катып калган коммунисттик догма, шаблондордон чыгуу аракетин Ала-Тоо айдыңында баштагандардын алдыңкы катарында Топчубек Тургуналиев да турган. Жаңыны тикелөө, коомдук пикирди алдыга буруу, дегеле демократия куруунун татаалдыгын, карама-каршылыгын, анысы аз келгенсип, зыл таштай оордугун Топчукенин тагдыр жолунан айкын байкоого болот. Кыргызстан ренессансынын жаркын барактарынын бири ошондо жазылган. Кыргызстан демократиялык кыймылынын активдүү мүчөлөрүнүн бири Рахила Жусупова Топчуке менен “Улуу көч” жүрүшүнө, Акаев заманындагы Топчукенин токтолбос сотторуна катышканын эскерет:

"Ал киши менен “Өмүр көчү” жүрүшүнө катышып калдык. Кыргызстанда демократиялык коомду курууда Топчукенин эмгеги зор. Мамлекеттин өнүгүшүнө кошкон салымы чоң деп ойлойм. Аябай ачык, чындыкты айткан калыс киши эле. 1995-жылы атаандаш шайлоодо Аскар Акаев туура эмес иштерди көп жасаган. Ошондо М.Шеримкуловдун талапкерлигин коюп, Жумагазы Садыр уулу экөө аябай катуу иштешкен. Биз да иштегенбиз. Садыр уулу экөө ошондо түрмөгө камалганын билем. Канчалаган сотторуна катыштык, калыстыгынан эч качан тайбады. Бийлик калыс болушу керек деп туура көз карашты карманды. Ошенткенин билем".

Топчукенин эгемендик доордогу башынан өткөндөрү кантип жана кандайча демократиялык делген бийликке жакпай калганы, эмнеликтен узак жыл куугунтукка алынып, абактарда жатканы көпчүлүккө дайын. Алар тууралуу көп айтылды, көп жазылды. Бир гана белгилей кетчү жагдай, түрмө Топчукени сындыра албады, мурда кандай болсо ошондой калды.

Майтарылбас эрк

Горбачёвдук “кайра куруу” заманында демократиялык кыймыл түзгөндөрдүн алдыңкы катарында туруп, буга чейин кыргыз коому башынан кечире элек жаңы заманга кадам таштаган карама-каршылыктуу оор жылдарда демократия ураанын чакырып, ага айныксыз ишенип, анын ысык-суугуна кайыл болуп, жок жерден жалаа жаап камагандарды, биротоло сындырып койгусу келгендердин пенделик пастыгын кечирип, эл арасында жаркын жүз менен жашады. Кечээги душмандарын кектеп, сары изине түшүп өч албады, алардан өзүн бийик тутту.

Топчубек Тургуналиевдин адамгерчилиги, ишенчээктиги, жубардай тазалыгы мезгил сыноосунан ийгиликтүү өттү. Демократиялык коомду куруу оголе оорго турарын ал өзү жон териси менен сезип, коммунисттик доордун көнүмүшүнөн чыгуу канчалык чиелешкен, татаал экенин көрүп-билип турса да, беттегенинен тайбай, өмүрү өткөнчө адилеттиктен кайтпады. Башкаларчылап бийликтин кошоматчысы, өлүү дүйнөнүн күнкору болбоду. Жооптуу иште аны менен бир катарда жүргөн үзөңгүлөштөрүнүн бири, Кыргызстанда адам укугун коргоо институтун түптөгөн Турсунбек Акун Топчубек Тургуналиев менен чогуу өткөн жылдарын минтип эскерет:

"Кыргызстан демократиялык кыймылын түзгөндөрдүн эң башында үч лидер турган – Казат Акматов, Жыпар Жекшеев жана Топчубек Тургуналиев. Бул өзү феномен, институтта мугалим болуп иштеген, коммунисттик партиянын Борбордук комитетинде иштеген адам ташка тамга баскандай сүйлөп, бардыгын тайманбай бетке айтып, Компартиянын кемчиликтерин жашырбай ачыкка чыгарып, анан демократия деген туура жол экенин, ошону менен гана алдыга жыларыбызды биринчилерден болуп айтып чыккан Топчукем, Казат, анан Жыпар Жекшеевдер болду да.

"Биз ал кезде жаш элек. Кыргызстанда демократиянын кыштарын койгон адамдардын бири - Топчукем. Чечен болчу, сөздү чукугандай тапчу. Артынан элди ээрчите билген жагы бар эле. Жөнөкөй адам болчу. Сабыркүл эжем экөө өмүр бою жупуну жашады. Жеген-ичкен жок, жаман ишке барган жок. 16 жылга камалды, анан Хиллари Клинтон келип бошотуп кетти. Демократтардын ичинен көп камалган, азапты арбын тарткандардын башында Топчукем турат.

Ал өзү туу туткан ишинин актыгына ишенген үчүн акыркы деми калганча демократия деп, эчен кылым тарыхый оор жолду басып өткөн байыркы кыргыз эли өнүгүүнүн мына ушул ишенимдүү жолуна түшүүсүн каалады. Топчуке демократия салты, жосуну улуу сөздөн - “Манастан” башталарын, анын тамыры тереңден көктөп чыгарына айныксыз ишенгендиктен, баатырдык байыркы баяндын философиясын аңдоого бир топ жылын арнады".

