Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Жалал-Абад: Ишкер Борошовго экинчи кылмыш иши козголуп, кайра камалды


Бакыт Борошов.
Бакыт Борошов.

Жалал-Абадда апрелден бери абакта жаткан ишкер Бакыт Борошов 25-октябрда үй камагына чыккан. Анын бөгөт чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралган. Ошол эле күнү ишкерге башка кылмыш иши козголуп, шектүү катары кармалганын анын адвокаты Муктар Набиев “Азаттыкка” ырастады.

“Ата-энесинин ооруганын, алты баланын атасы жана үй-бүлөнүн жалгыз камкорчусу экенин эске алып, сот Борошовду үй камагына чыгарды. Бирок Кылмыш-жаза кодексинин 214-беренесинин ("Өзүм билемдик") 2-бөлүгү боюнча башка кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү кайра кармап кетишти. Азырынча бөгөт чарасы карала элек”, - деди адвокат.

18-апрелде Улуттук коопсуздук комитети Борошовго карата Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренеси ("Алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү") менен кылмыш ишин козгогон. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун аймактагы бөлүмү, "Элдик" ишканасынын жетекчилиги Борошов мамлекеттик мүлктү бир жыл бекер иштетип, акча төлөбөгөнүн жүйө келтирген.

Ага чейин бул ишкананын темир-бетон заводун иштетүүдө 16 млн сомдон ашык чыгымды мамлекетке өндүрүү боюнча Жалал-Абад райондор аралык сотунун чечими чыккан. Мындан кийин ишкерге Жоруктар кодексинин 167-беренеси ("Сот өкүмүн, сот чечимин же башка сот актысын аткарбоо") менен иш козголгон. Бул иш боюнча тергөө жүрүп, Жалал-Абад облустук соту аны актаган.

Адвокат Набиев башында жорук катары катталган иш кийин белгисиз жагдайда кылмыш ишине айланып калганын билдирген.

Борошов 18-апрелде кармалган учурда берген комментарийинде кармалышын “өз позициясын ачык айтканы” менен байланыштырган.

Ал кармалардан мурун бийликти сындаган. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге социалдык тармактар аркылуу видеокайрылуу жолдоп, ишкерлерге кысым болуп жатканын айткан жана "башаламандыкты токтотууга" чакырган.

Атайын кызмат, сот Борошовдун кармалышы, ага козголгон иштер тууралуу маалымат бере элек.

XS
SM
MD
LG