Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Мигранттарды ажалга айдаган "Редут". Орусиядагы жаңы коркунуч


Орусиядагы жалданма жоочулардын бири.
Орусиядагы жалданма жоочулардын бири.

Орусиянын Коргоо министрлиги көзөмөлдөгөн “Редут” менчик аскердик компаниясы мигранттарды Украинадагы согушка тартуу үчүн көбүнесе Телеграм-каналдар аркылуу жарнамасын жайылтууда. Ошондой эле абак жайлардан катарын толуктоого аракеттенип жатканы айтылып жатат.

Буга чейин “Азаттык” “Вагнерге” азгырылып, согушта окко учкан бир нече кыргызстандык жарандын тизмесин аныктаган.

Британиянын аскердик чалгын кызматы өткөн айда Орусияда негизделген "Вагнер" жалданма аскерлер тобунун ордун эми "Редут" деп аталган жеке аскердик компания ээлей баштаганын билдирген.

Чалгынчылардын маалыматында, бул жалданма топту Орусиянын Башкы штабынын чалгын башкармалыгы көзөмөлдөйт жана каржылайт.

Би-Би-Си буга чейин "Редут" ыктыярчылар деген шылтоо менен жалданма адамдарды, анын арасында "Вагнердин" мурдагы кызматкерлерин азгыруу менен алектенип жатканын жазган.

"Редуттун" катарында 7 миңдей адам кызмат кылары, алар Украинанын Донецк, Харьков, Киев жана Луганск облустарындагы кол салууларга катышканы, Орусиянын Коргоо министрлигинин аскерлеринин катарын толуктоо үчүн пайдаланылган көптөгөн жеке аскердик компаниялардын жана ыктыярчы топтордун бири экени кабарланган.

Мындай маалыматтарга удаа социалдык тармактарда, Телеграм- каналдарда ЧВК “Редут” мигранттарды Украинадагы согушка тартуу үчүн 230 миң айлык жана кошумча сыйлык убада кылган жарнамаларын жайылтууда.

Анда атайын "аскердик операцияга" (Орусия согушту ушундай атайт-ред.) офицерлерлер, прапорщик, катардагы жоокерлер, танкисттер, көзгө атарлар, чалгынчы, медиктер баштаган бир катар кесиптин ээлери талап кылынары жазылган. Мындан сырткары айдоочулар менен бирге башка адистер дагы жетишсиз экени белгиленген.

"Эгер атайын адистиги жана тажрыйбасы жок, бирок каалоосу күч болсо бардыгына үйрөтүп алабыз" деп жазылган жарнамада.

Негизги талап - согушка бара турган адам 19 жаштан 60 жашка чейин болушу керек. ВИЧ жана гепатит менен мурда-кийин ооругандар алынбай турганы белгиленген. Мындан мурдараак "Редуттун" жарнамасында компанияга 25 жаштан 45 жашка чейинкилер кабыл алынары жазылган болчу.

"Азаттык" ошондой жарнамалардын биринде көрсөтүлгөн номурга чалып, "Редут" кимдерди, кандай шартта алып жатканын тактаганга аракет кылды.


Бизге жооп берген адам "Редуттун" өкүлү экенин ырастап, согушка эркектерди гана алып жатканын айтты. Ал келишим Орусиянын Украина менен чектеш аймагы - Белгороддо түзүлөрүн, аскер билети барлар паспортун алып Белгород шаарына келиши керектигин белгиледи. Кайсыл өлкөнүн жараны экени келишим түзүүгө таасирин тийгизбей турганын да айтты:

"Ооба, кабыл алып жатабыз, келе бергиле. Келишим түзүү үчүн Белгородго келишиңиз керек. Паспорт менен кошо аскер билетин ала келиңиз. Эгер аскер билети жок болсо паспорт жетиштүү. Москвадан "Ласточка" поезди менен беш-алты саатта Белгородго жетесиз. Келгенде ушул номерге чалыңыз. Эгер буга чейин гепатит менен оорубасыңыз, коркпой келе бериңиз. Бул жактан дагы анализ тапшырасыз. Келишим алты айга түзүлөт. Айлык 230 рубль + сый акы каралган", - деди телефондун ары жагындагы адам.

Буга чейин "Важные истории" басылмасы Орусиянын Коргоо министрлиги көзөмөлдөгөн "Редут" менчик аскердик компаниясы Украинадагы согушка аялдарды жалдап жатканын "Борз" батальонунун мисалында жазган.

Журналисттер кыз-келиндерди чакырган жарнамаларды социалдык тармактардан тапкан.

Маалыматка караганда, аларга жарым жылга 220 миң рубль айлык менен келишим сунушталган. Жарадар болсо 3 миллион, каза тапса, жакындарына 5 миллион рубль убада кылынат.

"Борз" батальонуна жалдангандардын бири журналисттерге айтып бергендей, анын курамында аялдардан көзгө атарлар менен дрондордун операторлорунан турган отряд түзүү каралууда. Программанын эки катышуучусу батальондо даярдык көрүп жатканын бышыкташкан.


Орусиянын Сургут шаарында жашап, эмгектенген кыргызстандык согушка чакырган мындай жарнамалар ар бир үйлөрдүн подъездерине, мигранттар көп жүргөн жайларда илинип жатканын билдирди. "Азаттыктын" маектеши белгилүү себептерден улам атын атабоону суранды.

"Мигранттарды каттаган, расмий медициналык кароодон өткөн жерлерде, ай сайын мигранттар патент ала турган жерлерге тажик, өзбек тилдеринде согушка чакырган кагаздарды илип койгон. Кыргыз тилинде жазылганын көрө албадым. Ал жерге аскер комиссариатынын бир өкүлүнө кабинет ачып берип коюштуптур. Электр энергиясы үчүн келген квитанциялардын артында да согушка чакырган жарнамалар бар. "Эгер патриот болсоң аскер комиссариатына кел. Акчалай сый акы бар, үй-бүлөңдүн бакубатуулугу үчүн, ден соолугуңа кепилдик алуу үчүн" дегендей сонун сөздөрдү жазып койгон".

Бул адам айтып жаткан жарнамада медициналык билими бар аялдарды кызмат өтөөгө чакырып, келишимдин мөөнөтү бир жыл экени көрсөтүлгөн. Ал эми согушта ар бир суткадагы активдүү аракети үчүн 8 миң рубль, чопкутталган техника, учкучсуз учакты жок кылганы үчүн 50 миңден 100 миң рублга чейин, учак же HIMARSты жок кылгандарга 300 миң рубль, "Леопард", "Абрамс" танкаларын жок кылганы үчүн 500 миң рубль, бул техникаларды жок кылбай туруп бүтүн бойдон тартып алгандарга 1 млн рубль сый акы айлыкка кошулуп берилери жазылган.

Орусиянын жаза өтөөчү жайларында отурган кыргызстандыктарды мурда "Вагнер" компаниясы Украинадагы согушка азгырып келгени белгилүү. "Азаттык" урушта кеминде ондон ашуун кыргызстандык набыт болгонун тактаган.


“Вагнердин” негиздөөчүсү Евгений Пригожин жана анын командирлеринин бири Дмитрий Уткин 23-августта Тверь облусунда учак кулаганда каза болгондон кийин түрмөгө Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү келип, согушка барууга үндөп, каалоочулардын тизмесин алып кетип жатканы айтылган.

"Азаттыктын" колуна тийген кыргызстандык кыздын абактан жакындарына жазган катында дагы бул тууралуу белгиленген.


"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматы (Радио Свобода) жана "Настоящее времянын" иликтөөчү "Система" долбоору 2023-жылдан тартып жеке менчик "Редут" компаниясынын бир нече отряды (ЧВК Редут) Орусиянын абактарынан соттолгондорду жалдай баштаганын аныктаган.

Ачык булактардан жана соттолгондордун жакындарынан алынган маалыматтарга таянып, 30дан ашуун соттолуучу "Редуттун" катарында согушуп жүргөнү белгилүү болгон. "Русь сидящая" фонду "Редуттун" катарында жүргөн соттолуучулардын саны миңден ашып кетиши ыктымал экенин жазган. "Аларды Орусия боюнча, Белгороддон Владивостокко чейин тергөө абактарынан азгырып жатат", - деп жазган.

Азырынча "Редуттун" катарында согушуп жүргөн кыргызстандыктар бар-жогу белгисиз.

Ал ортодо мигранттарга укуктук жардам көрсөтуп келаткан юрист Мирлан Токтобеков "Вагнердин" ордун баскан "Редут" согушка абактагыларды тартып, өзгөчө орус жарандыгын алган мигранттарга басым жасап жатканы тууралуу маалыматтар бар экенине токтолду:

“Редут” деген мурда эле бар болчу. Булар Сирияда согушкан. Пригожин өлгөндөн кийин согушту жүргүзүү “Редутка” берилбедиби. Азыр абактарда ушул компания соттолгондорду алып жатыптыр. “Редуттан” кишилер келип эле “Вагнердей” кылып мажбурлап жатат деген маалымат келип жатат. Коргоо министрлиги менен Пригожин кичине терешип, курал-жарак бербей жатат деп айтчу эмес беле. Азыр “Редут” министрликтин бардык ресурсун пайдаланып жатыптыр. Негизинен мигранттар менен иштеп жатат. Орус полициясы мечиттерге барып, жума намаздардан кийин кармап жатпайбы. Азыр орус жарандыгын алган мурдагы мигранттарга басым жасап, мажбурлап жатыптыр. Согушка барбагандарга армияны дискредитация кылды деп кылмыш ишин козгоптур. Жети кишиге ушундай иш козголгонун уктум".

Өткөн аптада Орусиянын Сургут шаарынын администрациянын Телеграм-каналы 41 жаштагы Мирлан Атабаев аттуу теги кыргызстандык аскер Украинадагы согушта каза болгону жөнүндө кабар жарыялады.

Анда Бишкекте туулуп-өскөн Атабаев үй-бүлөсү менен Орусиянын Сургут шаарына келип, электрмонтаждоочу болуп иштегени айтылат. Ал 2023-жылы Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, согушка кеткен. Маалыматка ылайык, ушул жылдын октябрь айында каза болуп, 2-ноябрда Кемин районунда жерге берилген. Артында аялы жана бир уул, бир кызы калды. Сургуттагы кыргызстандыктардын айтымында, Мирлан Атабаев Орусиянын жарандыгын алган.


Августта Орусиянын абагында отурган жеринен "Вагнер" жеке аскердик компаниясы менен келишим түзүп, Украинанын согуш талаасына жөнөп кеткен кыргызстандыктардын бири Бекназар Бөрүгул уулу камакка алынган.

30-августта Кыргызстандын Жогорку Соту "Украинадагы согушка катышкан" деген айып менен соттолгон Аскар Кубанычбек уулуна карата райондук жана шаардык соттордун чечимдерин жокко чыгарып, кылмыш ишти кайра кароого жөнөттү.

24-февралда Орусия Украинага басып кирген. Согуш миңдеген адамдын өмүрүн алып, миллиондогон адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду. Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин согуш башталгандан бери айтып келет.

Кыргызстандын мыйзамына ылайык, чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылыштарга жана аскердик аракеттерге катышкан кыргыз жарандары беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG