Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:01

“Кулактын баласы". Сүргүндө балалыгы калган Асанкан Жумакматов


Кыргыз Республикасынын Баатыры, атактуу дирижёр Асанкан Жумакматов (1923 – 2008).
Кыргыз Республикасынын Баатыры, атактуу дирижёр Асанкан Жумакматов (1923 – 2008).

1920-жылдардын соңунда совет бийлиги кулактарды тап катары жоюу урааны менен миңдеген кишилерди күчтөп журт котортуп, бөтөн жерге, шарты катаал аймактарга сүргүнгө айдаган.

Мунун артынан эле 1930-жылы Ысык-Көлдөн жана Чүйдөн ондогон үй-бүлөлөр “кулак”, “бай-манаптын тукуму” деп айыпталып, Украинага сүргүнгө айдалат. Алардын арасында болочоктогу атактуу дирижёр Асанкан Жумакматов, апасы Артык Чокоева жана бир тууган агасы Мураткан да болгон.

"Армандуу күндөр өмүр бою көз алдыма калды"

Амирбек Азам уулу.
Амирбек Азам уулу.

Журналист жана публицист Амирбек Азам уулу - Украина аймагына сүргүнгө айдалган кыргыздар тууралуу бир нече даректүү изилдөөлөрдүн автору. Изилдөөчүнүн айтымында, Асанкан Жумакматовдун атасы 1928-жылы биринчи толкундагылар менен бирге “кулак” деп сүргүнгө айдалган.

"1930-жылы Асанкан Жумакматов апасы, бир тууган агасы менен ЧСИР (члены семьи изменника родины) – орусчадан которгондо "мекен саткынынын үй-бүлө мүчөлөрү” деп, Украинага айдалган. Ошол кезде ал жети жаштагы тестиер бала болгон экен. Ушул жерге бир тактоо киргизе кетейин, Жумакматов “бизди Украинанын Запорож облусундагы Гуляйполе деген жерге түшүргөн” деп жазат. Бирок Херсон облусунда сүргүндө болгондордун көпчүлүгүнүн эскерүүлөрүнө караганда, аларды алгач Аскания-Нова деген жерге алып барышкан. Бул жер жалпы союздук маанидеги корук, курорттук аймак болгон. Аларды 1932-жылы Скадовск районундагы Чалбасы кыштагына көчүрүп, отурукташып калышат. Мунун алдында украин жергесиндеги ачарчылыкка (“Голодомор”) байланыштуу көтөрүлүш болуп, Чалбасыдагы жергиликтүүлөрдүн баарын жазага тартып, бир түндө көчүрүп жиберишкен экен. Ошолордун ээн калган үйлөрүнө кыргыздарды киргизип коюшат".

Изилдөөчү Чалбасыдагы кыргызстандык жашаган алты кварталда 1944-жылы каттоо боюнча 122 кожолук же үй-бүлө турганын, алардагы адамдардын 360тан ашууну кыргыздар болгонун тактаган.

Скадовский райондук олимпиадасына катышкан Чалбасыдагы кыргыз мектептин окуучулары. 1936-жыл.
Скадовский райондук олимпиадасына катышкан Чалбасыдагы кыргыз мектептин окуучулары. 1936-жыл.

"Балдар үйүндө Асанкан Жумакматов, Эсенгул Аксамаев сыяктуу үч-төрт кыргыз бала чогуу тарбияланган. Ал мезгилде Украинадагы мектептер Кыргызстанга караганда алда канча алдыда болгон. Ошондо аларда урма аспаптар оркестрлери болуптур. “Кулактын баласы” деп айдалгандардын бири Искакбай Исабеков деген аксакал менен мындан 11 жыл мурун 87 жашка чыгып калган курагында маек курган элем. Ал киши Чалбасыда музыка сабагы өзгөчө мыкты окутулганын эскергени бар.

Асанкан Жумакматов өзүнүн эскерүүсүндө музыкалык сабаты ошол жактан ачылганын жазат. Украин, европалык музыкалык кайрыктарга кулагы ачылганын айткан. Музыкалык шык-жөндөмүнүн ойгонушуна украин жергесиндеги мектептин таасири чоң болгон экен".

