Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:35

"Лира арзан, айлык аз". Түркиядан Орусияга оогон мигранттар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түрк полициясы соңку айларда он миңдеген чет өлкөлүктү кармап, депортация борборлоруна жибергени утур-утур кабарланып келет.

Анкара виза мөөнөтү бүткөн 120 миң чет өлкөлүк мекенине кайтканын билдирди. Алардын дээрлик көпчүлүгү мыйзамсыз иштеп жүргөн түркмөнстандык, ооганстандык жана сириялыктар экени айтылууда.

Виза алуу жараянынын катаалдашканынан, лиранын куну түшкөнүнөн улам Түркиядан Орусияга жер которгон борбор азиялыктар да бар.

Түркиядан Орусияга оогон мигранттар

25 жаштагы Тилек быйыл жайында Түркиянын Мармарис шаарындагы мейманканалардын биринде иштеген. Үч айлык визасыз мөөнөтү бүткөндөн кийин Москвага кеткен.

Учурда күнүмдүк жумуштарда иштеп жан баккан кыргызстандык Тилек Түркияга кайра барып иштеп келүүнүн камын көрүүдө. Бирок ал виза жараяны жана чет өлкөлүктөргө каршы рейддерден улам шарт катаалдашканын айтууда.

"Түркияда үч айлык визасыз мөөнөтүм бүткөндүктөн Орусияга келдим. Бир-эки айдан кийин кайра барайын деп турам. Учурда борборазиялык мигранттарга гана эмес, Түркиядагы бардык чет өлкөлүктөргө да бир жылдык туристтик виза берилбей атат. Эмгек визасын жасатуу үчүн иштеген жериң өтө күчтүү болушу керек. Бардык эле жумуш берүүчүлөр эмгек визасын жасатып бербейт. Азыр Түркиянын миграциялык саясатын деле түшүнсө болот. Террордук актыларга, кылмыш иштерине аралашкан чет өлкөлүктөрдүн саны көбөйдү дешүүдө. Сириялык, ооганстандык качкындардын айынан мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттар рейддерде кармалып атат. Кара жумушта иштесең, Орусияда деле көп табасың. Түркияда болсо инфляция асман чапчып кетти. Учурда Стамбулдагы баалар менен Москвадагы баалар бирдей. Бирок дарыгер же IT адиси болсоң, албетте, Түркияда Орусияга салыштырмалуу айлык көп".

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл 28-майда Режеп Тайып Эрдоган президенттикке кайра шайланып, 4-июнда жаңы ички иштер министри Али Йерликая кызматка киришкенден кийин түрк бийлиги мыйзамсыз мигранттарга жана качкындарга каршы күрөшүн күчөттү.

Эрдоган мыйзамсыз мигранттар көйгөйүнө 22-августта да токтолуп, "чек арада жана өлкө ичинде адам аткезчилигине каршы көрүлгөн чаралар дагы күчөгөнүн" айткан.

"120 миңден ашык чет өлкөлүк Түркиядан чыкты"

12-октябрда ички иштер министри Йерликая журналисттерге атайын рейддер тууралуу маалымат берип, соңку төрт айда 120 миңден ашык чет өлкөлүк Түркиядан чыкканын билдирди.

"Миграция - биздин доордогу глобалдуу көйгөйлөрдүн бири. Түркия да бул көйгөй менен күрөшүн улантууда. Убактылуу коргоого алынган сириялыктардын саны 3 млн 274 миң. Жашоого уруксаты бар чет элдиктердин саны 1 млн 150 миң. Ал эми соңку төрт айда Стамбулда 304 атайын операция жасалды. 120 миң 531 чет элдик жаран рейддерде кармаларын билип же туруктуу жашоого уруксат мөөнөтү аяктагандан кийин чыгып кеткен".

Анталияда сегиз жыл эмгектенген Ырыс Касенова да быйыл апрелде Түркиядан Орусияга жер которгон. Ал виза алуу маселеси мигранттардын көкөйүнө тийгенин, ошондуктан бул өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгонун жашырбайт:

"Түркияда ар бир эле иш берүүчү эмгек визасын жасап бербейт. Айрыкча үй жумуштарында иштеген мигрант кыз-келиндер бир жылдык туристтик виза менен эле иштешет. Акыркы убакта визанын бул түрүн алуу да кыйын болуп калды. Мекендештеримдин арасында визасыз, мыйзамсыз жүргөндөр да көп. Мен да депортация болушту күтпөй эле быйыл апрелде Анталиядан Москвага учуп кеттим. Азыр Москвада иштеп атам. Үч айда бир каттоого туруш керек экен. Көчөдөн, албетте, полиция кызматкерлери текшерип турат".

Түркиядагы кыргызстандык мигранттардын көбү - кыз-келиндер. Алардын көпчүлүгү айлыгы аз жумуштарда иштейт. Айрыкча түрк лирасынын кунары качкандан бери тапканы эч нерсеге жетпей жатканын айтышууда.

"Түркиядан кетүүмө дагы бир себеп - лиранын куну түшкөнү. Мигранттардын тапкан акчасынын берекеси жок. Арзыбаган маяна алып атышат. Москвада деле чеке жылытарлык эч нерсе жок деп ойлойм. Акыркы убакта рублдин куну түшүп, тапкан акчабыз Кыргызстанга жеткенче бир топ кемип атат. Банктар комиссия ала келгенде эле сумма азайып калууда", - дейт кыргызстандык мигрант Ырыс Касенова.

Расмий маалыматка ылайык, Түркияда 25 миңдей кыргызстандык жашап, окуп жүрөт. Алардын 3 миңге жакыны гана эмгек визасы менен иштесе, көбү бир жылдык туристтик виза менен барган.

Түркиядан кетүүгө мажбур болгон түркмөндөр

Соңку айларда Анкара мыйзамсыз иштеген чет элдик жарандарга каршы рейддерди күчөткөндөн кийин, миңдеген түркмөндөр өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

"Түркияда мигранттарга каршы рейд кызуу жүрүп жатат. 25-сентябрдан тарта полиция заводдорго барып, ресторандардын ашканаларына кирип, эмгек мигранттарын кармай баштаган. Кармалгандар дароо депортация борборуна жөнөтүлөт. Түркияда калуудан эч кандай пайда жок. Жумушка уруксат алуу мүмкүн эмес. Мыйзамсыз иштесең болот, бирок полиция аңдып, акыры депортация кылат", - дейт "Азаттыктын" түркмөн кызматы менен байланышкан мигрант.

Анкара шаары. 2018-жыл
Анкара шаары. 2018-жыл

Деген менен түркмөн мигранттардын көбү Түркмөнстанга кайткысы келбейт. Анткени алар "чет өлкөгө чыгууга бийлик тоскоол болушу мүмкүн" деп кооптонушат. Акыркы жылдары "Түркмөнстандын калкы азая баштады" деген жүйө менен бийлик өз жарандарын чет өлкөгө чыгарбоону адатка айлантып алган.

Түркияда мыйзамсыз жүргөн мигранттарга жана качкындарга каршы масштабдуу рейддер июлда күчөгөн. Бирок түркмөн жарандарынын миграция маселеси алда канча эртерээк башталган. Былтыр сентябрда Түркия расмий Ашхабаддын өтүнүчү менен түркмөн жарандары үчүн визасыз режимди жойгон.

Учурда Түркиядан депортацияланган көптөгөн түркмөн мигранттардын "көздөгөнү" Орусия. Алсак Түркмөнстандын Мары шаарынын тургуну 9-октябрда түркмөн аялдардын жоон тобу Орусияга иштегени кеткенин айтты:

"Марыда жашаган көптөгөн мигрант аялдар Сочиге ресторан, мейманканаларда иштегени кетишти", - деди жергиликтүү тургун.

Стамбулдун көчөсүндө отурган түркмөн эмгек мигранттары. Түркиянын DHA маалымат агенттигинин 2019-жылдагы видеосунан скриншот.
Стамбулдун көчөсүндө отурган түркмөн эмгек мигранттары. Түркиянын DHA маалымат агенттигинин 2019-жылдагы видеосунан скриншот.

Бирок түрмөн мигранттарынын баары эле Орусияга кеткен жок.

31 жаштагы түркмөн мигрант тиешелүү документтери жок болсо да Түркияда калып иштөөгө аргасыз экенин айтты.

"Мыйзамсыз иштейм. Жумушка уруксат кагазым жок болгондуктан, социалдык камсыздандыруу ала албайм. Жумушта кырсык болуп, колум же бутум сынып калса, мени эч ким карабайт", - дейт өзүн Мердан деп тааныштырган түркмөн жигит.

Ал Түркияда мыйзамсыз иштеп жүргөндүктөн, укугу корголбой жатканын жакшы билет. Бирок чет жерде жашаган башка түркмөндөрдөй эле баарына кайыл. Анткени анын өз жеринде калган үй-бүлөсү Түркиядан жөнөткөн акчасына көз каранды.

Адаттагыдай эле расмий Ашхабад мигранттар кептелген жагдай тууралуу ооз ачпайт. "Азаттыктын" бул боюнча Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинен, Анкарадагы элчилигинен жана Стамбулдагы консулдугунан телефон аркылуу комментарий алуу аракети оң натыйжа бербейт.

Түркиянын Миграция департаментинин 12-октябрдагы маалыматында айтылгандай, бул өлкөдө 102 751 түркмөн жараны мыйзамдуу жашайт. Департаменттин өткөн жылдын 1-сентябрындагы маалыматында, Түркияда 230 миңден ашуун түркмөн жараны мыйзамдуу жашап жүргөн. Бул статистика бир жылга жетпеген убакыт ичинде Түркияда мыйзамдуу жашаган түркмөнстандыктардын саны эки эсе азайганын көрсөттү.

Укук коргоочулар жана серепчилер Түркияда жашап иштеген түркмөнстандыктардын саны расмий берилген сандан алда канча көп экенин, алардын дээрлик көпчүлүгү мыйзамсыз жашап жатканын айтып келет.

XS
SM
MD
LG