Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:17

Абак күндөлүгү: Аң-сезимдеги тордон бошонсок, аттиң...


Oljobai Shakir arrested
Oljobai Shakir arrested

Олжобай Шакир - жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист. Учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен кылмыш иши козголгон. Ал өзүнө тагылган айыпты четке каккан.

Олжобай Шакир абактан жазган жаңы катын адвокаты аркылуу берип жиберген.

***
Жанымдагы шеригиме кыйын болду. Өзү башынан бака-шаканы сүйгөн жигит көрүнөт: бул жактан коңшу камерадагылар менен күн-түнү кобурашканын койчу эмес. Күн салкындагандан бери темир тордун артынан дагы бир темир каалга карс жабылган күндөн бери күнү-түнү телевизор тиктейт.

Абак жайдан телевизор сураса берет экен, башында мен телевизор керек эмес дегеним үчүн беришкен эмес. Кийин жанымдагы шеригимди аядым, макул көрүп телевизор алдырдык эле, азыр күн-түнү өчпөйт ал.
Үнүн акырын чыгарып көрүп жатат. Мен башынан эле Орусиянын саясый пропагандасын жек көргөн жанмын. Азыр айлам жок укпаска, көрбөскө. Бирок бир нерсени айкын түшүндүм: биздин коомдун караңгылыгы эмнеде экенин. Коомдун саясый аң-сезими ойгонбогон себеби: Орусия каналдары менен өзүбүздүн мамлекеттик телеканалдарда экен. Кудум эле совет мезгилиндеги саясый пропаганда менен Батышты, Европаны терс мүнөздө сыпаттаган көрсөтүүлөр ушунчалык көп экенин билбептирмин. Өзүм мурда телеканалдарды көрбөгөндүктөн, муну такыр билчү эмес экем. Элибизди ушунчалык деңгээлде телезомбиге айланткан саясат күчүндө экен али!

Мамлекетибиздин демократия багытын көздөйбүз дегени жөн гана курулай сөз экен. Эгер чын дилибизден демократиялык баалуулуктарга бет алган болсок, анда эмнеге ушул күнгө чейин Орусиянын саясий пропагандасынан баш тартпай келебиз?!

***
Орусиянын азыр деле коммунисттик доорду адамзаттын бакубат жашоосундай чагылдырган; совет доору баарыбызга бактылуу доор болчу деген кыяздагы көрсөтүүлөрүн чыдап көрүү мүмкүн эмес экен мендей “бузукуларга”!

***
Кээде 80 – 90-жылдары туулган жаш муундун өкүлдөрү кайдан жүрүп совет заманына болгон сүйүүлөрү күч деп башым катчу. Көрсө, калктын калың катмары ушул күнгө чейин Орусиянын теле көрсөтүүлөрүнөн баштары чыкпагандан окшобойбу...

Элибиз ак-караны али күнчө ажырата албаганына дал ушул мамлекеттик телеканалдардын күнү-түнү какшаган пропагандасы себеп экен, көрсө.

***
Азыр интернет доорунда альтернативдүү маалымат алуу мүмкүнчүлүгүбүз канчалык чоң болсо да, элибиз эмнеге цивилизация жолунан артта калып, коом тааным, дүйнө таанымын өзгөрткүлөрү келбейт?!

***

Коомдун алдыңкы өкүлү деген журналисттердин, акын-жазуучулардын, илим чөйрөсүндөгүлөрдүн чабалдыгы, билимсиздиги аз келгенсип, алардын эки жүздүүлүгү, кошоматчылыгы калмайын, элибиз шордон арылбайт окшойт!

Бул кетиш менен биз алга эмес артка тез эле кайтат көрүнөбүз!

***
Учурда кыргыз бийлиги сөз эркиндигине канчалык чоң кысымды баштаганын көрүп атабыз. Эркин журналисттер менен бийликке каш кагып сын айткандарды четинен камоого да коомубуз көнүп баратат күндөн күнгө. Мамлекеттик саясат дагы деле Орусиянын идеологиялык капканынан бошогондун ордуна, тескерисинче, телеканалдарда элди күнү-түнү зомбиге айланткан көрүнүштөн канткенде кутулабыз?!

***
Менимче, СССРдин сасыган өлүгү КМШ курамындагы өлкөлөр дале ууктуруп, дале оорукчан коом эски дартынан айыкпайт окшойт!

***
Камерабызга телевизор алдырып келүүгө макул болгон себебим: шеригимди да аядым. Же мен ага киши өңдөнүп аңгемелешүүгө жарабай, күн да, түн да кагаздан баш көтөрбөсөм кантсин... Өзүмчүлдүктүн да чеги болсун деп, акыры шеригимдин да эркине көндүм. Ал да жаман жигит эмес, абакка менин максат менен келгенимди түшүндү. Камерада күбүрөнүп-шыбыранып текст курганыма башында көнбөй жүрдү. Үйдө да бир нерсе жазып жатканымда күбүрөп-шыбырап, каршы-терши басып жүрүп жазарымды келинчегим жакшы билет. Сөздү кайрап-бүлөп курчутуп аткан маалда мага бирөө сүйлөсө “чүш-ш!” деп тыйып, ишимди улай берем. Жанымдагы жигит да менин “чүш” дегенимди илгиртпей түшүнөт. Мени менен сүйлөшкүсү келип, жарылар болуп калганда: “Байке, бошоп калдыңызбы? Суроо берсем болобу?” – дегенин укканда, мен аны өз бир тууганымдан артык көрүп кетем.

***
Назгүл экөөбүз жаңыдан баш кошконубузда да ал мага көп капа болду. Күбүрөнүп-шыбыранып атканымда турмуштук маанилүү кепти айтып атса, мен ага “чүш” деп көңүл бурбай койгонума канча таарынды... Ишим бүткөндө келип, “ии, эмне болду?” деймин да. Андайда Назгүл мага тултуңдайт, мына анан аны чарк айланып, кошомат кылбаска аргам калчу эмес. Мен да жанымдагы шеригиме такыр эле ташбоор мүнөз көрсөтпөйүн деп, анын телевизор алдырып келгенине макул болгонумдун жөнү ошол...

30.09.23

***
Илгери кыргыз сотторду “казы” деп бекер айтпаса керек. Казы, картанын канча жууса да жыты кетпейт го. Сыягы, сот өкүлдөрүнүн көбү казыдай болуп, канча жууса да жыты кала берерин билген окшойт бабаларыбыз...

01.10.23

***
Тренажёр залынан мага бир жаркын ой келди мындай:
Машыгабыз, дене-бойду чыйрайбыз -

Түзөш үчүн сырткы сымбат, келбетти.
Жан дүйнөгө не машыгуу кылбайбыз –
Чачыш үчүн зор тунук ой, берметти?..

***

Ишемби күндөрү куркулдайдын уясындай көчүгүбүз айланбаган камерабызда баштык-үштүктөрүбүз толуп, үйдөгүлөрдөн же туугандардан, достордон келген тамак-ашыбызды муздаткычка шыкап, барбалактап калмай.

Саздак жерди аттап-буттап аярлагандай, тар бөлмөдөгү баштыктарыбыздын үстүнөн аттып өтүп, кайсынысын бүгүн, кайсынысын эртең, кайсынысын бүрсүгүнү жеп түгөтүш керектигине чейин эсепке алабыз. Болбосо тамак-аштын ысырапчылыгы, убалы кимге?.. Муздаткычтын ичи резина эмес да. “Аш көп болсо, каада көп” дегендей, кесирликке жол бербөө үчүн бир аптадан бир аптага жетер тамак-ашыбызга аярбыз айтор...

***

Абак турмушун жазганда мен окурмандарды зериктирүү үчүн эмес, тек биз коом болуп калыптанууга ойлонушубуз керектигин туюнткум бар. Кыргыз өзү бапыраган мүнөздөгү элбиз. Өзгөчө дасторконго, тамак-ашка келгенде өтө эле чачылып, чабылган мүнөзүбүз бар. Той-топурдагы ысырапчылыкты айтпай эле коёюн... Бирок абак артындагы жашоону көргөндөр турмушка бүйүр, сарамжал, боорукер тартып каларын ушул жактан көрдүм. Айрымдарына үй-бүлөсүнөн тамак-аш келбей калса, бияктагылар бири бирин ачка калтырбаган адамгерчиликке үйрөнөт экен. Өмүрү тааныбаган кишилер бири биринин кем-карчысын толуктап, уй боор боло калышат. Ырыскыларын тең бөлүшүп, тамак-аштарын ысырап кылбай бөлүшүп жейт...

***
Эми сырттагылардын жашоосуна келели. Шаарда, айылда болсун, коңшу-колоңдордо мамиле кандай? Баарын эле пейили кенен дешке болобу?..

Бала күнүбүздө кошуна-колоңдор бири-биринен колунда жогун сурай койчу пейил бар эле. Ал үчүн уялыштын кереги эмне, кайра алганын беришип, кошуна – колоңдун мамилеге так ошол колдо түгөнгөн оокат чоң данакердей туюлат азыр. Кошуналар көбүрөөк киришип-чыгышып, чай ичишип, элдин элдик касиети аласа-бересе менен бекем эле...
Абак турмушунан мен ошол балалык күнүндө көргөн пейилге таңгалдым, бул көрүнүш мага чоң таасир этти. Көрсө, элдин элдик касиетине темир торлор да тоскоол боло албайт тура.

***
- Эмне заказ бересиз?
- Палоо, анан үстүнө эки манты.
- Кандай чай ичесиз?
- Көк чай.
- Нанчы?
- Кара нандан.
- Жарайт, мырза! – дедим шеригимдин көңүлүн ачышка. Ал да шарактап каткырды. Болбосо үңкүйүп, үйүндөгү кенедей уул-кызына куса болуп отурган.
- Биз деле өзүбүздү эркиндикте жүргөндөй сезели да, үкөм...
Экөөбүз тамак жеп болдук.
- Эми эсептешип коёлубу? – дедим официанттан бетер.
- Меники канча болду?
- 1700 сом, кызмат акым үчүн үстүнө дагы 10% бересиз, - дедим ооз толтура сүйлөп.
- Сиз өтө мыкты официант экенсиз, 2000 сом эле берейин, - деди шеригим.
Экөөбүз катуу күлдүк буга. Өзүбүз абакта отурсак, чөнтөктө кайдагы акча...

02.10.23

Кечээ эсте каларлык окуя болду менде. Аны жазууга бүгүн кол тийди араң.
Күзөттөгүлөр мени тергөөчүгө барасың деп калышты. Өзүм текст жазып отуруп, ойго чумуп кетсем керек. Ойлонбостон жөнөп калдым. Тергөөчүгө кирсем адвокатым Бакытбек Автандил отурат. Анын мында экенин билсем, “Азаттыктын” окурмандары үчүн жазып отурган Күндөлүктү көтөрө келбейт белем десең. Эки жума бою адвокатым көздөн учуп, Күндөлүктү сыртка жөнөтө албай отургамын. Ал да жүйөлүү себептер менен келе албаптыр.

УКМК тартиби боюнча дептеримди кайра алдырып келүү мүмкүн эмес экен. Ичимдин куйкаланганын айт Р.Гамзатов жазгандай: колго түшкөн кайырмагымдан чыгып кеткендей ичимди тызылдатты.
Адвокатым ырас бүгүн келип, Күндөлүк кетти сыртка. Буюрса, элди эриктирбес мен болом эми. “Азаттык” менен “РухЭшке” жөнөткөндөрүм коомчулукту кайдыгер кылбайт деп компоюп отургам кербезим. Бала күндө да кылгылыкты кылып коюп, култуюп отурар элем...

