Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Израил Газа курчоого алынганын, миңдеген согушкер жок кылынганын маалымдады


Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 11-ноябрда элине кезектеги кайрылуусун жарыялап, аскерлер Газа шаарын курчоого алууну аяктап, жертөлөсүндө ХАМАСтын согушкерлери жашынып отурган Шифа ооруканасынын айланасында кармашын улантып жатканын билдирди.

Ал израилдик аскерлер жалпысынан "миңдеген" согушкерди жок кылганын, алардын арасында 7-октябрдагы кол салууга катышкандар да бар экенин маалымдады.

Нетаньяху Израил Батыш жээкти көзөмөлдөп турган сыяктуу эле согуштан кийин Газаны да өз көзөмөлүндө кармай турганын кошумчалады, бирок муну көптөгөн эксперттер "аскердик оккупация" деп атап жатышат.

Израилдин өкмөт башчысы ХАМАСка каршы согушта курман болгон аскерлерди эскерип, аларды чыныгы баатырлар деп атады жана Америка Кошмо Штаттарына көрсөтүп жаткан моралдык, каржылык жана аскердик колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилдин аймагына чабуул койгондо 1400дөй кишини өлтүрүп, 250гө жакынын барымтага алган. Израил ошондон бери Газа тилкесин блокадага алып, бомбалап келет. ХАМАС башкарган Газа секторунун Саламаттык сактоо министрлиги согуш тутангандан бери 10 миңден ашуун палестиналык каза тапканын кабарлады. (RK)

XS
SM
MD
LG