Тарыхчы, коомдук ишмер Алмаз Кулматовдун ырастоосунда, Асанкан Жумакматовдун чоң атасынын ысымы менен аталып калган Ысык-Атада Чал деген айыл бар.

"Чоң атасы билимдүү, сөзү өтүмдүү, ак сөөк манап болгон. Атүгүл эл оозунда төмөнкүдөй аңыз да айтылып жүрөт: ал киши жолдо келатып, жөө баскан кедей-кембагалды көрүп калса, учкаштыра келип, биринчи эле токтогон байдын үйүнөн жылкысын алып мингизчү экен. Анткени кыргыздын наркы боюнча колунда бар кишилер жакырларга жардам берүүгө тийиш болгон. Асан Жумакматовдун атасы Жумакмат Чалов мына ушундайларды көрүп чоңойгон. Асанкан Жумакматов бала кезинде Саякбайды эки жолу угуп жатпайбы. Укканынын себеби Ысык-Ата курорту Советтер Союзуна чейин эле пайда болгон. Ал жердин ден соолукка пайдалуу экенин билип, ак падышанын офицерлери да ысык сууга түшүп, эс алып, дарыланып турушкан. Ошол жерде атасынын бир орус полковниги менен тааныш болгону кийин "ак гвардиячыл менен байланышкан" деп айыптоого негиз болгон. Таанышса таанышкандыр, чогуу чай ичсе ичип койгондур. Бирок ошонун баары айыптоого шылтоо болгон. Мына ошол Ысык-Ата курортунда Осмонкул Бөлөбалаев, кадимки Калык Акиев, Муса, Атай сыяктуу залкарлар атасына конокко келгенде, алардын сүйлөгөнүн, ырдаганын, "Манас" айтканын, төккөнүн, санжыралары менен баяндарын угуп чоңойгон".

Подкастты бул жерден угуңуз:

Кыргыз эл акыны Эрнис Турсунов менен эл артисттери Дарика Жалгасынова жазган “Триумф жана трагедия” китебинде Асанкан Жумакматов ошол учурду минтип эскерет:

“1928-жылы “Арашан” курортуна эс алганы келген орус генералы менен тааныш болгону үчүн атамды саясий кылмышкер катары Сибирге үч жылга айдатып, мал-мүлкүн конфискациялап, мени, агам Муратканды, апамды Украинага көп кишилер менен жүк ташыган поезддин вагондоруна салып, айдаганын билем. Ошондо чаң-тополоң түшүп, поезд шарактап, түтүн булатып жөнөй баштаганда, эч кимди эч ким укпай, ызы-чуу түшүп, поезд кыйкырып кирди. Мен көп нерсени түшүнбөйм, мага мунун баары оюн сыяктуу сезилип, апамдын колтугунан чыкпай олтурдум. Бул трагедиялуу, аянычтуу, армандуу күндөр өмүр бою көз алдыма сүрөт болуп тартылып калды. Азыркы Кант, Ивановка, Кегети, Юрьевка, Кара-Булак, Арашан – бардыгы атам башкарган аймакка караган. Атамдан ошол бойдон кабар болбоду. Мен 70ке келгенде гана 1990-жылы атамдын акталып чыккан документтерин көрдүм”.

Эл артисти Дарика Жалгасынова маэстро Асанкан Жумакматов менен опера жана балет театрында, филармонияда, Кыргыз телерадио корпорациясынын академиялык симфониялык оркестринде 30 жылдан ашык бирге иштеген.

"Маэстронун өз оозунан укканым бар, Украинада интернатта окуп, 7-классты аяктаган. Анан агасы Мураткан стахановчу болуп иштеп, совет бийлиги буларга эркиндик берген экен. Ошентип Кыргызстанга кайтып келишип, педагогикалык техникалык окуу жайында окуйт. Өзү мыкты окугандыктан, аны дароо эле 2-курска кабыл алышыптыр. Бир эле мезгилде кыргыз музыкалык-драмалык театрдын оркестринде иштеп жүрүптүр".

Украинада сүргүндө жүргөн кыргыз балдар.
Украинада сүргүндө жүргөн кыргыз балдар.

Амирбек Азам уулунун жазганына караганда, Украинанын азыркы Херсон облусунун Скадовский районундагы Чалбасы кыштагында сүргүндө жүргөн кыргыздарга Экинчи дүйнөлүк согуштун алдында ата журтуна кайтканга мүмкүнчүлүк берилген. Асанкан Жумакматов ошондо кайтып келет. Бул 1938-жылга туура келет.

"Бул киши кийин апасы менен Фрунзеге кайтып келип, педтехникумда Жоомарт Бөкөнбаев, Кубанычбек Маликов, Сакин Бегматова, Күлүйпа Кондучаловалар менен чогуу окуган. Күлүйпа Кондучалова көп жыл маданият тармагын башкарды. Сакин Бегматова Кыргыз ССРинин тышкы иштер министри, Министрлер Советинин төрагасынын орун басары болуп жүрдү. Ал эми Жоомарт Бөкөмбаев белгилүү акын болгондугун баарыбыз билебиз. Бул кишилерди талантуу эле эмес, таалайлуу десек да болот. Себеби аталган инсандар кыргыз элинин маданий, социалдык-экономикалык өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошуп, чоң иштердин башатында турушту. Эми репрессиянын курмандыгы болгон кишилердин илим-билим алып, атак-даңкка жеткен балдарын атап өтөйүн. Бакас Чормонов - кыргыздын тунгуч географы, профессор, география илимдеринин доктору, Эсенгул Апсамаев - Кыргызстандын комсомол уюмун башкарган киши. Кыдырбек Акылбеков - медицинадагы туңгуч докторлордун бири. Ушулардын баары тең жатак мектепте окушкан, баары кулактын балдары. Алардын арасында Кемел Жангарачев да болду. Ал Сатаркул Жангарачевдин уулу. Сатаркул Жангарачев - Дыйканбайдын баласы. Дыйканбай - Жангарач бийдин уулу. Сатаркул Жангарачев Украинага айдалгандан кийин да ошол жактан репрессия дуушар болуп атылып кетет. Себеби “Алаш Ордо” жана Абдыкерим Сыдыковдор менен байланышы бар, 1917-жылы Беловодскидеги көтөрүлүштүн башында турган деп айып тагылган. Кемел Жангарчев орусча билген, атасы да абдан билимдүү болгон. Кемел Жангарачев болсо кийин Кыргыз ССРинин профсоюзунда жетекчи кызматтарда иштеген. Анын кызы Мира Камиловна (Камиловна болуп катталып калыптыр) вице-премьерге чейин жетип, чоң кызматтарда иштеп жүрдү. Репрессиялангандардын урпактары түркүн тагдырларга туш болушту. Шайымбүбү Чокоева (күйөөсүнүн фамилиясына жазылган) - Асанкан Жумакматовдун бир тууган эжеси, Нурмамбет Чокоевге турмушка чыккан. Ал эми Рейна Чокоева - Болот Миңжылкыевдин жубайы, Асанкан Жумакматов дирижёрлук кылганда жанагы арияларды ойногон белгилүү артистка. Ал жээни да, эжесинин кызы", - деп айтып берди Алмаз Кулматов.

"...маэстронун колун кесмек болушкан"

Эл артисти Дарика Жалгасынова эскергендей, 1941-жылы ноябрда А. Жумакматов өз каалоосу менен согушка кеткен:

“Бизди “эл душманы” деп бөтөн жерге айдашкан, атамды соттошкон. Бул сөз абдан жаман экен, мен душман эмесмин деп, 1941-жылы согушка өз ыктыяры менен кетип, бир колунан ажырап кала жаздаганын эскерип калаар эле. Сталинград шаарындагы кармашта оор жарадар болот. Ошондо колун кесмек болушканда, дирижёр болот элем деп, доктурларга жалдыраган экен".

Жумакматов өжөрлүгү менен колун кестирбей калып, кийин чоң эмгектин, атайын көнүгүүлөрдүн натыйжасында гана колун иштеткенге жетишкен дейт Амирбек Азам уулу:

"Колун кесмек болгондо, “менин дирижёр болуу максатым бар” деп жалдырап суранат, доктурлар консилиум түзүшөт. Анан операция жасашкан. Кийин колу көтөрүлбөй калып, чоң эмгектин, атайын көнүгүүлөрдү талыкпай жасап жүрүп 1947-1948-жылдары колун кадимкидей көтөргөнгө жетишет. Бул кишинин өжөрлүгүнө там бересиң".

"Башыман көп нерсе өткөрдүм, максатыма жеттим..."

Асанкан Жумакматов.
Асанкан Жумакматов.

Жумакматов согуштан кайтып келгенден кийин оркестрде ойноп жүрүп, 1947-жылы Москвадагы Чайковский атындагы консерваториянын алдындагы улуттук студиянын үч жылдык дирижёрлук бөлүмүндө окуйт.

"Консерваторияда окуп жүрүп эле “Моссовет” деген театрда иштеп, 60 кишиден турган оркестрге дирижёрлук кылган. Ошол жерден Борис Хайкин деген атактуу дирижёрдун колунан окуган. Ал киши: “Асанкан өзүнүн квалификациясы боюнча Москванын, кандай гана театрдын болбосун башкы дирижёру болуп иштегенге мүмкүнчүлүгү чоң. Бирок ал өзүнүн өлкөсүн ушунчалык сүйөт, искусствосун бийиктикке көтөрүшү керек”, - деп айткан экен. Башынан чоң кыйынчылыктарды өткөрүп, ошону жеңе билген кишилер гана ийгиликке жете алат. Бул киши кенедей кезинен кыйынчылыкты көп көргөн. Өзү минтип айтып калчу: “Мен башыман көп нерсе өткөрдүм. Бирок мен өзүм каалаган максатыма жеттим. Эл, жеримди коргош үчүн кашык каным калганча салгылашып, сүйүүмдү мекениме арнадым”. Маэстро абдан ак ниет адам эле. Ушак сүйлөгөн, калп айткан, жасалма ырдаган кишини абдан жаман көрчү. Убактысын туура колдонуп, дайыма жөө басчу. Маэстро уюштуруп кеткен симфониялык оркестрде 90го жакын киши бар, азыр ага өзүнүн ысымы берилген", - деп айтып берди Дарика Жалгасынова.

Окууну бүтүп келгенден кийин бир нече опера, балеттерде дирижёрлук кылат. Кыргыз опера жана балет театрында башкы дирижёр болуп эмгектенет.

"Асанкан Жумакматовдун башкы өзгөчөлүгү – кыргыздын элдик музыкасына, күүлөрүнө, обондоруна абдан көңүл бурганы. Ошолорду оркестрге салып, кесипкөй ырчыларды ырдатып алып чыкты. Ал кезде оркестр Кыргыз радиосунун алдында болчу. “Алтын казынаны” толтурган кишилердин бири ушул Жумакматов. Залкар күүлөрдү оркестрге салды. Бүгүнкү күнгө чейин эл аспаптар оркестри дагы, симфониялык оркестр дагы ошол кишинин эмгектерин колдонуп келе жатат", - деди Кыргыз Республикасынын композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев.

Азыр деле Жумакматов симфониялаштырган Атай Огомбаевдин "Маш ботой", Карамолдо Орозовдун "Ибарат" жана башка күүлөрү мамлекеттик деңгээлдеги майрамдарда, расмий иш-чараларда оркестр жамааттары тарабынан аткарылып жүрөт.

“Эл душмандарынын” балдары туш болгон катаал тагдыр

1970-жылдары советтик акын-жазуучу Феликс Чуев (1941—1999) Молотов (СССРдин Эл Комиссарлар Кеңешинин 1930-1941-жылдардагы төрагасы, 1939-жылдан бир эле учурда тышкы иштер эл комиссары болгон) менен аңгемелешүүлөрүнүн биринде андан "эмне үчүн репрессия болгондордун аялдары менен балдары сүргүнгө айдалганын" сураганда, Молотов "булар ар кимге даттанып, сөз чыгарбаш үчүн обочолонгон" деп айтканын эскерет.

Климент Ворошилов, Вячеслав Молотов, Иосиф Сталин жана сол четте Николай Ежов. 22-апрель, 1937-жыл.
Климент Ворошилов, Вячеслав Молотов, Иосиф Сталин жана сол четте Николай Ежов. 22-апрель, 1937-жыл.

