Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:23

Ош: Экинчи кабаттан кулап кеткен жумушчунун абалы канааттандырарлык


ӨКМ тараткан сүрөт.
ӨКМ тараткан сүрөт.

26-октябрда Ош шаарынын Масалиев проспектисинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдө бир жумушчу экинчи кабаттан кулап түшкөнү белгилүү болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги куткаруучулар 29 жаштагы адамды алып чыгып, “Тез жардам” кызматына өткөрүп бергенин билдирди. Абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Куткаруучулардын бири "Азаттыкка" билдиргендей, жумушчу лифт коюлуучу жайдан кулап, жер төлөгө түшүп кеткен.

4-октябрда Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн лифти түшүп кетип, бир киши каза болгон. Милиция каза болгон жаран ал үйдө лифт оңдоочу иштеп жүргөнүн билдирген. (DSh)

XS
SM
MD
LG