Илимпоз

Табиятынан зирек, жаңылыкка жакын сезимтал инсан бала кезинде күлүк ат чаап, мектепти ийгиликтүү аяктап, алгач борбор калаадан, кийин коммунисттик борбор Москвадан окуп, философия илимдеринин кандидаттыгын жактап, акыл-эс, билим куржунун байыткан. Орус-кыргыз тилинде эркин жазган, уккан адамды муютуп сүйлөгөн чечендиги горбачёвдук “кайра куруу” кезиндеги түгөнбөгөн жыйындарда ачылып, өлкөнүн туура багыт алышына көмөк көрсөткөн. Беттегенин бербеген көк, өжөр болгону менен, Топчуке өзү ишенчээк эле. Анысын “Азаттыктын” кабарчысы Санжар Эралиевге берген маегинде моюнга алган жайы бар:

"2005-жылдагы Бакиевден башка эч ким жок деп ишенип койдук да, ишенчээк жаныбыз ак көңүлдүк кылып. “Мен коррупцияны жок кылам деп бизге ал сөз берген. Ошол 2004-жылы 10-сентябрда оппозициялык он партиянын жетекчилери чогулуп туруп Курманбек Бакиев менен бетме-бет сүйлөшкөнбүз. Ошондо бизге сөз берип атпайбы, “мен туугандарымды, балдарымды бийликке жолотпойм, коррупциянын тукумун курутам” деген.

Шайлообек Дүйшеев жана Топчубек Тургуналиев. 2011-жыл
Шайлообек Дүйшеев жана Топчубек Тургуналиев. 2011-жыл

Топчуке бийликти күч менен алмаштыруу жосуну 1991 – 1993-жылдардан башталганын, “перманенттик революция” ушул кезге чейин токтолбой келатканын такай айтчу, Кыргызстан революциялар дооруна кирип, андан чыга албай келатканын белгилеген.

“Себеби, Кыргызстандын айлана-тегерегиндеги элдин көбү азыр дагы диктаторлордун кулчулук системасында жашап атпайбы”, - дечү.

Ал өзү ачып алган акыйкатын тартынбай ортого салчу, мунум кимдир бирөөлөргө жакпай калабы, кандай кабылдайт деп сарсанаа тартчу эмес.

Акыйкаттык үчүн тикесинен тик турган кашкөйлүктү, кара кылды как жарган калыстыкты Топчуке өз атасынан, балалыгы өткөн айылынан алган экен. Анысын “Оомал-төкмөл дүнүйө” деген эскерүү китебинде жарыя кылган. Балалык чактын кызыктуу учурлары, айылдаштары, ата-бабасы, улуттук нарк-насил, улуулук менен бийиктиктин мыкты үлгүсү Аксыдагы Авлетим аскасын улай жайгашкан тууган жеринде кандай баркталып, кандай каада күткөнүн өзгөчө бир ынтаа менен сүрөттөп берген.

Топчуке кыйла жылын Акаев заманында түрмөдө, болгондо да Лейлектин түпкүрүндөгү Арка айылындагы абакта өткөргөн. “Кыргыз руху” гезитин түптөгөн, басылманы бир топ жыл чыгарып келген айтылуу жазуучу, публистчи Султан Раев Топчукеге атайын барып жолугуп келген:

"Бир нече жыл түрмөдө отуруп келди. Өзүнүн позициясы, көз карашы бар абийир туткуну катары камалды. Лейлекте түрмөдө жатканда, мен барып келгем. Ал жерде Топчукемин дагы бир сапатына тан бердим. Анын ушунчалык бекемдиги, туруктуулугу, кебелбестиги укмуш экен".

Топчубек Тургуналиевдин бул дүйнөдөн өтүшү менен кыргыз демократиясынын романтикалуу доору аягына чыкты. Апыртпай айтканда деле, ал биринчи муундагы демократтардын беш манжа менен саналчу алптарынын бири болчу. Толгон-токой жашырын-жабык кысымдарга, жетишпеген турмушка карабай, байманалуу Батыштан тамыр алып, көктөп чыккан демократияга башын сайып, өмүрүн тобокелге салчу азаматтар бул турмушта өтө аз чыгарын мезгил ырастады. Куугунтук, басым-кысым алдында жашоодон көрө “көзүм көрбөсө болду" принцибин кармангандар арбын болорун, мамлекеттик сыйургаал, мактоолор көбүнесе ошондойлорго тиерин көрүп жүрбөйбүзбү.

Топчубек Тургуналиев митингдердин биринде. 2009-жыл
Топчубек Тургуналиев митингдердин биринде. 2009-жыл

Кыргызстан демократиялык кыймылынын башында турган үч улуу инсандын акыркысы 82 жашында актыкка моюн сунду. Аны менен чогуу чыккан, улуу иштин ысык-суугуна кайыл болуп, түйшүгүн көтөргөн Казат Акматов, Жыпар Жекшеевдерге көзү тирүүсүндө мамлекеттик үлкөн сый-урмат көрсөтүлбөдү. Андай сый Топчукеге деле берилбеди. А бирок тарых дегениңиз калыстыгынан тайбайт, татыктуусун унутпайт.

Топчубек Тургуналиев тирүү кезинде аны көптүн бири катары көрүп, улуу тарыхый миссияны кандай аткарганына анча деле маани бербедик. Ага карата мамиле түпкүлүгүндө барып-келип демократияга карата позициябызды, түшүнүгүбүздү аныктаарын, кыязы, эстебедик окшойт...

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG