Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Орус армиясы менен келишим түзгөн кыргызстандык Украинада каза болгону кабарланды


Донбасстагы украин аскерлери. 15-июнь, 2022-жыл.
Донбасстагы украин аскерлери. 15-июнь, 2022-жыл.

Орусиянын Сургут шаарынын администрациянын Телеграм-каналы 41 жаштагы Мирлан Атабаев аттуу теги кыргызстандык аскер Украинадагы согушта каза болгону жөнүндө кабар жарыялады.

Анда Бишкекте туулуп-өскөн Атабаев үй-бүлөсү менен Орусиянын Сургут шаарына келип, электрмонтаждоочу иштегени айтылат. Ал 2023-жылы Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, согушка кеткен. Маалыматка ылайык, ушул жылдын октябрь айында каза болуп, 2-ноябрда Бишкек шаарында жерге берилген. Артында аялы жана бир кызы калды. Маалыматта Мирлан Атабаевдин орус жарандыгын алганы же албаганы жазылган эмес.

Орусиянын куралдуу күчтөрүнө кошулуп, согуш талаасында каза болгон кыргызстандыктардын саны жыйырмага чукулдады.

Августта Орусиянын абагында отурган жеринен "Вагнер" жеке аскердик компаниясы менен келишим түзүп, Украинанын согуш талаасына жөнөп кеткен кыргызстандыктардын бири Бекназар Бөрүгул уулу камакка алынган.

30-августта Кыргызстандын Жогорку Соту "Украинадагы согушка катышкан" деген айып менен соттолгон Аскар Кубанычбек уулуна карата райондук жана шаардык соттордун чечимдерин жокко чыгарып, кылмыш ишти кайра кароого жөнөттү.

24-февралда Орусия Украинага басып кирген. Согуш миңдеген адамдын өмүрүн алып, миллиондогон адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду. Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин согуш башталгандан бери айтып келет.

Кыргызстандын мыйзамына ылайык, чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылыштарга жана аскердик аракеттерге катышкан кыргыз жарандары беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG