Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

Словакиянын өкмөт башчысы Украинага жардамдын көбөйтүлүшүн колдобостугун билдирди


Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо.
Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо.

Словакиянын жакында эле дайындалган премьер-министри Роберт Фицо Украинага мындан ары аскердик жардамдын көбөйтүлүшүн жана Орусияга дагы санкция киргизүүнү колдобойт. Бул тууралуу ал Евробиримдиктин лидерлеринин саммитине жөнөр алдында парламент комитетинде айтканын словак маалымат каражаттары жазышты.

Фицо шайлоо өнөктүгү маалында Украинага аскердик жардамды токтотуу зарылдыгын, Орусияга киргизилген санкцияларга каршы экенин айтып келген. Азырынча Фицо бул сунуштарын ишке ашырууга канчалык аракет көрөрү белгисиз.

Ушуну менен Фицо үчүнчү жолу беш миллиондой калкы бар Словакиянын өкмөт башына келди. Ал буга чейин 2006-2010 жана 2012-2018-жылдары өкмөттү жетектеген.

Роберт Фицо 2018-жылы иликтөөчү журналист Ян Куцияк менен анын колуктусу Мартина Куснированын киши колдуу болушуна байланыштуу өлкөдө тутанган нааразылыктан улам кызматтан кеткен эле.

XS
SM
MD
LG