***
Ошентип тергөөчүм, адвокатым бетме-бет отурдук. Буга чейин УКМКнын мага карата козголгон эки эпизодуна эми ИИМден да эпизоддор кошулуптур. Чубактын кунундай чууну дагы көрөт окшойт эл. Кийинки соттук отурумдар дагы кызычудай. Бирок менин корко турган жөнүм жок экен ИИМдин мага токуган дооматтарынан. Мен да булардын колунда оңой киши бекемин. Өздөрүн оңдурбай турган жоопторумду бердим тергөөчүгө.

***
Хан Манасты деле “чоң жинди” деп келген көңкү кыргыз илгертен. Анын алдында О’Шакирдин сындап койгону кеп бекен эй... Мен эмес канчалары аны соцтармакта түрдүүчө мазактаган сөздөрдү “Азаттык” окурмандары материал соңундагы комментарий калтырган боштукка эсиңерге келгенин жазып көрсөңөр билесиңер. Бул сөздү биринчи болуп айткан киши мен эмес экениме ишенесиңер.

***
Ал эми “бийликтин тизгинин кагыш керек” дегенимдин мазмунун түшүнбөгөндөргө манасчынын, дастанчынын баласы эмеспи Сүйүнтбек Касмамбетовдон жооп сурап көрүшсүнчү: Манастын тизгинин далай кагып келген акылман Бакай менен Кошойду Хан Манас сотко бериптирби?.. Буга соттордон мурда Ак үйдүн санжырачысы болуп отурган мамкатчы деле ошого шыбырап койсо болот: “Коюңуз, бул сөздүн мааниси үчүн сөз менен узанган жазуучуга кылмыш козгоо өтө осол болуп калат”, - деп.

03.10.23

***
Бийликтин фейктери мен жөнүндө тиришумдук мифтерди жаратып атканын өткөндө колуктум чокулап айтып бергениме кыскача токтолдум эле, мынча болду эми өз абийиримди өзүм эле төгүп берүүнү чечтим кыргыз коомуна. Себеби, биздин эл ушакты божомол-дөдөмөлдү жантыгынан жата калып укканды сүйөт. Китеп бетин ачпаса кантсин. Китеп окубаган улутту кандай бийлик болбосун түркөйлүк теориясы менен башкарат эмеспи. Кыргыз бийлиги башынан эле өзүнө жакпаган инсанды каралагысы келсе, көрдөн алып жерге, жерден алып көргө урган ыкманы колдонгонун койбой келет.

Мен бул жакта фейктердин эмне мифтерди токуп атканынан толук маалыматым болбосо да, Назгүлдүн жондотуп айтканы боюнча: көрсө мен туугандарымдан чыгып калган суук тумшук имишмин. Сөз жүлгөсүн мындан баштайын эмесе: мен он алты бир туугандын арасынан он төртүнчүсү болом. Эркектердин эң кичүүсүмүн, эң желмогузу мен болуп чыктым. Чыкканда да мектеп жашымдан балдар колониясына аз жерден түшүп кала сактап, атам кургур прокурорду кантип паралап алып калганын “Атам мени эмне үчүн урчу эле?” аттуу аңгемемде тээ илгери эле жазгамын, аны интернеттен да тапсаңар болот.

***

Атам ыраматылык азыркы менин жашымда жарык менен кош айтышып кете берди. Мен анда 8-класста элем. Чынында атам өлгөнүнө баарыбыз ботодой боздогонубуз менен, мен жинди ичимден кубангам. Ал эмне сезим экенин мен гана түшүнөм. Себеби эрте жашымдан шаарга барып билим алгым келчү. Бирок атамдын өзүмчүлдүгү ага жол берчү эмес. Мени колунан чыгаргысы келбегенин бир курдай ачык туюнтту.

Кышкы согумдун эти казанда боркулдап кайнап атат.

Үйгө кошуна-колоң, туугандар чакырылды. Эт чыгар маалда колго суу куя турган болуп калдым. Колума чылапчын менен сүлгүнү карматты. Баарына кыдырата суу куюп кылатып, атама жеттим. Атам батасын мындайча бере турган болду: “Олжошум өтө тың боло турган. Балдарымдын эң кичүүсү ушунун колунда өлсөм арман жок. Муну эрте үйлөнтөм. Баарыбыздын мал-жандыкты ушунун колуна тапшырып малчы кылсам дейм”, - муну укканда тишим кычырап, ичимден ызырындым. “Эмнеге менин тагдырымды атам чечиши керек?!”, – деген ызам ырбады. Ага дейре да атам экөөбүздүн ортодогу келишпестиктер жетер жерине жетип калган...

Ал менин шаарга барып окуйм деген тилегимди, үмүтүмдү канча мерте суутпады. “Жакшы көргөн балаңа шаар көрсөтпө” деген атамдын ошондогу түшүнүгүнө азыр жообум мамындай: Урбанизация маданиятын башынан өткөрбөй келген жапайы кыргыздын билимден, илимден, дүйнөлүк маданияттан артта калганынын эң башкы себеби дал ушул макалда жатат!

***
Атамдын кыркылык ашында бир туугандарым чогулуп, баары атам жөнүндө кобурап отурушкан. Шар ооз жаным жөн турабы: “Атам өлгөн күнү мен өзүмдү капастан бошонгон куштай эркин сезип, “кубандым”, - дедим эле, жаагым чуу деп, көзүмдөн чаар чымын учту. Бурул аттуу эжем жаагымды үзө чапты. Чаңырды, боздоду: “Ушуну кантип айттың?!” – деп, башкалары да туш-тушуман талаганын айт.

***

Чынында атам өлгөн күндөн тартып өз эркиндигимди беттеп, өз эркиндигимди коргой алган балага айландым. Өз билемдигин кылгысы келип, мага кол көтөрчү болгон агаларыма өзүм кол көтөрүп, мен да алардан калышпаган чоң муштумга айландым. Совет доорунда тыюу салынган каратэ өнөрүн 7- классымдан тартып жашыруун өздөштүргөн жаным, өзүмдү кимден болбосун коргоп келдим ушул күнгө чейин.

***
Агаларым да мени мал артынан салмак болушту эле, бирок мен ар кимиси менен мушташып, үйдөн качып, түнкүсүн чөп корукта түнөгөн күндөрүм болду.

***
Бир курдай Касалаң акем өктөмдүк көрсөтмөй болду. Агаларымдын эң олбурлуусу, карылуусу ошол эле. Эгер колуна түшсөң эки бүктөй турган күчү бар.

Мектепке шашып атсам, ал мага тизеден өйдө жааган карды күрөткүсү бар. Экөөбүз кыжыңдаша кеттик короодогу кар үчүн. Өзү жаңы катын алган неме жеңемдин жылуу койнуна кайра барып жатып алгысы бар, мага кар күрөтүп. Андай айтсам болбой, мындай айтсам болбойт. Күч көрсөтө баштады. Азыр сага көрсөтпөсөм элеби дедим да, көзгө урунган кетменди колго алдым. “И-и, эми бери келчи” – дедим качыра берип. Бечара үйдү айланып качып жүрөт. Терезеден жеңем карап турат бизди. Ошол эрдигиме ушуга чейин таң берем: кандай кайрат жетти экен мектеп жашымда балбан мүнөз Касалаң байкеме тап бергенге...

***
Баса, атам менен болгон чатактын бирин аттап кетипмин. Анда мен 7-класстын окуучусумун. Райондук “Жеңиш жолу” деген гезитке эң биринчи жолу жарыяланган макаламды көтөрүп, атама сүйүнчүлөмөк болдум. Атам макаламды окуп эле, мени ызырылта сөктү. “Атаңдын гана оозун урайын, ушуну кылмак белең?! Мен он алтыңды кийинтип, ичинтип, бириңе катын алып берип, там-ташын куруп беришим керекпи же...” – атамдын туттугуп мага ачуусу кайнады абыдан. Мен райондук гезитке биздин айылдын чабандары Ак-Сайдын суурларын капкан менен кантип кырганын, кайсы жайлоодо чабандар жаратылышка жырткычтык кылары жөнүндө коңгуроо каккан макала жазганымды кантейин. “Жашабай жатып” экология маселесин көтөргөнүм атама жакпай, катуу тил уккамын. Себеби, ошол жылы атам Касалаң, Асейин акемдерди малчы кылып, Ак-Сайдын далай суурун кырган элек. Акчасы жакшы эле суурдун... суурдун акчасына мен деле кийинип, мектепке койкоюп баргамын...

***
Апам кургур мен көкбеттин эркине көнө албай ыйлап-сыктап жүрүп, акыры минтти: “Барсаң бар шаарыңа. Оку, бирок сени кантип окутам? Кайсы малды саталы? Малга агаларың ээ болуп алды, экөөбүздүн колдон эмне келет?..”

Мен айылды түрө кыдырып, эбак акча маселесин жашыруун чечип койгомун. Айылда Базарбек деген менин эң биринчи инвесторум бар. Ал кезде Базарбек байке Жыпар эже экөө жаңы үйлөнүп, өзүнө там курмак болгонун угуп калдым. Өзү өмүр бою айдоочулук кесибин алмаштырбады.
Босогосун аттадым.

- Сиз кыш куйдурганга уста таппай атканыңызды угуп келдим...
- Сен эмне устасыңбы? Кыш куюп жүрдүң беле?! – деп биресе ишеңкиребей, биресе таңгалып:
- Сенин колуңдан келбейт. Он беш миң кышты кантип куясың? Сен эмес чоң кишилердин колунан келбейт, - деп мени жумушка алаар түрү жок.

Акелеп-жекелеп баштадым. Бирок Базарбек байкенин менден чочулаганынын дагы бир чоң себеби бар экен. Айылда чаң салып жүргөн жиндилигимдин четин чыгарды. Токтоно албай жүргөн жаш балага кантип ишенем дегендей арасат ойдо турган Базарбек байкеге ымандай сырымды төгө баштадым. Билимге эки көзүм төрт болуп турган үчүн жумуш таппай жүргөнүмдү угуп, Жыпар эже менен кеңешип көрмөй болду. Мен да оңой эмес митайымдык менен үйгө жүгүрдүм. Буга чейин гезит-журналдарга жазгандарымды топтоп жүргөн альбомду алып келип Базарбек байкенин колуна карматтым: анын баары менин “трудовой книжкамдан” бетер. Куу жаным менин дараметимди Жыпар эже экөө бааласа экен дегеним да ичимден...

***
Эртеси ырас оң жооп алдым.
- Үйгө кир, - дешти. Жыпар эже дасторконун жайнатып, алдыма чай сунуп, менден экзамен ала баштады. Такылдап атканымды көрдү. Ишенди. 600 рублга 15 миң кышты бир ай ичинде куюп салмак болдум.

***
Айткандай эле өз мөөнөтүндө 600 рубль колума тийген күнү апамдын балбалап ыйлаган кубанычы күнү бүгүнкүдөй эсимде. Колуна 400 рубль карматтым.
- Жок, - деди кургурум, - шаарга барсаң өзүңө керек.
Ой-боюна койбой, 400 рублду сандыгына каттырдым... жоолугуна түйдү баарын.

***
Айылга жамандык-жакшылыкка чанда каттайм. Барган сайын Базарбек байке менен Жыпар эжеге учурашканда, экөөнө алкышым бүтпөйт. Эгер ал экөө ажатымды ачпаганда, мен О’Шакир болот белем, жокпу – айта албайм...

***
Ошондогу алпейим апамдын мени шаарга узатканын эстесем, көзүмө жаш тегеренет. Азыр да көздөрүм каканактап жашка толуп, көөдөнүмдү кысат...
Курут, сары май, сүрсүгөн муштумдай этти жоолукка түйүп коюптур. Анысы колунда.
- Жок, апа... Албайм! – дедим. Тетири бастым. Артыман ээрчип алды:
- Эч болбосо кыздарыма ала бар...
Муну айтканда кыйылып атып, араң көндүм. Жонума аккордонумду илдим. Апамдын колундагы баштыкты көңүлсүнбөй көтөрдүм. Дегеле бала күнүмдөн баштык көтөргөндү ушул күнгө чейин сүйбөйм...
Апам ошентип кенедей баштыгы менен шаарга узаткан мени. Артымда кол булгалаган бойдон калды...

***
Кургур апам 80 жашка чыгып кете берди. Өлөр өлгөнчө:
- Он алты баламдын ичинен пенсиямдан бир тыйын албаган Олжом гана болду, - деп калчу...

***
Анан да дагы бир кеби бар:
- Ушу көкүрөк күчүгүмдүн гана балдарын багып, көчүктөрүн жууган жокмун, -деп.
Он алты уул-кызды өстүргөн апама кантип балдарымдын жүгүн артам?.. Өмүр бою түйшүгү аз болгон жок ансыз да. Качан көрсөм колунан жип-шуусу, теменеси түшпөйт эле. Көзү жетпесе да учук саптап жүрүп өттү. “Баландай кызыма сеп беришим керек, тигинисине шырдагын шырыйын”, - дегенин уксам эле, тилдей берер элем байкушумду...

***
Өмүр бою бешик терметип өттү апам. Акыркы сапарга узатып баратканыбызда апамдын өзүн бешикке терметкендей табытта терметип көтөрүп бараттык уулдары...

***
Бийликтин фейктерине жооп берүүнүн мөртү эми келди. Ооба, мен тууган-туушкандык катышка бала күнүмдөн чекитти балчайта койгомун. Эне деген эне да: “Баландай уулумдун тою болот”, “түкүндөй кызым баласын бешикке салат”, - дегенин уксам, апама айтаар элем минтип: “Он алты уул – кызыңыздын бири да итий болуп оорубаптыр, бири да бейажал өлбөптүр. баарысы аман. Ушу мени жайыма коюңузчу эркин. Он алты баламдын ичинен Олжошум тентип кетиптир, деңизчи элге. Мен бул өмүрдү той-топурсуз өткөргүм келет”, - деген принципке апамды да, бир туугандарымды да көндүргөмүн...

Мунун чет - бучкагын уккан фейктер болсо, мен бир өз бир туугандары менен катышы жок суук тумшуктай көрсөткүлөрү келет экен элге.

***
Мен жинди эч бир тууганыма тургай, жалпы кыргыз элине жагайын, жагынайын деген пенде эмесмин. Кыргыз эли мени жакшы көрөбү, жаман көрөбү, мен ага баш ооруткандардан эмесмин. Буга чейин деле коомчулукка далай мерте жарыялагамын ал иттигимди. Эл мени жакшы же жаман көргөнү мен үчүн чоң мааниге ээ эмес.
Мен коомдук пикирге кул болуп жашагым келбейт. Салттык түшүнүктөрдүн да кулу эмесмин жаш күнүмдөн.

***
Кээси мени агымга каршы жүргөн киши деп ойлойт жок, мен агымга каршы сүзгөн кемпай эмесмин. Мен туура жашоо, туура чечимди бала күнүмдөн издеген жиндимин. Мен өз жолумду, түшүнүгүмдү коомдук түшүнүктөргө байлагым жок дегеле. Коом мени кандай кабыл алса, ошондой кабыл алсын. Мени анысы да, мунусу да кызыктырбайт!

***
Эл оозуна эрте алынып, төбөм көрүнгөн кезде апам кургур мага таарынат бир курдай:
- Ушундай кантип болсун?.. Радиодон баягы жазуучу балаң бүгүн саат баланчада сүйлөйт экен, - дейт айылдын кемпирлери. Менин радиодогу маегимди чогуу укмак болушат.
Журналист сурайт: “Билимге сугарган ата-энеңизге ыраазысызбы?”. “Жок, -деп – кесе айттым, - Билим алуума ата-энем тоскоолдук жараткандан башка эч нерсе кылган эмес! Мен өз билимим үчүн китепканаларга карызым чоң. Ата-энеме билим үчүн кенедей карызым жок!”
Муну уккан кемпирлер чок баскандай секирип, апам кургур уят болуптур “подрушкелерине”.
Кийин муну айылга барсам айтып отурбайбы... Апамдын таарынычын алдап-соолап жазып, ошондо түшүндүрдүм:
- Апа, Кудайды карасаңыз... Өзүңүз чоң молдонун кызысыз. Намаз окуйсуз. Анан мен Кудай алдында кантип калп айтам? Атам экөөңөр тең мени чилистен болот белең деп китеп окутпай, мал артынан салып койчу элеңер го...
- Ооба, десең... – апам кеп учугун кайда алып баратканымды туйду...
Себеби алар күн-түнү китеп окуганыма жиндери кайначу. Аларга мен малдын богун чыгарып, короодо жүргөнүмдү көбүрөөк калашчу. Колумдан китепти алып коюшчу. Ал тургай кой кайтарууга чыгарымда көрпөчөмдүн арасында катып койгон китептерди таап алышчу.
- Сен мал кайтарасыңбы же китеп окуйсуңбу?! Мынча китепти окуп отурсаң, талаада мал жоголот! – дешчү.
Айтор, малды артык көрүшчү баары. Менин билимим эмес, мал кымбат болчу үйдөгүлөргө!

***
Мен мектептин китепканасын окуп бүткөнүм аз келгенсип, колхоздун китепканасын эбак окуп бүтүп, райондун китеп дүкөнүнөн башым чыкчу эмес. Шаарга ошон үчүн кетким келчү...

***
Мал туягын санап көнгөн кыргызга баланын жөндөмү, таланты сокур тыйынга татыбайт.

***
Белгилүү диний ишмер, агартуучу досум Мамбетасан Ибраев 2-3 жыл мурда Фейсбуктагы өз баракчасына мени өтө таамай сыпаттаганы бар. Мени кенедейимден жакшы билген Мамбетасан досум Жек Лондондун “Ак азуу” повестиндеги карышкырга салыштырыптыр мени. Ооба, чынында ит менен карышкырдын канынан жаралган көкжал Ак азууга көбүрөөк окшош болсом керек...

***
Мен бүгүнкү кыргызга дегеле жагынгым жок. Жагынсам эртеңки – келечектеги кыргыз урпагына жагынып, өзүмдүн Руханий Конституциямды жазсам болду.

***
29 жашыма чейин колоктоп бойдок жүргөн жаным көп кыз-келинди сүйдүм. Көбүн үйгө да ээрчитип келдим. Курган апам балбалактап сүйүнүп, канчасына сандыгынын түбүндө жаткан жоолугун салбады. “Тоюңар качан?” дейт, “буюрган күнү” – деп баса берем. Кийинкисинде башка кызды ээрчитип барам, ага да жоолугу даяр. Бирок мурдагы айыбымды кийинки кыздын алдында ачып салчу: “Өткөндө башка кыз менен келбедиң беле” – дейт. “Ал деген дос кызым болчу” – дейм же “курсташым” дейм. Айтор, апамдын сандыгын улам ачтырдым окшойм. Далай кыз-келиндерди жоолуктуу кылдым. Анан бир жолу сурады: “Кимисине токтолдуң?” – деп, “Тандап жүрөм” – дедим купшуңдап...

***
Акыры апамды кубантмак болдум улуу уулум Алик төрөлгөндө. Апам шаарда жашачу. Бир күнү шанаңдан кирип бардым:
- Апа, -дедим, - Сизди бешик тойго чакырып келдим.
- Эмне дейт?! – чок баскандай козголду отурган ордунан.
- Биринчи жакшылыгым, - дедим, бирок Света менден он үч жашка улуу экенин кийин угузармын деп.
Эртеси дасторконду берекелүү жайып, апамды, дагы кимдер келерин күтүп отурабыз Света экөөбүз. Аны болсо эбак сүр баскан. Калбааттуу, кенебес, камаарабас эле мен. Үйдүн дарегин өтө түшүнүктүү кылып эжемдерге карматкамын.
Улуу кызыбыз Динара анда 19-20 жашта, ал жүрөт чыйпылыктап ары чуркап, бери чуркап.
- Дарбаза ачылды, бирөөлөр келатат, - деп калды Динара кызыбыз.
Үйдөн чыксам, апам алдыда. Кыздарын чубуртуп ээрчип алган. Артыман кошо чыккан Динараны алкаган апам жоолук салгысы бар ага. Жүгүндүрүп...
- Апа, шашпа, - дедим, -келиниңиз үйдө...
Апам босогону аттаганда эле ак жоолукчан Света апама, эжелериме жүгүндү.
- Келиңиздер, - деди жайылган дасторконго кол жаңсаган колуктум. Мен болсо Алигимди баарына көрсөтүп, көрүндүк алып жүрөм шыпылдап. Эжелеримдин кабактары сустайып, Светанын жашын сурады эле, жөн турамбы:
- Келиниңердин жашын эмне кылат элеңер. Дасторконго карагыла!
Апам канткен менен карылык кыраакылыгына салып, баарын туйду окшойт:
- Бактылуу болгула, - деди, - “кызга бергис жубан бар” – дегенди да сөзгө кыпчыды. Апамдын ушул кеби төрдөгү эжемдердин да ичин жумшартып ийди тез эле. Алар да Света менен жакындан таанышып, анан гана кобурашканга өтүштү...

***
Света кийин апамдын сүймөнчүктүү, жароокер келинине айланды. Колунан көп жолу сый да көрдү, чай да ичти.

***
Кийин бир Токтогулга, Светанын төркүндөрүнө биринчи жолу барганыбыз эсимде. Кыргызда кайда болбосун белгилүү эмеспи: салттык түшүнүктөр сороюп чыга калары. Биринчи кайын-журтум да ошол кишенге түшүргүлөрү келгенде, шарт эле мөңкүдүм:
- Эгер мага салт жолун үйрөтө турган болсоңор, кызыңарды алып калгыла!, – дедим.
Баары таш тиштегендей жымжым отуруп калышты. Мен муну Светаны сыйлабаганымдан же төркүндөрүнө калтырып кетүү ниетимден улам айтканым жок, тек бала күнүмдөн турмушубузга туура келбес салтты таңуулаган жерде, кайын-журтум болобу, өз журтумда болобу, мен эч качан салттык түшүнүктөргө кул болгум келбейт. Өзүмдүн эркин чечимдериме гана баш ийем.

***
Салттык түшүнүктөргө байланбастыгым үчүн биринчи келинчегим менен да, азыркы келинчегим менен да көп тартыштык кезинде. Акыры өзүм жеңип келаткансыйм. Маселен, Света экөөбүз үйлөнгөндө, ал нике кыйдыралы, ЗАГСка катталалы деп чыкты.
- Жок, - дедим кесерип. – Эмне ошол жол-жобону аткарсак эле экөөбүздүн бактылуу жашообузга кепилдик барбы?.. Нике кыйдырган же ЗАГСка катталгандардын канчасын көрдүм ажырашып тынган. Мунуңду угузба! Мен үчүн үй – бүлөлүк бекемдик, үй – бүлөлүк баалуулук бир гана жүрөктө! Кагазга жазылган же молдо кыйган нике эч качан үй – бүлөлүк бекем чептин кепилдиги эмес! – деген өзүмдүн жигиттик кодексимди гана бекем тутунуп келем. Назгүлгө деле так ошол жигиттик кодексим жакты. Ал экөөбүздүн үй-бүлөлүк баалуулуктар эч кандай шарттуу негиздерге таянбаган, жүрөктөгү ишеним, жүрөктөгү булганбаган кодекс!

***
Урматтуу окурман, бул Күндөлүк бир шилтем менен гана жазылгандыктан, текст курууда көпкө толготуп отурганым жок. Мурда жазылгандарын да кайра көчүрүп жазууга, убакыт короткум келбейт. Бирок күндөлүктү артка барактап, айрым жерлерде кайталанган сөздөр көзгө урунганын байкадым. Бирок анын баары кайра иштеп чыгууга арзыбайт, ага корогон убакытты башка текстке коротконум оң дейм. Тек гана келегей тексттер көзүңүзгө урунган болсо, Сиз да көңүл бурбаңыз менден кеткен стилдик мүчүлүштүктөргө. Мүмкүн “Абактан адабий базарлык” деген аталыштагы китеп чыгарарымда, көзгө урунган мүчүлүштүктөрдү оңдоп-түзөрмүн. Азыр мага абак жайдагы башка эрмектер толтура...

***
Бакыт эмне – муну эркин турмушта жашагандар баалабайт, барктабай, туйбайт. А мен темир тор артында кубана турган бакыт толтура. Азыр эле бир сааттык сейилге чыктык, чайыттай ачык күнгө көйнөк, майкемди чечип коюп кактандым. Эки колду асманга жайып, Күндү кучактадым. Күн нурун уучтап, жерге чачтым: “Берекеңди, нуруңду, мээримиңди жерден аяба!” – деп тиледим. Жер Эненин кубатын, энергиясын, кутун уучтап, Көккө чачтым. Асман – Жердин ортосунда кучагымды жайып, экөөнүн ортосунда тынчтык тиледим. Бул менин медитациям болду. Мага бул ыкманы эч ким үйрөтпөгөн, мендик гана медитация!

***
Темир тор артындагы адам ар бир кенедей нерсеге кубанат. Башкаларды билбейм, мен өзгөчө кубанам ар нерсеге. Сейилге чыгып баратканда да кудум тоок кепеден же капастан сыртка чыгарылган канаттуулар канаттарын жайып, боюн керет эмеспи. Мен дагы камерадан чыгарым менен колумду жайып Күнгө керилем.
Эгер көк жайык чөп болгондобу: үстүндөгү ээр токуму шыпырылып, жүгөндөн бошоп, мамыктан чечилген тулпар көк чөпкө оонагандай оонайт элем го...

***
Бул оюнда жеңип чыгар ким? Мен! Элестетиңиз, Бийлик менен О’Шакир шахматтык партиянын эки оюнчусу деп коёлу. Бийлик ак фигуралар менен ойнойбу, карасы мененби – мага айырмасы жок. Экөөндө тең утам. Жеңиш ээси менмин! Ортодогу судья Бийлик тарап жеңди деп далилдөөгө канчалык далбастаганы менен, эл судьянын чечимине эч ишенбейт. Анткени оюн эрежеси башынан эле куулук, шумдук амалдар менен башталганын коомчулук көрүп турат. Кубокту, медалды судьялар Бийликтин колунан карматкан күндө да эле жеңүүчү ким экенин анык билет!

Гроссмейстер бир нече жүрүштү алдыга ойлонгондой, Бийлик канчалык башын мыкчып, чымыркана ойлонуп, утууга аракет кылбасын, мен жеңилгис оюнчумун. Оюн эрежесин канчалык бузган сайын, Бийлик бечараны бозала кылып утуп коёр оюнчумун азыр.
Кандай болгон күндө да эл Бийликтин жеңишине кол чаппайт! О’Шакирге кол чабышат.

04.10.23
***
КОШОКТОШКОН КОШ САПТАР
Эл башкарса дөлдүрлөр,
Эмне болот – көрдүңөр!
***
Атамбаев аягында соо калбай,
Атасын да таанытты го Сооронбай.
***
Акаевди айтчу элек академик,
Академик качкан соң “ака” дедик.
***
Бакиеви качкан соң апчебизди,
Өтө кыска мөөнөткө апкелишти.
***
Кыргызыңдын колуна таш тийдиби –
Кылчактабай качып кетет бийлиги.
***
“Чыгып кет” дээр Сооронбай,
Чыкты Акүйдөн оо кандай?..
***
Кашкайып турса фактылар,
Раимдин ишин жаптыңар!
***
Алкыш айткан жемкор көп аваңарга,
“кусса” себеп жок экен камаганга.
***
Толтурат эле бечара казынаны,
Токтобойт чоңдор уурдап, ташыганы.
***
“Кусуп” берген көпөстөрүң кутулуп,
Жүрөт көнгөн адат калбай кутуруп.
***
“Кусуп” коюп кутулса оңой демек,
Кузгундарың казына тоной берет.
***
Байый албай ишкер жүрсө мээнет менен,
Бай чоңдор көп эсеп-чотко мээ жетпеген.

04.10.23

***
Өмүрүмдө мындай болгон эмес: бул жакка кабылгандан бери бир учурда үч-төрт чыгарманы катар жазган адат табылды. Бирин бүтө албай отурсам, башка оргуштаган чыгарманын башы кылтыйат. Кийин унутуп калбоо үчүн аны баштап коюп, ары кирип кетем. Ошентип ашып – ташкан эргүү менен ырын деле, аңгемесин деле, Күндөлүк эссемди деле токтоткон жерим жок. Эң кызыгы, өндүрүмдүү иштегенимден мурда көбү сапаттуу, өрнөктүү текст болуп кагазга түшкөнү. Жөн эле буурчактай чубурган саптар кайдан-жайдан келип атат билбейм...
Үйүлгөн кагаздардан башым адашат кээде. Улам жазганымды улам капталыма ыргыта берип, жаңы баракты баштайм. Кагазды ысырап кылбоо үчүн актай жерин калтырбай чиймелей бергеним гана көп убарага салганы болбосо, өмүрүмдө ушул жакка келгендегидей калемди элпек шилтеген күнүм болбосо керек...
Окуучу кезимде диктант жазууда артыман ит кубалагандай кетчү элем. Бул жакта да калемим токтоосуз жорголоп, оргуштаган ойлорду кагазга түшүрүүгө шашканымды айт. Антпесем кээде айжаркын ойлор бирин бири көмүп калчудай, тоо боорунан күтүүсүз козголгон күрткүдөй басып калганычы.

***
Абактан эмне уттурдум, эмне уттум? Азырынча меники утушу көбүрөөк, анткени бир да күнүмдү, бир да саатымды кысыр кетирген жокмун.
Күн сайын үч-төрт чыгарма жараткан күндөрүм болду. Китеп окууга да кол тийип атат. Эң башкысы, өзүмдү таанууга чоң мүмкүнчүлүк болду бул жакта. Албетте, чаласы толтура болсо да, бирок өзүмдүн ички дүйнөмө ар күнү үңүлгүм келет. Агер эркиндикте жүргөнүмдө өз дүйнөмө ушунчалык убакыт бөлөт белем? Жок!

Убакыттын ууруларынан абак мени бир айдан ашык коргоду. Керексиз азгырыктардан оолактатты...

Эмне уттурдум, азырынча дадил жообум жок. Тек үй-бүлөмдөгүлөр, бир туугандарым кыйналды, санаа чегишти, бирок муну жоготуу дебейм. Алар да, коом да менин кандай жинди экенимди аңдоого чоң мүмкүнчүлүк болду. Мен өзүмдү тургай, башкаларды таануума абак жайы сонун мүмкүнчүлүк берди.

Арийне, бул эркиндиктеги жашоомду садагага чапканымды туюнтмай. Эркиндикке не жетсин, болгону эркиндикке чыкканымда бул жактагы жагдайды, көнүмүш адаттарды калтырбай, бул жактагыдай эле эркиндикти да туура пайдаланууга үйрөнгөндөй болдум.

***
Кыргызстанда сөз эркиндигин, ой эркиндигин коргоп калуубузга али да чоң мүмкүнчүлүк бар экенин абакта отуруп сезип атам. Маселен, “Азаттык” үчүн жазган Күндөлүктөрүмдү сыртка чыгаруума ушуга чейин бир да тоскоолдукка кабылбадым. Бийликке акарат айтууну абактан деле токтото элекмин. Эми Өзбекстан же Тажикстан, Казакстан жарандары абакта отуруп бийликке сөз тийгизе алабы? Элестете албайм.
Албетте, бул эми коңшу мамлекеттерге караганда салыштырмалуу деңизчи. Ошентсе да сөз эркиндигин коргоодо өз күрөшүбүздөн кайтпашыбыз керек. Элибиз да демократиялык баалуулуктарды, артыкчылыктарды коргоп калууда бийликке такаат берер кайратын жоготпошу керек. Азыркы бийлик деле мага эбедейи эзилип отурган жок. “Мунун жаагын абакка тыксам басылат” - деп ойлошкондур. Азырынча калыстык үчүн абак жайлардагы жакшы көрүнүштөргө көз жумду кылгым келбейт. Ошентсе да кыргыз бийлиги демократиялык багытынан тайбай, адилеттик башкарууну жолго коёруна ар бир жаран өз таасирибизди тийгизүүгө тийишпиз...

***
Адатта мамлекеттик телеканалдарын таптакыр көргүм жок. Бирок бүгүн кечки тамагыбызды жеп отуруп, ОшТВ каналынын маалыматтарына кулак түрүп калдым. Айрым өз кулагыма ишенбеген маалыматтарды угуп “йеп бали!” дедим түштүк жергесиндеги журналисттерге алкыш айтып. Алардын бүгүнкү маалыматынан Орусия, Украина согушу жөнүндө эки тараптуу маалымат берүү маданиятын туюп, эч болбосо “Орусия оккупациялап алган аймактар” дегенге кудурети жетер ОшТВ журналисттерине кантип ыраазы болбойсуң?! О.э. учурда Кыргызстанда сөз эркиндигинин айынан канча журналист камалганы жөнүндө кабар бергенин угуп, КТРК, ЭлТР каналдары деле элге ар тараптуу маалымат берүүгө неге жарашпайт деген суроо туулду!
Бийлик акырынан жем жеген журналисттер өздөрүнүн айлык акыларын элдин чөнтөгүнөн алып атканын унутпай, бийликке эмес, элге кызмат кылууну үйрөнүшсө кана!

***
Коомдун алдыңкы өкүлү деген журналисттер ак-караны ажыратпаса, караламан калкты биринчи кезекте мамлекеттик теле-каналдарда иштеген журналисттер караңгы кылып коюшканын Акаев заманынан бери неге туюшпайт?! Качанкыга чейин бийликтеги бир ууч топтун колундагы куурчакка айлантышат өздөрүн?..

***
Чыгармачыл чөйрөдөгүлөр менен жалпы коомчулукта бир кокуй тушүнүк бар: “Чыгармачыл адам саясатка аралашпаш керек” деген. Мага акыл үйрөткүсү келгендин көбү да ушуну кайталашат. Айрыкча Садык Шер-Нияз досум көп какшайт ушуну. Ошол эле убакта саясат менен өнөрдүн ортосунда өзү талтайып жүргөнүн түшүнгүсү жок. Саясатты сөгүмүш болгону менен, саясый мансаптын кайсынысы сунушталбасын баш тарткан күнүн көрө элекмин. Адегенде омбудсмендин орун басарлыгы ага чоң тепкич болуп бергенсиди. Кийин министр, депутаттык мансапта жүрдү. Учурда элчи. Анан ал мага күйүмүш этип “РухЭшиң” менен эле кыргызга опол тоодой иш кылып атасың, адабиятың менен эле тынч оокатыңды кыла бербейсиңби дегенин мен мындайча түшүнөм.
Сыягы, жогору жактагылар Сакемди ортомчу кылган бир амал болушу мүмкүн, себеби бийлик тобунда жүргөн киши каякка көбүрөөк жан тартарын мендей митайым, мендей куу киши түшүнбөй коёбу...
Себеби Сакеге чейин да эки-үч аттуу-баштууларды бийликтегилер ортого салып, менин тилимди тыюу аракети болгонунан улам, Сакемдин мага “саясатка аралашпа” деп жан тартканынан көп шегим бар.
Эми жекеликтен жалпы темага кайрылалы.
Чыгармачыл чөйрөдөгүлөрдүн көбү мамлекеттик Токтогул сыйлыгын алууга эки көзү төрт. Бирок ошол Токтогул эмнеси менен демократ атанып калганы ойлондурбайт аларды. Демократ атанган Токтогул өз заманынын эркиндик жарчысы, эл башкаргандар менен саясый көз карашы төп келбеген үчүн демократтык деми суубай келген.
Ал эми менин саясый көз карашым, принцибим: саясый кызматка жетүү эмес. Тек мамлекеттин адилетсиз саясатына каршылык көрсөтүү. Эл мамлекетке эмес, мамлекет элге кызмат кылуусу керек экенин коомчулукка жайылтуу. Себеби, бийлик ээси эл. Демек, эл мамлекеттик бийликти өзү көзөмөлдөшү керек деген жоопкерчиликти түшүндүрүү. Муну мен саясатка аралашуу деп түшүнбөйм. Бул менин жарандык милдетим!

***
Коомдук процесстерге чыгармачыл адамдардын кайдыгер экени – элибизди алга эмес артка бош каптай силкип ыргытарын көрүп аткан жокпузбу?!
Атам замандан чыгармачыл адамдар эң чоң саясатчылар болушкан. Алар адилетсиздикке, зулумдукка, канкорлукка бетме- бет каршылык көрсөтүп келишкен. Саясый шылуундардын жузүн ачкан чыгармалары менен элди ойготуп келишкен.
Ал тургай дүйнөлүк саясатка, дүйнөлүк согуштарга каршы алдын ала тынчсызданып келишкен. Коңгуроо кагышкан. Ошон үчүн алар кейиштүү тагдырга кабылып, бийликтин өлүм жазасынан да тайманбастан, өздөрүнүн гуманисттик озуйпаларын аткарышкан. Не бир тирандардын, диктаторлордун каарынан жалтанбас чыныгы саясатчылар акын, ойчул, тарыхчы, жазуучу, сүрөтчү, агартуучу гуманисттерден чыккан. Алардын китептери өрттөлүп, түрмөлөргө камалып, өлүм жазасына өкүм чыгарылса да, миздери мокобой күрөшкөн үчүн жалпы адамзатты сактап турган жер үстү кылтыңдабай араң турат. Болбосо жалпы адамзатты улуу гуманисттердин идеялары азыктандырып турбаганда, тирандардын, диктаторлордун канабайрам согуштары токтойт беле?!

***
А биздечи? Агер кыргыз акын-жазуучулары, өнөрпоздор, артисттер, сүрөтчүлөр, төкмө акындар, манасчылар арасында коомдук-саясый процесстерге тынчсыздангандар арбын чыкса, бүгүнкүдөй кейипти кийет белек?!
Ошол эле С.Шер-Нияз Элмирбек Иманалиевдин ташка тамга баскандай айтыштарынан саясый үзүндүлөрдү келтирип, элге жеткирип жүрөт. Эмне, ошонун өзү Элмирбектин коомдук-саясый процесстерге зээндүү, зиректүү, сергектиги эмеспи?!

“Саясатка биз аралашпай эле коёлучу” деген Элмирбектин шакирттери да четтен табылат! Эмне, Элмирбектин саясый окуяларга кайдыгер караганы үчүн элдин өзөгүн өрттөгөн чыгармалары жаралды беле?! Ушундан кийин кайсы бетиңер менен “мен Элмирбектин шакиртимин” деп айта аласыңар?! “Саясаттан алыс болоюн” дегениңер жеткен эки жүздүүлүк эмеспи?! Тескерисинче, учурдагы коомдук-саясый окуяларга карата өз оюңарды ачык туюнта албай, тилди тишке катып жүргөнүңөрдүн өзү - чоң саясат! Себеби, көшөгө артындагы “Айтыш” коомдук фондунун негиздөөчүсү Францияда элчи болуп турган С.Шер-Нияз мага айткан акылын силерге да какшап, “саясатка аралашпагыла, эсиңер болсо...” деп насаат айтып отурганы көрүнүп эле турбайбы... Мунун өзү силердин жетип турган митайымдыгыңар, куулугуңар! Руханий коомдун эки жүздүү саясатчысына айланып бараткандыгыңар бул! Силердин тилди тишке катып жүрүп “Эл акыны”, “Эл артисти”, “Эмгек сиңирген артист” наамына жеткениңерге абийир, кадыр-барк алып келет, билбейм...

***
Эмне үчүн төкмө ырчыларга акидей жабышып, алардын жанын ачытар кеп айтып отурганымдын себеби, мен да аларга өз позициямды туюнтууга моралдык деңгээлде укугум бар. Анткени “Айтыш” фонду негизделип, төкмө ырчылар мектеби жаңыдан кас-кас туруп, там-туң баскан күндөн бери алардын чыгармачылык сапаттуу өсүшүнө көп күч үрөп келгенимди эч кимиси тана албайт. Эгер төкмө ырчылардын өсүп-өркүндөшүнө Садык Шер-Нияз финансы жагынан инвестиция жумшап келсе, менин да көшөгө артындагы аракеттерим, идеяларым жерде калбады. Төкмө ырчылар сахнага чыкса бири-бирин келекелеп ырдоо деңгээлинен өйдө көтөрүлсүз үчүн “Айтыш” фондуна Б. Жакиев, С. Жигитов, И.Абдуразаков, Д. Садырбаев, Ч. Өмүралиев сыяктуу коомдун алдыңкы өкүлдөрүнүн далайын чакырып, он күндүк айтыштарды илимпоз, тарыхчы, адабиятчы, дипломат, саясатчы, коомдук ишмерлердин бир-эки сааттык лекцияларын уюштуруп келдим. Арийне, оозеки чыгармачылыктын өкүлдөрү фольклор деңгээлинен өйдө көтөрүлбөй, коом таануу, дүйнө таануу баалуулуктарынан аксап калбасын үчүн жасалган аракеттер эле анын баары.

Кийин да Э.Иманалиевдин көзү өтүп кеткен соң, ушул саамалыкты кайра улантуу максатында төкмө ырчыларга бир нече мерте лекцияларды уюштуруп, негизинен демократиялык баалуулуктар, либералдык артыкчылыктар боюнча бир нече лекциялар уюштурулду...
Коомчулуктун эсинде бардыр, мындан үч жыл мурда кыргыз-казак айтышындагы кызыктуу тема кайсы болгону.

Биз жашаган “Ачекей” айылынын эко-дачасында казактардын төкмө ырчыларына сый тамак уюштурулуп, ошол жерден сөз кылдым:
- Качанкыга чейин казак-кыргыз бир тууган экенин ырдай бересиңер?.. Мунуңар эки элге тең жаңылык эмес. Силер буга чейин эки элдин кулагы уга элек жаңылык кылчу жердесиңер. Ал тема кайсы? Деколонизация маселеси. Маселен, силер Кыргызстандын эгемендигине арналган эл аралык айтышка чыгар болгондон кийин кыргыз-казак Борбор Азиядагы демократиянын локомотиви экенин элге жар салгыла! “Дос күйдүрүп айтат” принциби менен казак боордошторубуз эмнеге Эгемен Кыргызстанда ушул күнгө чейин борбор калааңар Бишкекте Ленин, Свердловский, 1- Май, Октябрь райондорунун ысымдары кыргызчаланбайт? Эмнеге борбор шаарыңарда дале коммунисттердин ысымдары өчө элек" деп ырдасаңар, мунуңар чоң саясый эффект жаратат. А силер казак бийлигинин онолбой келаткан катачылыктары жөнүндө кыргыздын төкмө ырчыларына маалымат бергиле! Ошондо силер эки элдин саясый багытына маяк болосуңар, - дегенимди зээндүүлүк кылып казак боордоштор көңүлдөрүнө кыттай уютуп алышкан экен, филармониянын сахнасында дал ушул тема көрүүчүлөрдүн кубаттоосуна ээ болуп, алакан чаап отурушту.

Муну коомчулук эсине салган себебим, биздин төкмө ырчылар ушул апаздагы темаларга эмнеге тиш салбай келишет?..

***
Ушундай маселеге келгенде Элмирбек куйма кулак зээндүү, көкжал эле кайран! Бирок шакирттери акма кулакка айланышпадыбы! Агер ушул бойдон алар С.Шер-Нияздын эле оозун тиктеп отурушса, анда далайы дудук болуп тынат!

***
Төкмө ырчылардын көбү мени кыртышы сүйбөгөнүн билем. Себеби, бир далай айтыштарда калыстар курамында болгонумда 6-7 баллдан жогору баа бербегенимди алар оозеки чыгармачылык өнөрдү баалабастык, басмырлоо, шылдыңдоо катары түшүнүшөт. Мен алардан чыгармачылык өсүштү каалап, жамакчылык деңгээлден жогорулашса экен деген талап үчүн балл коюуга келгенде өтө сараңмын. Өнөр адамдары өтө эле көккө көкөлөп алган үчүн өз кемчиликтерин туйгулары келбегенин кезиккен жерден балп эттирип жүрсөм, кимине жагасың?..

***
Акын-жазуучуларга да мамилем ошол. Аларды көргөн сайын ит кыялым кармайт. Себеби, совет доорунан бери бир да акын-жазуучу саясый диссидентке же түрмөгө кабыла элек экен. Албетте, башка себептер менен темир торду көрүп чыккандары бар деңизчи, бирок кимиси саясый мүнөздөгү позициясы үчүн камалганын билебиз?.. Ушунун өзү акын-жазуучулар үчүн мамлекеттик сыйлык-наамдардан башка баалуулук жок экенин туюнтпайбы?.. Эптеп бийликке жаман көрүнбөйүн, наамынан куру калбайын, өлсөм “Ала-Арча” көрүстөнүнө сөөгүм коюлбай калбасын деген зааркануубу, кооптонуубу, сактануубу?

Демократия аралчасы деген Кыргызстанга караганда диктатуралык режими бекем Түркмөнстандан чыккан диссидент акын-жазуучулар канча? Алардын көбү Европа, Америкада саясый куугундан баш калкалап жүрүп, кээси бу дүйнөдөн өтүп кетишти. Биздин акын-жазуучулар бийлик колунан наам алуудан бөлөк эмнени көздөшөт болду экен? “Саясатка аралашкым жок” деп бүжүрөгөн бечаралар элдин тагдырын дал ошол саясат деген балакет сазга тыгарын эмнеге аңдашпайт?!
Алардын тилди тишке катып жүргөнүн өзү былгыган, чириген саясат эмеспи? Ушунун өзү акын-жазуучулардын куу саясатчы, митайым, амалкөй, куулугу! Президенттердин колунан наам алып, чайын ичкендин өзү так ошол амалкөй, куулуктун арты менен келген саясат деп түшүнөм.

***
Албетте, кээси О’Шакир өзү темир тор артында отуруп алып, эми бизди да ал жакка тырткысы бар деп түшүнүшпөсүн. Мендей болуп абакка кабылуу үчүн да узак жылдык сыноолорду баштан кечирип, өзүңөрдү бышыргыла, даярдагыла! Болбосо назик, мажирөө жаныңар темир тор артында майышып калбасын. Мен кайсы күнү абакка барарымды аң-сезимдүү сезип-туюп калган үчүн чечкиндүүлүккө кадам шилтеген жиндимин... Себеби, мен үчүн дудук, дүлөй, көр болуп жашоодон өткөн кордук жок эркиндикте жүрүп. Мен үчүн темир тор артында да эбегейсиз чексиз эркиндик бар!

***
Менин кадамым, чечимим мага эле керек эмес. Эркин, Эгемен Кыргызстандын адабий тарыхында бир да саясый позициясы үчүн камалып чыккан жан болбоптур дешпесин келечектеги калем ээлери. Кыргыз адабиятынын актай барагын толуктайын эч болбосо. Адабият илимин аңтаргандар абак жайында жазылган чыгармалар менен эркиндикте жүргөндөрдүн жазганында айырма болобу, жокпу - ошону иликтешер мүмкүн...
Анан айланайындар, мамлекеттин бекем пайдубалын курууда акын-жазуучулардын кендей үлүшү болбогон экен деген шек жаралбасын келечек урпактарыбызда! Калемгерлердин баары четте карап турган экен деп көрүбүзгө келип сийип жүрүшпөсүн үчүн мен өз үйүмдүн бурчунда бекинип жаткым келбеди. Кычышкан тилди үстөккө-босток кайрап отуруп, акыры көздөгөнүмө жеттим, урматсыз акын-жазуучу, төкмө ырчы, манасчы ж.б.ж.б...

***
Эгемен, Эркин өлкөнү түптөөдө эмнеге журналисттер, жарандык коомдун активдүү өкүлдөрү, оппозициялык көз караштагы саясатчылар эле темир тор артында камалып жатышы керек? Башкаларыбызыдын жаныбыз эмнеге таттуу?
Эгер жакынкы келечекте бакубат, адилет, демократиялык дөөлөттүн негизинде түптөлгөн Мамлекет куруп калсак, биз - акын-жазуучулар ошондо жер карап жүрбөйлү бүгүнкү кумга баш каткан тынч жашообуз үчүн?!

***
Андыктан эркин журналист, жарандык коом, оппозициялык мүдөөнү көздөгөндөрдүн эле мойнундагы милдет эмес Эгемен өлкөнүн тарыхын түптөө.

***
Тилегибиз – эркин өлкө курабыз!
Иш жүзүндө – четте карап турабыз!
***
Эл башчы же көсөмдөргө туш келбей,
Эл аздеги – бандит, түркөй, мушкерлер.
***
Конфуций: Элге шамал – падыша,
Эл ага чөп, жапырылчу жарыша.
***
Бул саптар менин абакта жазып отурган “Руханий Конституция” аттуу манифестимдеги тезистерден.

Чындыгында кыргыз интеллигенциясы (дегеле интеллигенция терминин колдонгум келбейт, бирок бул жерде аргасыз колдондум. Анткени коомубуз “интеллигенция” түшүнүгүн өтө ыйык түшүнүккө айлантып алган!) тээ башынан эле бийликтин алдына көрпө төшөк болуп калган.

***
Элге көсөм болор мыктыларыбыз жогунан коомчулукта азыр бандиттер, мушкерлер, чала молдолордун кадыры бийик. Ошолордун артынан ээрчиген чоң массалар – тайпа-тайпа! Ал эми акын-жазуучуларыбыздын артында чоң масса болсо гана, кыргыз тилиндеги китептердин тиражы нускасы болот эле го. Кайсы акын-жазуучунун китеби бир жылда 500 же 1000 тираждан өйдө көтөрүлдү экен?..

***
Бала бакча, мектептерден тартып эне тилибизде бобөктөр, жеткинчектер баса калып окуур китеп табабызбы? Жок! Элибизде эмнеге эне тилибиз приоритет болбой келет? Элибиздин эне тилин түптөр, калыптандырар акын-жазуучуларыбыз өздөрү караңгы, талантсыз болгон үчүн кыргыздын бүгүнкү көрөңгөсү агын суунун үстүндө калкып калган акыр-чикирге окшош.

***
Кыргыз акын-жазуучулары же улуттук адабиятыбыздын зоболосун көтөрө албай, же бир коомдук-саясый процесстерге аралаша албаган бечелдиги менен өздөрүн бул дүйнөгө ыйык кесиптин ээсиндей көрсөткүлөрү келет. Ак эткенден так этип эңсегендери – мамлекеттик сыйлык, наамдар.

06.10.23

***
Назгүл мага тоо-таштан терип келген өсүмдүктөрдүн эч биринин аттарын билбейм, бирок алардын жыттары өтө тааныш болуп калды. Керебетимдин алдында желим баштыкта алар, баштыктын оозун ачарым менен тоонун жыты урат мурдума. Жыттан күч-кубат алам, жароокер жан шеригимдин алпейимдигине алкышымды жаадырам. Ар бир үй-бүлөгө Назгүл экөөбүздүн үй-бүлөлүк бакытыбызды тилейм. Ошол бакытты береги төрт сапта туюнтсам дейм...

***
Эрдин-катын башкарганы бир-бирин,
Эрегишип угат дейсиң кимди ким?
Эгер сүйүү үй-бүлөнү башкарса –
Эриш-аркак бакыт коштойт тирлигин.

***
Бир курдай Алик балам айтат:
- Ата, мен сиз менен абыдан сыймыктанам...
- Эмне анчалык эзилдиң мага?
- Ойлоп көрсөм үйдү да, машинени да өзүңүзгө каттатпапсыз. “РухЭшти” да өзүңүзгө эмес, Назгүл эжеме каттатканыңызга таңгалам, сыймыктанам. Кыргызда байлык, мүлктүн баарына эркектер ээлик кылат ко, - дейт.
- Балам, - дедим, - мен кыргызда жаңы салт, жаңы маданият калыптагым келет. Мүлк ээси аял киши болгонун каалайм.
- Сиз менен ошон үчүн сыймыктанам. Билесиз го, кыргыздар материалдык мурасты эркек балдарына гана энчилеп, кыздарына чычкак улагын да буюрбайт... Анан калса үй-бүлөлөр ажырашып кетсе да аялдар мүлккө эч ээлик кыла алышпайт. Тыңырак аялдар эле соттошуп жүрүп мүлккө ээлик кылбаса, көбү ажырашып кетсе, көчөдө калышат.
- Ооба, - дедим, - Назгүл эжең экөөбүз антип ажырашып тынчулардан эмеспиз. Себеби мен Чыгыштын улуу акыны Фирдоусинин “Шахнаама” китебиндеги “Сиявуш” дастанын которгонумда, адамзатка мурас болор бир өрнөктү өзүмө алгамын. Фирдоуси ал чыгармасында “адам баласынын түбөлүк таажысы - асман, түбөлүк тагы – жер” – деген экен. Ошондуктан мен түбөлүк шах болуп жашагым келет. Анткени үстүбүздө Асман, алдыбызда Жер тынч турса, калганы мага байлык да эмес, мүлк да эмес. Менин байлыгым силерсиңер – үй – бүлөм...

***
“Адам+” аттуу китебимде уулум Алик менин устатым экенин жазгамын. Себеби, балам Алик аркылуу бул дүйнөнү тааныдым. Көөдөнүмдө улуу гуманисттик сезим ойгонду уулум аркылуу...

***
Мен эч бир балама да, кызыма да байлык-мүлк бөлүштүргүм жок. Ар кимиси өз маңдай тери менен оокат тапканын каалайм. Мен аларга дайыма айтып келем. “Кимиңер эмне кесиптин ээси болосуңар, кимиңер кайсы билимге жетесиңер – мага мааниси жок. Гарварддан билим алганыңардын да мага бир тыйынча пайдасы жок. Билим, кесип силерге керек. Мага ар бириңдин Адамгерчиликтен башкасынын кереги жок...”
Бул менин турмушта тутунган баалуулугум.

***
Достук болсо эне-атада, кыз-уулда –
Үй – бүлөнүн артат бакыт, таалайы.
Качан дебе болбойт көңүл музуң да,
Кут үйүңдүн кууп чыккыс маанайы.
***
Чатактан соң ким – бирөөнү тилдеген,
Тоңгон көөнүн жибите албай тил менен:
Кабак-кашы таарынычты туюнтса,
Кандай жаман – жүрөк түпкүр зилдеген!
***

Үйдө мени балдарым көп тыят. “Болду, ата, токтолуңузчу”, - дешет. Алар мени менен мурдагыдай ойнобой калышты. Мен эки баламдын кенедей, бойтойгон кездерин сагындым. Мен анда каалаган учурумда ойной берчүмүн алар менен. Кийин көчөдөгү балдар менен ойногонго өттүм. Көк-Жардагы Ачекей айылыбыздын короосунда мени балдардын көбү Олжоке деп чакырышат. Кээсин ата-энеси тилдегенин койбойт: “Эмнеге атаңдай болгон кишини атынан чакырасың?!” – дешип. Мен балдарды кайра бузам: “Жок, болбойт. Анда ойнобойм сени менен. Достор деген бири-бирин атынан чакырыш керек”, - дегенимден кийин, ата-энелеринин көзү жок жерден Олжокелеп чуркап келишет алыстан.
Кээде мен үйдө жок кезде келишет экен. Назгүлдөн сурашат: “Олжоке кайда?” “Анан келет эмне деп айтып коёюн?..” “Биз жөн эле үйүңөрдөн суу ичкени киргенбиз”, -дешет. “Келгиле, киргиле”, - деген Назгүл да аларды куру кетирбей калсын, ал да мени жоктотпой кээси менен кобурашып сүйлөшкөнүн мага айтып калат. Көрсө, көчөдө акактап ойноп, суусаганда мени издешет окшобойбу...

***
Короодо балдар менен ойногон себебим, алар мени эс алдырышат. Көңүлүм жаркый түшөт. Өзүм теңдүүлөр менен балдар менен бирге эс алгандагыдай болбойм. Чоң кишилер баш оорутуп, ар нерсени сүйлөйт. Балдар менен кайдагы баш оору? Алар менен арсакташып, чын дилден күлөсүң, чындап эс аласың. Мен азыр короодо чогуу ойногон досторумду сагындым...
Үйгө мени издеп келип атышты бекен?.. Назгүл аларга менин бул жакта экенимди кантип түшүндүрдү экен?..

***
Эки балам кенедей кезде, менин эң мыкты редакторлорум эле. Балдар үчүн чыгарма жазып, экөөнө окуп берчүмүн. Кайсы чыгармага курч реакция жасаса, демек ушунусу жакшы экен дейм. Начар, жансыз чыгарманы укканда, балдардан өткөн мыкты редактор жок. Жакпаганын жакпады деп шар айтышат. А мен эки балам жактырган чыгармаларымды “Байчечекейге” берип, бир нечеси жарыкка да чыккан. Бирок балдарым чоңоюп кеткенден кийин, жеткинчектерге, өспүрүмдөргө жугумдуу, алымдуу бир да чыгарма жарата алганым жок.

***
Кыргыз тилинде балдар адабиятына жарамдуу чыгармалар өтө аз! Кыргыз авторлорунун көбү курулай акыл, насаат айтканга өтүп алышат балдарга. Оң каарман, сол каармандарды тандап алышканычы. Кудум совет адабияты жыттанган оң каарман, сол каармандар жөнүндө жазышат! Биз балдардын дүйнө таанымын, табият таанымын өстүрөр чыгармаларды жарата албаган үчүн көчөт балдарыбыздын тили орусча чыгып атканын ойлонбой койдук эч!

***
Бала күнүмдөн жакшы көргөн “Кыргыз эл жомокторун” үч-төрт жыл мурун кунт коюп окуп көрүп, биздин элдин кулк-мүнөзүн түшүндүм. Көрсө, лотерея билет же банктарга, капкайдагы шылуундарга оңой алданган элибиз бала күнүнөн иллюзия менен өсөт экен. Себеби, “Кыргыз эл жомоктору” адамдын кулк-мүнөзүн жеңил-желпи калыптандырар мазмунга толтура! Көзүн ача койсо эле, күтүүсүз кереметтер толтура! Анан ошол жомоктор менен өскөн кыргыз урпагынын канчалаган мууну куру үмүт, куру кыялга ишеним чоңойбоду?!

***
Муну жапон эл жомокторун кыргызчалаган Амирбек Азам уулу да дадил баамдаптыр. Себеби, жапон эл жомокторун “РухЭш” сайтынан таап окуп көрсөңүз, ал элдин мээнеткеч, өжөр, жаратмандык касиети дал ошол элдик жомокторунда кендей уюп жатат.

***
Буюрса, эркиндикке чыкканымда короодогу кичинекей досторумду үйгө чогултуп, маама – Назгүлгө досторум каалаган тамакты заказ кылып коюп, жакшы бир отуруш кылбасам элеби?..
Биз бөбөктөрдүн тилиндеги чыгармаларды бүгүн жазышыбыз керек! Эртең кеч болуп калат! Эне тилибизде тили жатык, ою жетик муунду өстүрүшүбүз керек.

***
Акын-жазуучуларыбыз башканы кыйратпасак да, келечек муунга муктаждык жаратар чыгармалардын үстүнөн иштешибиз керек. Алардын колуна “Кыргыз эл жомокторун” кармата берүү да замандын талабы эмес. Элдин жомокторду кайра иштеп чыкпасак, дагы далай муунду куру кыялдын курмандыгына салып беребиз.

07.10.23
***
Тар, кысылган абак жайда да чексиз, учу-кыйыры көрүнбөс чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Мен келген күндөн эле кысылганым жок. Тескерисинче, ушул көчүк айланбас эки керебеттин ортосунда далай километрлерди басып жүрүп бир кыйла китептерди окудум, күбүрөнүп басып жүрүп далай ойлорду кайрап-бүлөп курчутуп, кагазга түшүрдүм. Сыртта жүргөндө ачылбаган, көзү бүтөлгөн чыгармачылык булагым ушул жактан оргуштап ташыды.

Үйүмдүн 1- кабатында 60 кв метр бар, бирок ошончо кенен жерде дене бойду чойгондон эрикчү элем, бул жакта эки айга жуук мезгил тынымсыз дене кыймылдарды жасай берип, кыйла чыйралды булчуңдарым. Төрт аттам жерде шпагатка кенен отуруп, колу-бутум узарып бараткандай. Башында физикалык кыймылдарды кыңкыстап жасасам, азыр физикалык көнүгүү жасаганымды жанымда жаткан шеригим да туйбайт.

***
Дүйнөдө кичинекей өлкөлөр, чакан улуттар толтура. Бирок алар өздөрүнүн кичинекей, кууш чек арасын шылтоолоп өнүкпөй калган эмес. Кичинекей, чакан өлкөсүндө өз мүмкүнчүлүгү чексиз экенин көрсөткөн элдерге окшоп, биз качан дүйнөгө өз мүмкүнчүлүгү менен таанылган эл болобуз?!
Качанкыга чейин “элибиздин саны аз болсо кантели?”, “территориябыз кенедей болсо кантели?” деп Орусияга баш ийип көнгөн адаттан качан бошонобуз?!

***
Элибиздин аң-сезими камактан качан бошойт?! Эркин ой жүгүртүп, эркин сүйлөөдөн эмне коркобуз?.. Өзүбүздүн тар түшүнүктөрдөн бошонуп, улуттук ар-намыска качан келебиз?! Улуттук иденттүүлүгүбүздү эмнеге менин уулум Алик өзүнүн гендерлик иденттүүлүгүн, гендерлик маркерин издеп тапкандай кудуретке ээ эмеспиз?! Өзүбүздүн улуттук иденттүүлүгүбүздү табууга эмнеге эркибиз, кайратыбыз жетпейт?!

***
Мен бир парадокско таңгалдым: тегерегимдеги камерадагылардын көбү беш маал намаз окугандар экен! Деги намаздын насааты эмнеде? Эгер намаз окуган киши жамандыктан алыс болуш керек болсо, анда эмнеге абак жайларда кылмышка шектүүлөр арбын?!.

Бул жактан угушума караганда түрмөдө да беш маал намаз окугандар толтура дешет. Ооба, ал жакта да намазга жыгылгандар арбын экенин мурда деле угуп жүрчүмүн, бирок ага маани берчү эмес элем, тек бүгүн жанымдагы шеригимден бирөө сурап атат:
- Ээ досум, жаныңдагы байке намаз окуп атабы?..
Булардын мени менен иши канча! Анчалык дин жолунда, Кудай жолунда жүргөндөрдү бул жакка кайсы шайтан айдап келди дейм да...
Кыскасы, биздин коомдо Кудайдан жөө качкандын көбү күнөөгө батып, кылмыш кылып коюп намазга жыгылгандарбы же кылгылыкты кылып коюп анан намазга жыгылып, Кудай алдында өз күнөөсүн жуугусу келгендерби?! Болбосо алар темир тор артында эмне отурушат?..

***
Рухий майып болуп калган коомдун ырайын көрүп, кимге, кайсы жамаатка коңгуроо кагышты да билбейсиң. Себеби, баары эле моралдык соолуктан ажырагандар!

***
Бала күнүмдө өзүнүн эмне кылганын билбеген зөөкүр бирөө жөнүндө “мунун дени-карды соо эмес” дегенди укчу элем, анын сыңарындай биздин коомдун да дени-карды соо эмес адамдан айырмасы жок...
Болбосо, айыл жеринде да, шаар жеринде да мечиттер толо. Коомубузда кылмыштуулук кандай ылдамдык менен өсүүдө. Ушул мен отурган УКМКанын эле төрт кабаты толтура кылмышка шектүүлөр.
Эң кокую, менин шеригим жана аны менен бул жакка чогуу камалгандардын көбү милийса кызматында иштеп жүргөндөр экени да ойлондурат. Өлкөнүн күч кызматындагылар коомдук тартиптин көзөмөлчүсү боло турган жерде эле го!

***

Кыргызстанда эң тынымсыз өндүрүш кайсы ушул тапта? Айыл чарбабы, мал чарба азыктарынын өндүрүшүбү?.. Менимче, сот өндүрүшүнүн алдына эч бир тармак алдыга чыга албаса керек! Шорлогон элибизди ошол сот өндүрүшү четинен камап отуруп, баарысы темир торго отуруп чыкпаса болду. 08.10.23

***
Бүгүн абак жайдын жетекчилигине кат жолдоп, дароо жакшы жооп алдым. Себеби, абакта жаткандын көбү убактыларын туура пайдалансын үчүн менин сунушум абак жетекчилигине да жакты. Анткени бул жактын китепканасы совет доорунан бери кайдан өзгөрсүн. Абак жайлары менен түрмөлөрдөгү китепканалар тургай, республика боюнча канчалаган китепканалар жаңылана элек?!

Өлкөбүз демократиялык багытта тез өнүгүүсү үчүн коом агартуу ишин колго алчу жердебиз. Мен эми УКМКнын китепканасын жаңылоого тилектештеримди да чакырар элем!

Буюрса, өз үйүмдөгү эң приоритеттүү адабияттардын көбүн эми бул жакка ташытмай болдум келинчегим аркылуу. Абак жетекчиси менин “Адам+” китебимди кунт коюп окуп чыкканына ыраазы болдум. Ал экөөбүз ЛГТБ темасында да агартуучулук канчалык зарыл экенин сүйлөштүм. Биз эки лагерге бөлүнгөн коомчулукту жалпы адамзат баалуулуктары менен агартып-көгөртмөйүнчө кубаттуу мамлекет кура албайбыз. Улуттун сапатын, аң-сезимин өзгөртпөй туруп, кайдагы демократия баалуулуктарын кеп кылабыз?..

***
Бизде азыр эң приоритеттүү адабияттар кайсылар? Биринчи кезекте “Эсимде” долбоору жарыкка чыгарган китептерди коомчулукка кенен жайылтып, деколонизация процесстерин жандантуубуз керек. Ансыз улуттук кайра жаралуу сезимине келбейт биздин эл. Өз тарыхыбызды окутуп, өзүбүздү таанымайынча – орускулдук, советкулдуктан бошонбойбуз. Колониалдык аң-сезимден чыкпаган замандаштар толтура. Аларга “Эсимде” долбоорунун китептерин жайылтууну колго албай келет мамлекеттик чоңдорубуз!

Жаңы тарыхчылардын бири Аида Кубатованын (“Кыргызстандын жадидчилик кыймылы”) Жадидчилер кыймылы жана алардын агартуучулук идеялары жөнүндө маалыматтары бүгүнкү коомубузга аба менен суудай зарыл. Ал эмгектерди окубаган кыргыз урпагында эзели улуттук иденттүүлүк түшүнүгү калыптанбайт.

***
Урматтуу коом агартуу багытында тынбай эмгектенип келаткан тилектештер! Баарыңыздардан сураныч, кыргыз коомчулугунда учурда кайсы адабияттарды окутуу зарыл деп эсептесеңиздер, “Азаттык” аркылуу менин келинчегим жана адвокатымдан китеп жөнөтсөңүздөр болот! Ар бириңиздерге жаркын келечек каалайм!

Биз билимдүү Кыргызстан элин алдыга сүрөөдө ар бириңиздер жогорудагы өтүнүчкө кайдыгер эмессиздер деген ишенимдемин!

09.10.23
***
ЖАДИДЧИЛЕР
1.
Куу тарых унуттурган жадитчилер,
кубаттуу бир-биринен алып жигер:
түрк тилдүү улуттардын таркап эли,
майышып турган кезде арка бели,
боордоштор чоң өлкөнү куруп жаңы,
Борбордук Азиянын улуттары
Баштары биригерде – ойрон кылып,
Орустар тоодон кырып, ойдон кырып,
Чөлкөмдүн ок ышкырып өрөөндөрү,
Кан ичкич Кремлдин төбөлдөрү,
Агартуу идеясын аркалаган,
Жадитчи кыймылдарын талкалаган!
2.
Ким эле жадитчилер? Кеменгерлер! –
Келечек максаттары кенен делген.
Уютуп түрк- мусулман улуттарын,
Дүңгүрөр континентти куруп жаңы
Борбордук Азиянын калың калкы –
Боордоштор кат таанымак, калың, жалпы!
А муну Кремль эч каалабаган.
Түрк элдер бирин-бири пааналаган
Коркунуч уйку бербей орустарга,
Жөнөтүп тыңчыларын конуштарга,
Жок кылып кагаздарын – гезит, журнал,
Жолдорун бөгөп, өрттөп, кесип турган!
Боордош калк, агартуучу жадитчилер,
Болбосо бермек бизге анык жигер...

09.10.23

***
Совет тарыхын тотугуштай жаттап келген калктын калың катмарында жадитчилер жөнүндө кеңири маалымат жок үчүн ушул күнгө чейин большевиктик – коммунисттердин канкор саясатын коргогондор толтура!
Элдин адабияттын өзөгүн түзгөн акындардын көбүн молдо деген түшүнүктөн ары аңдай элекпиз. Чындыгында алардын дээрлик көпчүлүгү жадитчилердин агартуучулук идеясына сугарылган элдин кат тааныган катмары болушкан. Тилекке каршы, большевиктердин бурмаланган тарыхында жадитчи агартуучулар тууралуу сөз кылынбагандыктан, ушул күнгө чейин аттуу-баштуулар арасында деле колониалдык орус бийлигинин адилетсиздигин актагандар четтен табылат!
Аныгында, жадитчилер кыймылы жалпы түрк-мусулман элдеринин интеграциялык саясатын бекемдөө багытында татар, башкыр агартуучуларынын көсөмдүгү астында Борбор Азияда чоң мамлекеттик дөөлөт курууга жетишкенде, мүмкүн бүгүп таптакыр башка, дүйнө атаандаштыгына жарамдуу улут болуп чыга келет элек. Тилекке каршы, Кремль төбөлдөрү биздей калктарды басмырлаган саясатын ак падышанын заманынан ушул күнгө чейин улантып келатканы баарыбызды тынчсыздандырар жерде эле, бирок деколонизация жараяны активдүү болбогон коомдо улуттук ар-намыс кайдан ойгонсун?! 09.10.23

***
Абактагылардын абалын өтө кейиштүү түшүнгөндөр көп. Өзүм да бул жакка келгенге чейин терс пикирде элем. Бүгүн оң жактарына токтолсом: көңүлүмдү зилдеткен тиш маселесинен санаам тынды. Соргок киши курусун, өткөндө бир үйдөн келген алмуруттардын ширесине кызыгып кетип, кызык иш болгон. Ошондо ооз учуна эки сап ыр келди эле мамындай:
Алмурутту карс тиштейм деп тамшанып,
Маңдай тишти кошо кетти каңтарып...
Ошол каңтарылган маңдайкы тиштер бала күндө мушташтан түшкөн.

Кийин түптөрү темирге бекилген кашка тиштер каңтарылып кетери оюма кайдан келсин. Анын үстүнө бул жакта абактын тартиби боюнча бычак колдонуу деген жок. Анан көбүн тиштин күчүнө салгандан башка аргаң барбы? далай кашка жиликтерди тиш менен гана мүлжүмөй. Айтор, ишембиде оңуп калабыз кыйла. Муздаткычтарыбыз толуп, кийинки ишембиге чейин созобуз тамак-ашыбызды.

Кыскасы, маңдайкы үч тиштин санаасын эки жума тарттым. Сотко барганда эл караган бетимди жер каратар жырык тиштерди кантеримди билбей, абак жайдын врачтарына кайрылсам, кудай жалгап, конвойдун коштоосунда өз врачыма барып тиштеримди оңдотуп келүүгө уруксат беришет экен. Аны угуп бир сүйүнгөнүмдү айт, анан эле бүгүн күтүүсүздөн мөөнөттө тургандар мени тиш догдурга деп калса болобу! Ордуман атып туруп, шашып калганымды көргөн күзөтчү: “Түшүп калган тиштериңизди унутпаңыз” деп, айтор, тиштерим ордун таап, ырсайып отурган кербезим...

***
Адеп бул жактын босогосун аттаганда эле адамгерчиликти көргөнүмдү күндөлүктө жазган элем. Ошондон бери эки айга жуук убакытта күзөтчүлөр, конвойлор же башкасы болобу, баары эле адамгерчиликтен кеткенин көрбөдүм. Сотко киргизип баратышканда да колуңа темир кишен салып аткан конвойлор мени аягансып турушат: “Байке, эми бизде тартип ушундай. Капа болбоңуз”, - дешет да темир кишенди кийгизишет...

***
Тазалык маселеси бекем бул жакта. Күн сайын короого сейилге чыгарыбызда тамак-аш калдыктарын ала чыгып, таштанды челектерге ыргытабыз. Нандын катыгандарын, көгөргөндөрүн өзүнчө бөлүп ыргытабыз. Шаардын көчөлөрүндөй болуп таштанды челектер толуп-ашып сасып жатпайт, күнүгө жүктөп кетишет.

***
Апакай шейшептерибизди алмаштыруу керек болгондо, баштыкка түйүп, босогого чыгарып коёбуз. Тек гана өз үйүңдөн алдырып келген айна (порошок) менен бирге салып коюшуң керек шейшептерди.

***
Атайы майда көрүнүштөргө токтолгон себебим: коомубузду, мамлекетибизди алдыга жылдырабыз десек, абак жайлар, түрмөлөр да унутта калбаш керек. Өлкөдө демократия, гумандуулук орномоюнча, совет доорунан калган таш боор мезгилди жок кыла албайбыз. Абак жайлар менен түрмө, колониялардагы жашоо шарттар мындан да жакшы деңгээлге көтөрүлгөнүн каалайм!

10.10.23
***
Арийне, мамлекетте адилеттик орнотуу да элден көз каранды. Эл бийликтен адилеттик талап кылганын токтотпошу керек. Муну бизде көбү түшүнө элек. Бийлик ээси эл деген түшүнүк толук калыптанмайынча, бийлик башындагылар тизгинди каалаган жакка буруп кетиши тез эле. Андыктан бүгүн абактын жертөлөсүндө жаткан жарандарыбыздын кейиштүү абалына коомчулук кайдыгер карабаса дээр элем.

Жертөлө деген жертөлө! Канчалардын ден соолугун, өмүрүн мойсойт ал жак!

ЖЕРТӨЛӨДӨ ЖАТКАНДАР
Э замандаш жарандар!
Жатат эрлер жертөлөдө камалган.
Алардын эч бири да
Бөтөн эмес улутка!
Душман эмес, унутпа!
Биздей эле балдары бар,
Сүйгөн жары, алганы бар
АДАМДАР!
Кырчындай курч арасында жигиттер,
Эркиндик деп күлүп-жанган,
Эл-жерим деп күйүп-жанган үмүттөр!
Бирок алар кабылган кез күйүткө:
Ным жыттанган жертөлөдө сыз өткөн
Жатат шорлоп, кайрым күтүп күзөттөн...

Жатат алар канкакшап.
А силерчи? Үйүңөрдө жамбаштап,
Баарысына кайдыгер,
Жатасыңар жок эч кандай кайгыңар!
Наадандыкты көрүп туруп,
Күлүп жашоо жалжактап –
Жарашабы силерге?!
Зулум бийлик дал ушинтип зарлатмак...
Ынтымак жок бир элде!

***
Биздин элде ынтымак дегенибиз өтө абстрактуу. Ынтымак керектигин баарыбыз эле айтабыз, бирок иш үстүнө келгенде элдик ынтымак дегенди али чала түшүнсөк керек.

Албетте, ковид учурунда жана Баткендеги чек ара чатагы ырбап баратканда элибиздин ынтымагы жапырт ойгонгону – чоң касиет! Мен ошондо өз элибиздин дароо ынтымакка келе калар касиетине таң бердим. Сыймыктандым.

Ошондой болсо да мамлекеттик, улуттук деңгээлде ынтымагыбыз мындан да бекем арта бергенин тилейм. Элдин жалпы ынтымагы ойгонсо, демократиялык дөөлөттү да ошончо тез орнотор элек. Маселен, мамлекеттин акыйкат, адилет саясат орнотуусун каалаган жарандык коомдун активдүү мүчөлөрү менен үркөрдөй оппозиция бүгүн жертөлөдө жатканына элибиз кайдыгер карабашы керек эле! Аларда бийликтин сөөк өчтү, келишкис өчү бардай мамилеси ар бирибизди тынчсыздандырууга тийиш!
Эртең алардын кыйраган тагдырын көрүп, эл ичинде бийликтен адилеттикти талап кылар жарандар чыгабы?! Эч ким бийликтен адилеттикти талап кылуу тобокелдигине баргыс болот! Коом ошентип жүрөкзаада болуп отуруп, сөз эркиндигинен да, өз эркиндигинен да кол жууп отуруп калат. Эркиндиги жок өлкөлөрдө тактан түшкүс диктаторлор ошентип өмүр бою бийликте калганын карт тарых далай далилдеген...

***
Абак жайдын анык азыгы кайсы экенин билип алдым, бирок анын атын билбейм. Жер жаңгакка окшоп кетет, бирок кабыгы катуу. Оозу ачылып калгандарын эле колуң менен ачып жебесең, манжаларда тамтык калбайт. Данеги өтө даамдуу. Мен анык кыныгын алдым анын. Башка тамактарга курсагың тойгондо туруп кетесиң. Ал эми абак жайда шаша турган жайың жок, данек чагып жегенден өтөрү жок экен. Биринчиден данек чагып атып, башка эч нерсе жөнүндө ойлонбойсуң. Жеке өзүм кагаз жазып отуруп, колум жооруганда, китеп окуйм. Бирок эртеден кечке эле окуу, жазуудан башка эрмек табылганы сонун эмеспи... чандайып тоюп да кетпейсиң, тырсылдаган үнүнө алаксып отурмай. Данектерди өмүрү абак жайдан кабары жок байкемдин баласы Төлөн алып келиптир. Адегенде муну кантип чагып жейм деп, бир кычыкка тыгып койгомун. Бир жумадан ашык жатты. Анан чай ичип отуруп, колумдагы темир кружкадан улам башыма идея келди. Мындай темир кружканы аскерде жүргөндө гана колдонгомун. Бул жакта да бар экен ал. Абакта кимден данек чакканга балка сурап жүрөм дедим да, чайымды шорулдатып тез ууртап, кружкам менен данек чаккандын кыныгын алдым...

***
“Тырс-тырс-тырс”. Бүттү. Данектин кабыгы борпоң экен. Мына анан үч күндөн бери маза кылып данек чакмай. Кечке эле күбүрөнүп – шыбыранып текст жазып отурмак белем, бир маал данек чагып жеген эрмек табылды. Баш эс алат, ойдон оолактап...

11.10.23








XS
SM
MD
LG