Орусиянын өзүндө 1920-30-жылдарда репрессияланып, кийин акталгандардын балдары, 20дан ашык киши бийликтен 1991-жылдагы “Саясий репрессия курмандыктары” боюнча мыйзамды жана 2019-жылдагы соттун чечимин аткарууну талып кылышкан. Өкмөттөн ата-энелери репрессия, куугун-сүргүнгө чейин жашап келген Москва жана башка ири шаарлардан турак-жай берүүнү талап кылышкан. 2021-жылы Жогорку Сот алардын арызын кароодон баш тарткан. Бул постсоветтик мейкиндиктеги сталиндик репрессиянын курмандыгы болгондордун урпактары жамааттык арызданган алгачкы учур болуп калды.

Сүргүнгө айдалган жеринен кайта албай, ошол жерде жашоо турмушун улап кала бергендери да болуптур.

Кыргызстандын парламентинде ушу тапта совет мезгилиндеги жашыруун архивдерди ачуу боюнча мыйзам кабыл алуу аракеттери болуп жатат. Мунун өзү кулакка тартылгандардын, репрессиялангандар боюнча дагы көптөгөн иликтөөлөр алдыда экенин көрсөтөт.

Тарыхчы Алмаз Кулматов убагында аты-жөнүн жашырып, ага-туугандарынын, таяке журтундагы, ата журтундагы башка бирөөлөрдүн, карапайым адамдардын же багып алган кишилердин аты-жөнүн алып, ошону менен аман-эсен калышкандар көп болгон дейт.

"Таш Кудайбергенов эки жолу репрессияланган. Бул киши 1926-жылы Жусуп Абдырахмановдун өкмөтүндө юстициянын эл комиссары болуп дайындалган. Кыргыздардан биринчи прокурор болгон. 1922-жылы Тоолуу Кыргыз Республикасын түзүү кыймылына катышкан. Кызматка Абдырахманов дайындаган, ошолордун куйругу деп репрессияланган. 1938-жылы кайра экинчи жолу репрессияланып, 15 жылдан ашуун сүргүнгө айдалган. 1953-жылы гана акталган. Сталин каза болуп, "Хрущёвдун жылымык жазы" келгенде акталган. Фрунзе шаарына жашаганга уруксат берилбей, Токмокто гана туруу укугу менен акталган. Таш Кудайбергеновдун кызы Кулжаке - Турдакун Усубалиевдин жубайы. Кулжаке Ниязалиевна Барбыкбаева деген фамилия менен окууга өтүп, ошону менен жүргөн. Көрдүңүзбү, аты-жөнүн жашырып, ага-туугандарынын, таяке журтундагы, ата журтундагы башка бирөөлөрдүн, карапайым адамдардын же багып алган кишилердин аты-жөнүн алып, ошону менен аман-эсен калышкан. Анвар Куттубаеванын атасы Келдике Акмат өзү репрессияланган. Кулакка тартылып, Херсон облусунда бир айылда чоңоюшкан. Асанкан Жумакматов менен чогуу келген Анвар Куттубаеванын агасы Абдыгул Жумгалга, Соң-Көл тарапка жылкы багам деп кетип калган экен. Анвар Куттубаева борборго кайтып келип, Асанкан Жумакматов менен үзөңгүлөш болуп, кыргыз маданиятын көтөрүүгө салым кошкон".

Репрессияланып, кулакка тартылганын балдарынын ичинен өз эмгеги, тырышчаактыгы, кайраты менен суурулуп чыккандар көп эле болуптур. Бирок белгисиз кеткен, куугунтуктун азабын өмүр соңуна чейин тарткандары бар.

Айрым маалыматтарда жалпы Советтер Союзу боюнча 1937-38-жылдар аралыгында 25 миң 300 баланы совет бийлиги балдар үйүнө алганы айтылып жүрөт. Алардын ичинен кийин 2900 ашыгын гана ата-энесине же жакындарына кайтарып берген экен. Албетте, бул маалыматтар дагы такталууга тийиш.

XS
SM
MD
LG